Забур 3:1—8
Дөөтүнүн ыры. Уулу Абышаломдон качып жүргөн убакта+.
3 Оо, Жахаба, душмандарым эмнеге мынчалык көбөйдү?+Эмне үчүн мага көптөр каршы чыгып жатат?+
2 Алар менин жаным тууралуу:«Кудай аны куткарбайт»,— дешет+.(Села*)
3 Бирок сен, Жахаба, менин калканымсың+,Менин даңкымсың+. Сен башымды көтөртөсүң+.
4 Үнүмдү бийик чыгарып, Жахабаны чакырам,Ошондо ал мага ыйык тоосунан жооп берет+. (Села)
5 Мен болсо жатам, уктайм,Кайра ойгоном, анткени мени Жахаба колдойт+.
6 Он миңдегендер туш тарабыман курчап,Мага каршы чыгышса да, алардан коркпойм+.
7 Оо, Жахаба, ордуңан тур!+ Оо, Кудайым+, мени куткара көр!+Бүт душмандарымдын жаагын сындыр+,Ыймансыздардын тишин талкала+.
8 Куткаруу Жахабадан келет+.Элиңе батаң тиет+. (Села)
Шилтемелер
^ Еврей тилиндеги музыкалык термин. Так мааниси белгисиз.