Закарыя 12:1—14

12  Кудайдын кабары: «Жахабанын Ысрайыл жөнүндө айткан сөзү,— дейт асманды жайган+, жердин пайдубалын тургузган+, адамдагы өмүр күчүн жараткан+ Жахаба.—  Мен Иерусалимди+ тегеректеги элдердин баарын мас кылып, теңселте турган чөйчөк кылам+. Жүйүт менен Иерусалимди душман курчоого алат+.  Ошол күнү+ Иерусалимди бардык элдер үчүн оор таш кылам+. Аны көтөргөндөрдүн баары катуу жараат алат. Жер бетиндеги бүт элдер ага каршы чыгыш үчүн чогулушат+.  Ошол күнү+,— дейт Жахаба,— бардык аттарды дүрбүтөм+, атчандарды акылынан адаштырам+. Мен Жүйүт үйүнө көз салып турам+, элдердин аттарынын баарын сокур кылам.  Жүйүттүн шайыктары+ ичинен: „Иерусалимдин тургундары — биздин күчүбүз, анткени алардын Кудайы — асман аскерлеринин Кудайы Жахаба“,— дешет+.  Ошол күнү Жүйүттүн шайыктарын дарактардын арасында күйүп жаткан мештей+, жаңы орулган эгиндин тилкесинде күйүп турган шаманадай кылам+. Алар тегерегиндеги бүт элдерди: оң тарабындагыларын да, сол тарабындагыларын да жалмашат+. Ошентип, Иерусалимдин тургундары өз шаарында, Иерусалимде, жашашат+.  Дөөтүнүн үйү менен Иерусалимдин тургундарынын сулуулугу Жүйүттүн сулуулугунан ашып түшпөшү үчүн, Жахаба адегенде Жүйүттүн чатырларын куткарат.  Ошол күнү Жахаба Иерусалимдин тургундарын бардык жактан коргойт+. Алардын мүдүрүлгөн кишиси Дөөтүдөй+, ал эми Дөөтүнүн үйү кудайдай+, элдин алдында жүргөн Жахабанын периштесиндей болот+.  Мен ошол күнү Иерусалимге каршы чыккан элдердин баарын жок кылам+. 10  Дөөтүнүн үйү менен Иерусалимдин тургундарына ырайым рухун+, жалыныч рухун төгөм+. Алар өздөрү найза менен сайган кишини карашат+, аны жалгыз уулун жоктоп ыйлагандай жоктоп ыйлашат, тун уулун жоктоп боздогондой боздошот+. 11  Ошол күнү Иерусалимдегилер Мегидо өрөөнүндөгү+ Хадатримондогуга окшоп катуу боздоп ыйлашат. 12  Жер боздоп ыйлайт+, ар бир тукум өзүнчө: Дөөтүнүн үйү өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө+, Натандын+ үйү өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө, 13  Лебинин үйү+ өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө, Шимейдин+ тукумдары өзүнчө, алардын аялдары өзүнчө, 14  калган тукумдун баары, ар бири өз-өзүнчө, алардын аялдары да+ өзүнчө боздоп ыйлайт.

Шилтемелер