Закарыя 1:1—21

1  Дарийдин башкаруусунун экинчи жылынын+ сегизинчи айында Жахаба Идонун+ уулу Берекиянын уулу Закарыя+ пайгамбарга мындай деди:  «Жахаба силердин аталарыңарга абдан катуу каарданган болчу+.  Сен аларга мындай де: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мага кайрылып келгиле+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— ошондо мен да силерге кайрылып келем”+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба“.  „Аталарыңардай болбогула+. Мурунку пайгамбарлар аларга+: ““Жаман жолуңардан, жаман иштериңерден кайткыла, мага кайрылып келгиле”+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба”,— дешкен“. „Бирок алар угушкан эмес, мага көңүл бурушкан да эмес“+,— дейт Жахаба.  „Ошол аталарыңардын да, пайгамбарлардын да көзү өтүп кетти+.  Бирок менин кызматчыларыма, пайгамбарларыма, айткан сөздөрүмдүн+, берген көрсөтмөлөрүмдүн аткарылганын аталарыңар өз көзү менен көргөн эмес беле?“+ Алар мага кайрылып: „Жүргөн жолубуз, кылган иштерибиз үчүн асман аскерлеринин Кудайы Жахаба бизге эмне кылгысы келсе+, ошону кылды“+,— дешкен».  Дарийдин башкаруусунун экинчи жылында+, он биринчи айдын, шебат айынын, жыйырма төртүнчү күнү мага, Идонун+ уулу Берекиянын уулу Закарыя+ пайгамбарга, Жахаба мындай аян берди:  «Мен түндө кызыл ат минген+ бир кишини+ көрдүм. Ал ойдуңдагы мирт дарактарынын+ арасында кыймылдабай туруптур. Анын арт жагында кызыл, ачык кызыл жана ак боз аттар туруптур»+.  Мен: «Бул атчандар кимдер, мырзам?» — деп сурадым+. Ошондо мени менен сүйлөшүп жаткан периште мага+: «Сага булардын ким экенин көрсөтөм»,— деди. 10  Анан мирт дарактарынын арасында кыймылдабай турган киши: «Булар — Жахаба жер бетин кыдырып чыгууга жибергендер»,— деди+. 11  Алар Жахабанын мирт дарактарынын арасында турган периштесине: «Биз жер жүзүн кыдырып чыктык+, бүт жерде бейпилдик, тынчтык өкүм сүрүп жатат»,— дешти+. 12  Ошондо Жахабанын периштеси: «Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Иерусалимге, Жүйүттүн башка шаарларына качан ырайым кыласың?+ Аларды айыпталгандар катары таштап койгонуңа жетимиш жыл болду»,— деди+. 13  Жахаба мени менен сүйлөшүп жаткан ал периштеге жакшы сөздөрдү, жубатарлык сөздөрдү айтты+. 14  Ошондо мени менен сүйлөшүп жаткан периште мага: «Мындай деп жар сал: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Мен Иерусалим менен Сионду катуу кызганыч менен коргоп жатам+. 15  Бейкапар жаткан элдерге+ абдан каарданып жатам. Анткени мен элиме бир аз эле каарданган болчумун+, алар болсо элиме өтө эле ырайымсыз мамиле кылышты”“+. 16  Ошондуктан Жахаба мындай дейт: „”Мен Иерусалимге кайрымдуулук кылыш үчүн келем+. Ал жерге менин үйүм кайра курулат+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— Иерусалимге ченегич жип тартылат”“+. 17  Дагы мындай деп жар сал: „Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай дейт: “Менин шаарларым кайрадан жакшылыктарга толот+, Жахаба Сионду кайрадан аяйт+, Иерусалимди кайрадан тандап алат”“»+. 18  Мен аянда төрт мүйүздү көрдүм+. 19  Ошондо мени менен сүйлөшүп жаткан периштеден: «Булар эмне болгон мүйүздөр?» — деп сурадым. Ал: «Булар — Жүйүттү+, Ысрайылды+ жана Иерусалимди туш-тушка чачыратып жиберген+ мүйүздөр»,— деп жооп берди. 20  Андан кийин Жахаба мага төрт устаны көрсөттү. 21  Мен: «Булар эмне кылганы жатышат?» — деп сурадым. Ал: «Тиги мүйүздөр+ Жүйүттү туш-тушка чачыратып жибергенде, эч ким баш көтөрө алган эмес. Бул усталар болсо аларды коркутканы, Жүйүт жериндеги элди чачыратып жибериш үчүн ага мүйүзүн көтөргөн элдердин мүйүздөрүн сындырганы келишет»,— деди+.

Шилтемелер