Забур 17:1—15

Дөөтүнүн тиленүүсү. 17  Оо, Жахаба, адил доомду ук, муң-зарыма көңүл бур+,Тилимде жалгандык жок, тиленүүмө кулак сал+.  Мага акыйкат өкүм чыгарылсын+,Көзүң түз жүргөнүмдү көрсүн+.  Сен жүрөгүмдү изилдегенсиң, түн ичинде текшергенсиң+,Мени тазалагансың. Менден арам ой таппайсың+.Тилим менен күнөөгө батпайм+.  Ал эми адамдардын иштеринен,Талап-тоноочунун жолдорунан сенин оозуңан чыккан сөздөр боюнча оолак болгом+.  Сенин жолдоруңда кадамдарым бекем болсун+,Ал жолдордо бутум мүдүрүлбөйт+.  Оо, Кудай, сага кайрылам, анткени сен жооп бересиң+.Мага кулак сал, айткандарымды ук+.  Оң колуңа каршы чыккандардан качып, өзүңөн баш маана издегендерди куткаруучу Кудай+,Кереметтүү иштериң аркылуу мээримдүүлүгүңдү көрсөт+.  Мени көздүн карегиндей сакта+,Канатыңдын көлөкөсүнө жашыр+.  Анткени мени ыймансыздар кыйнап,Жаныма каршы чыккандар курчап жатышат+. 10  Алардын жүрөгүн чор баскан*+,Алар бой көтөрүп сүйлөшөт+. 11  Кайда барбайлы, бизди курчап алышат+,Жер менен жексен кылуу үчүн аңдып турушат+. 12  Алардын ар бири жемин жара тартып жиберүүгө даяр турган арстандай+,Жашыруун жайда күтүп жаткан жаш арстандай. 13  Оо, Жахаба, ордуңан тур. Аларга каршы чык+.Аларды кыйрат, жанымды ыймансыздан кылычың менен куткар+. 14  Оо, Жахаба, мени адамдардан+,Үлүшүн ушул жашоодон алган+ азыркы дүйнөнүн кишилеринен+ өз колуң менен куткар.Алар курсагын сенин казынаңдан тойгузуп+,Уулдарынын көп болгонуна курсант+.Алар топтогонун балдарына калтырат+. 15  Ал эми мен адилдигим менен жүзүңдү көрөм+,Ойгонгонумда элесиңди көрүп ыраазы болом+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «аларды май баскан».