Забур 81:1—16
Башчыга. Гиттит+. Асаптын забуру.
81 Күчүбүз болгон Кудайдын алдында шаттангыла+,Жакыптын Кудайынын алдында салтанаттуу үн салгыла+.
2 Ырдагыла+, дап каккыла+,Колуңарга мукам үндүү арфа, кыл аспап алгыла+.
3 Ай жаңырганда, ай толгондо,Майрам күнүбүздө+ мүйүз сурнай тарткыла+.
4 Анткени бул — Ысрайыл үчүн көрсөтмө+,Жакыптын Кудайынын буйругу.
5 Кудай Мисир жерин аралап баратканда+Ошол буйругун Жусупка насаат катары берген+.Биз өзүбүз билбеген тилди угуп жүргөнбүз+.
6 «Мен анын ийниндеги жүктү алып салдым+,Колдору себеттен бошоду+.
7 Кыйналганыңда мени чакырдың эле — куткардым+,Сага күндүн күркүрөгү жашырылган жайдан жооп бердим+,Сени Мериба сууларынын жанынан сынадым+. (Села)
8 Оо, элим, кулак сал, мен сага каршы күбөгө өтөм+;Оо, Ысрайыл, мени уксаң кана!+
9 Ошондо араңда башка кудай болбойт+,Бөлөк элдин кудайына таазим кылбайсың+.
10 Мен, Жахаба, сенин Кудайыңмын+,Сени Мисир жеринен алып чыккан менмин+.Оозуңду чоң ач, тойгузайын+.
11 Бирок менин элим үнүмдү укпай койду+,Ысрайыл мага моюн сунууга көңүлдөнбөй койду+.
12 Мен алардын өз жүрөктөрүнүн өжөрлүгү боюнча жашашына жол бердим+,Алар өздөрү каалаган жолдо жүрүштү+.
13 Оо, элим мени укса кана!+Ысрайыл менин жолдорумда жүрсө кана!+
14 Ошондо мен аларга душмандарын оңой эле моюн сундурмакмын+,Колумду алардын жоосуна каршы сунмакмын+.
15 Жахабаны жек көргөндөр анын алдына калтырап-титиреп келишет+,Алардын күндөрү түбөлүккө созулат.
16 Мен элимди буудайдын мыктысы менен азыктандырам+,Аскадан аккан балга тойгузам»+.