Закарыя 7:1—14

7  Дарий+ падышанын башкаруусунун төртүнчү жылында тогузунчу айдын, кислеп айынын+, төртүнчү күнү Закарыяга Жахабадан сөз болду.  Бейтелдин эли Шаресерди, Регемелехти жана анын кишилерин Жахабадан ырайым кылышын сураш үчүн+ жиберишти;  аларды асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын үйүндөгү дин кызматчылар+ менен пайгамбарлардан: «Көп жыл бою бешинчи айда+ ыйлап, орозо кармап келгенимдей эле, бешинчи айда ыйлап, орозо кармашым керекпи?»+ — деп сураш үчүн жиберишти.  Ошондо асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мага мындай деди:  «Бүт элге жана дин кызматчыларга мындай деп айт: „Жетимиш жыл+ бою бешинчи жана жетинчи айларда+ орозо кармап+, ыйлаганыңарда мен үчүн орозо кармадыңар беле?+  Жеп-ичкениңерде деле өзүңөр үчүн жеп-ичкен эмес белеңер?  Иерусалим менен анын тегерегиндеги шаарларда эл жашап, тынчтык болуп турганда, Негеп+ менен Шепелада+ эл жашап жатканда, Жахабанын мурунку пайгамбарлары аркылуу+ айткан сөздөрүн угушуңар керек эмес беле?“»+  Жахаба Закарыяга дагы мындай деди:  «Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба мындай деди: „Чыныгы адилеттик менен соттогула+, бири-бириңерге мээримдүүлүк көрсөткүлө+, кайрымдуулук кылгыла+, 10  жесир+ менен жетимди+, келгин+ менен бей-бечараны алдабагыла+, жүрөгүңөрдө бири-бириңерге жамандык кылууну ойлобогула“+. 11  Бирок алар укпай коюшту+, өжөрдүк менен тескери бурулуп+, укпаш үчүн кулактарын жаап алышты+. 12  Алар асман аскерлеринин Кудайы Жахабанын өзүнүн руху+, мурунку пайгамбарлары аркылуу айткан сөздөрүн+, берген мыйзамын аткарбаш үчүн+ жүрөктөрүн таштай катуулантышты+. Ошондуктан асман аскерлеринин Кудайы Жахаба аларга катуу каарданды»+. 13  «„Мен чакырганда, алар мени угушкан эмес+. Ошондуктан алар чакырганда, мен да укпай койдум+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба.— 14  Мен аларды куюн учургандай учуруп, өздөрү билбеген+ элдердин арасына чачыратып жибердим+. Алардын жери ээн калды, ал жерден эч ким өтпөй калды, ал жакка эч ким кайтып барган жок+. Алар жер соорусун+ үрөй учурарлык жерге айлантышты“».

Шилтемелер