Забур 93:1—5
93 Жахаба падыша болду!+Ал улуулукту кийим кылып кийди+,Жахаба кийинип, күч-кубат менен курчанды+.Жер козголбогудай бек орнотулду+.
2 Сенин тактың байыртан эле бекем орнотулган+,Сен эзелтен эле барсың+.
3 Оо, Жахаба, дарыялар албууттанды,Дарыялар добушун көтөрдү+,Дарыялардын күрүлдөгөнү күчөдү+.
4 Жогоруда Жахаба улуу+,Чоң суулардын добушунан, деңиздин долуланган толкундарынан улуу+.
5 Сенин насааттарың абдан ишеничтүү+.Оо, Жахаба, ыйыктык сенин үйүңө+ түбөлүк таандык+.