Забур 147:1—20
147 Жахты даңктагыла!+Анткени Кудайыбызды даңктап ырдоо жакшы, жагымдуу+,Ал мактоого татыктуу+.
2 Жахаба Иерусалимди кайра курат+,Ысрайылдын чачырап кеткен элин чогултат+.
3 Ал жүрөгү жаралангандарды+ айыктырат+,Алардын жараатын таңат+.
4 Жылдыздарды санап+,Алардын баарын атынан атайт+.
5 Теңирибиз улуу, кудурети күчтүү+,Акылмандыгы* чексиз+.
6 Жахаба мүнөзү жумшактарды колдойт+,Ал эми ыймансыздарды жерге жеткире басынтат+.
7 Жахабага ыраазычылык менен жооп бергиле+,Кудайыбызга арфанын коштоосунда ырдагыла+.
8 Ал асманга булут каптатат+,Жерге жамгыр камдайт+,Тоолорго көк чөп өстүрөт+.
9 Жаныбарларга,Кузгундун куркулдаган балапандарына+ азыгын берет+.
10 Ал аттын күчүнө сүйүнбөйт+,Адамдын бутунун күлүктүгүнө кубанбайт+.
11 Жахаба Өзүнөн корккондорду+,Анын мээримдүүлүгүн күткөндөрдү көрүп кубанат+.
12 Оо, Иерусалим, Жахабаны макта+,Оо, Сион, Кудайды даңкта+.
13 Анткени ал дарбазаңдын бекиткичтерин бекемдейт,Жаныңдагы уулдарыңа батасын берет+.
14 Ал сенин жериңе тынчтык берет+,Буудайдын мыктысына тойгузат+.
15 Жер жүзүнө буйругун жиберет+,Анын сөзү тез тарайт.
16 Жерге жүнгө окшогон кар жаадырат+,Кыроону күлдөй чачат+.
17 Бүртүк-бүртүк муз ыргытат+.Анын ызгаарына ким чыдайт?+
18 Ал сөзүн жиберип+, баарын эритет,Шамалын үйлөтөт+,Суу агызат.
19 Жакыпка сөзүн+,Ысрайылга көрсөтмөлөрүн+, өкүмдөрүн айтат+.
20 Ал башка эч бир элге андай кылган эмес+,Алар анын өкүмдөрүн билишпейт+.Жахты даңктагыла!+
Шилтемелер
^ Же: «Түшүнүгү».