Закарыя 11:1—17

11  «Эшиктериңди ач, Лебанон+, бал карагайларыңды от жалмасын+.  Боздоп ыйла, арча, анткени бал карагай кулады, бакыйган дарактар кыйрады!+ Боздоп ыйлагыла, Башандын чоң дарактары, анткени чытырман токой жок болду!+  Уксаңар, койчулар боздоп ыйлап жатат+, анткени алар даңкынан ажырады+. Уксаңар, жалдуу жаш арстандар арылдап жатат, анткени Иордандын боюндагы калың бадалдар жок болду+.  Жахаба Кудайым мындай дейт: „Союла турган койлорду кайтар+.  Сатып алгандар аларды союп жатышат+, бирок айыпталышкан жок+. Аларды саткандар болсо+: “Жахабага даңк, эми байыйм”,— деп жатышат+. Койчулары аларды эч аябайт“+.  „Мындан ары бул жердин тургундарына боорум оорубайт+. Алардын ар бирин өз жакынынын, өз падышасынын+ колуна салып берем+. Алар болсо бул жерди кыйратышат, мен эч кимисин алардын колунан куткарбайм“+,— дейт Жахаба».  Отордогу байкуштар+, мен союла турган койлорду+ силер үчүн кайтардым+. Эки таяк алып+, бирин Ырайым+, экинчисин Биримдик+ деп атап, оторду кайтардым.  Бир айдын ичинде+ үч койчуну кууп жибердим, анткени аларга чыдабай калдым+, алар да мени жек көрүшчү.  Акыры, мен: «Мындан ары силерди кайтарбайм+. Өлө турганы өлүп, жоголо турганы жоголо берсин+. Калгандары биринин этин бири жесин»,— дедим+. 10  Ырайым деген таягымды алып+, элим менен түзгөн келишимимди бузуш үчүн+ аны сындырып салдым+. 11  Келишим ошол күнү бузулду, ошондо мени карап турган+ отордогу байкуштар+ мунун Жахабанын сөзү экенин түшүнүштү. 12  Мен аларга: «Эгер туура көрсөңөр+, мага акымды бергиле. Бергиңер келбесе, бербей эле койгула»,— дедим. Алар акыма отуз күмүш тыйын беришти+. 13  Ошондо Жахаба мага: «Алардын мага бычкан бул өтө кымбат баасын+ казынага сал»,— деди+. Мен отуз күмүш тыйынды алып, Жахабанын үйүндөгү казынага салдым+. 14  Анан мен Жүйүт менен Ысрайылдын ортосундагы бир туугандык+ мамилени бузуш үчүн+ Биримдик деп аталган экинчи таягымды+ сындырдым. 15  Жахаба мага мындай деди: «Жаман койчунун+ буюмдарын кайра ал. 16  Мен бул жерге бир койчуну коём+. Ал өлөйүн деп жаткан койлорду карабайт+, козуларын издебейт, оорулууларын дарылабайт+, соолоруна жем-чөп бербейт, семиздерин союп жейт+, алардын туяктарын алып салат+. 17  Оторун карабай таштап койгон+ жаман койчунун башына каран түн түшөт!+ Анын колу менен оң көзүн кылыч жаралайт. Анын колу сенек болуп калат+, оң көзү сокур болуп калат».

Шилтемелер