Забур 62:1—12

Башчыга. Жедутун. Дөөтүнүн ыры. 62  Менин жаным унчукпай, Кудайды күтөт+.Ал мени куткарат+.  Ал — менин аскам, куткаруучум, коопсуз чебим+.Мен олку-солку болбойм, кулабайм+.  Адамды өлтүрүүнү көздөп, качанга чейин кол сала бересиңер?+Баарыңар кыйшайып калган дубалдайсыңар, урайын деп калган таш дубалдайсыңар+.  Алар адамдын кадыр-баркын түшүрүү үчүн кеңеш беришет+,Жалгандыкты жакшы көрүшөт+.Ооздору менен бата беришет, бирок ичинен каргашат+. (Села)  Оо, жаным, унчукпай, Кудайды күт+,Анткени мен андан үмүт кылам+.  Ал — менин аскам, куткаруучум, коопсуз чебим+.Мен олку-солку болбойм+.  Менин куткарылуум да, даңкым да Кудайдан+.Кудай — бекем аскам, баш маанам+.  Оо, адамдар, ага ар убак таянгыла+.Анын алдында жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө+.Кудай — бизге баш маана+. (Села)  Адам баласы — дем+,Адам уулдары — жалгандык+.Таразага тартканда, баары биригип демден да жеңил болуп чыгат+. 10  Алдамчылыкка таянбагыла,+Талап-тоноочулукка курулай ишенбегиле+.Мүлкүңөр көбөйө турган болсо, ага жүрөгүңөр байланбасын+. 11  Кудай бир жолу айтты, мен эки жолу уктум+:Күч Кудайга таандык+. 12  Оо, Жахаба, мээримдүүлүк да сага таандык+.Сен баарына иштерине жараша тиешесин бересиң+.

Шилтемелер