Забур 64:1—10
Башчыга. Дөөтүнүн ыры.
64 Оо, Кудай, тынчсызданып жатканымда, үнүмдү ук+,Өмүрүмдү душмандын коркунучтуу чабуулунан сакта+.
2 Мени кара санатайлардын жашыруун кеңешинен+,Кыянаттык кылгандардын козголоңунан корго+.
3 Алар тилин кылычтай курчутуп+,Заар сөздөрүн жебедей камдап турушат+.
4 Айыпсызды жашыруун жайлардан атышат+,Байкатпай туруп атышат, коркушпайт+.
5 Ооздорунан жаман сөз түшпөйт+,Алар жашыруун тузак тартууну кеп кылышат+,«Ким көрмөк эле?» — дешет+.
6 Алар ыпыластык ойлошот+,Кылдат ойлонуп тапкан амалын жашырышат+,Ар биринин ички дүйнөсү, жүрөгү — терең сыр+.
7 Бирок Кудай аларды күтүлбөгөн жерден жебе менен атат+,Жарадар кылат+.
8 Алар башкаларды мүдүрүлтүшөт+,Бирок өзүлөрү тилинин азабын тартышат+,Аларды карап тургандардын баары баштарын чайкашат+.
9 Ошондо бардык адамдар коркуп+,Кудайдын иштери тууралуу айтышат+,Алар анын иштерин түшүнүшөт+.
10 Адил адам Жахабанын иштерине кубанат, аны баш маана кылат+,Жүрөгү тазалардын баары мактанышат+.