Забур 67:1—7

Башчыга. Кыл аспаптар үчүн. Забур, ыр. 67  Кудай бизге ырайым кылып, батасын берет+,Бизге жүзүнүн жарыгын тийгизет+. (Села)  Жер жүзү сенин жолуңду билсин+,Куткарууңду бардык элдер көрсүн+.  Оо, Кудай, элдер сени даңазаласын+,Бардык элдер даңазаласын+.  Улуттар кубанычка, шаттыкка бөлөнсүн+,Анткени сен элдерге акыйкат өкүм чыгарасың+,Жер жүзүндөгү улуттарды жетектейсиң. (Села)  Оо, Кудай, элдер сени даңазаласын+,Бардык элдер даңазаласын+.  Жер өз жемишин берет+,Кудай, биздин Кудай, батасын берет+.  Кудай бизге батасын берет+,Андан жердин учу-кыйыры коркот+.

Шилтемелер