Закарыя 5:1—11

5  Андан кийин мен учуп бараткан түрмөктү көрдүм+.  Ошондо ал менден: «Эмнени көрүп жатасың?» — деп сурады+. Мен: «Учуп бараткан түрмөктү көрүп жатам. Анын узундугу жыйырма, туурасы он чыканак экен»,— дедим.  Ал мага мындай деди: «Бул — бүт жер жүзүнө келаткан каргыш+. Анткени уурулук кылгандар+ түрмөктүн бул бетинде жазылган каргыш боюнча али жазалана элек, жалган ант бергендер+ да түрмөктүн тиги бетинде жазылган+ каргыш боюнча али жазалана элек.  „Аны мен жибердим,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— Ал уурунун үйүнө жана менин ысмымды оозанып жалган ант+ берген кишинин үйүнө кирип, ошол жерде калат да, үйдү да, анын устундары менен таштарын да кыйратып жок кылат“»+.  Анан мени менен сүйлөшүп жаткан периште жаныма келип: «Башыңды көтөрүп, тетиги жакындап келаткан нерсени карасаң»,— деди.  Мен андан: «Ал эмне?» — деп сурадым. Ал: «Жакындап келаткан нерсе — идиш*»,— деди. Анан: «Ал — бүт жер бетиндеги ыймансыздардын түспөлү»,— деп кошумчалады.  Ошондо коргошундан жасалган тегерек капкак көтөрүлдү. Идиштин ичинде бир аял отуруптур.  Периште мага: «Бул аял ыймансыздыкты билдирет»,— деди. Анан аялды кайра идиштин ичине түртүп киргизди да+, идиштин оозун коргошун капкак менен жаап койду.  Андан кийин мен жакындап келаткан эки аялды көрдүм. Алардын канаттарында шамал бар экен. Канаттары илегилектин канаттарына окшош экен. Алар идишти жерден жогору көтөрө башташты. 10  Мени менен сүйлөшүп жаткан периштеден: «Булар идишти кайда алып баратышат?» — деп сурадым. 11  Ал мага: «Булар аялга үй куруп бериш үчүн+ Шынар жерине+ баратышат. Үй курулуп бүткөндөн кийин, аял өз ордуна жайгаштырылат»,— деди.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эйфа». Кургак заттарды өлчөөдө колдонулган болж. м-н 22 литрлик идиш.