Закарыя 4:1—14

4  Мени менен сүйлөшкөн периште кайрылып келип, мени уктап жаткан адамды ойготкондой ойготту+.  Анан менден: «Эмнени көрүп турасың?» — деп сурады+. Мен: «Үстүндө чөйчөгү бар алтын чыракпаяны көрүп турам+. Анын үстүндө жети чырак бар экен+. Ал эми жети чырактын жети түтүгү бар экен.  Чыракпаянын жанында эки зайтун дарагы бар экен+: бири чөйчөктүн оң жагында, экинчиси сол жагында экен»,— дедим.  Анан мени менен сүйлөшкөн периштеден: «Бул эмнени билдирет, мырзам?» — деп сурадым+.  Ал: «Мунун эмнени билдирерин чындап эле билбейсиңби?» — деди. «Билбейм, мырзам»,— дедим+.  Ошондо ал мага: «Жахаба Зоробабылга мындай дейт: „“Мунун баары аскер күчтөрү менен эмес+, күч менен да эмес+, менин рухум менен ишке ашат”+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.  Оо, улуу тоо+, сен эмне болуп калыптырсың? Зоробабылдын+ алдында сен түздүккө айланасың. Ал бурчка коюлуучу негизги ташты+ алып чыгат. Ошондо: “Кандай сонун! Кандай сонун!”+ — деп кыйкырышат“»,— деди+.  Жахаба мага дагы мындай деди:  «Бул үйдүн пайдубалын Зоробабыл өз колу менен тургузду+, өз колу менен бүтүрөт+. Ошондо мени силерге асман аскерлеринин Кудайы Жахаба жибергенин билесиң+. 10  Жөнөкөй иштер жасалган бул күндү ким баркка албай коё алат?+ Эл кубанып+, Зоробабылдын колундагы өлчөгүч шайманды карайт, жети көз да аны карайт. Ал жети көз — Жахабанын көздөрү+. Алар бүт жер жүзүн карап турат»+. 11  Мен андан: «Чыракпаянын оң тарабы менен сол тарабындагы эки зайтун дарагы эмнени билдирет?» — деп сурадым+. 12  Анан дагы: «Эки түтүк аркылуу алтын суюктук агып жаткан эки зайтун бутагы эмнени билдирет?» — деп сурадым. 13  Ал: «Булардын эмнени билдирерин чындап эле билбейсиңби?» — деп сурады. «Билбейм, мырзам»,— дедим+. 14  Ошондо ал: «Булар бүт жер жүзүнүн Теңиринин+ жанында турган эки майланганды билдирет»,— деди+.

Шилтемелер