Закарыя 9:1—17

9  Кудайдын кабары+: «Жахабанын Хадрах жерине каршы айткан сөзү. Ал Дамаскка+ да тиешелүү. Анткени Жахаба адамдарга, ошондой эле Ысрайылдын бардык урууларына көз салып турат+.  Анын сөзү аны* менен чектешкен Хамат+ жерине да, өтө акылдуу+ Тир+ менен Сидонго+ да тиешелүү.  Тир өзүнө чеп курду, күмүштү топурактай, алтынды көчөдөгү баткактай көп кылып жыйып алды+.  Бирок Жахаба аны басып алып, аскерин деңизде кыйратат+. Аны от жалмайт+.  Муну көрүп, Ашкелондун үрөйү учат, Аза катуу кыйналат. Экрон+ да катуу кыйналат, анткени анын ишенгени уятка калат+. Азанын падышасы жок болот, Ашкелон ээн калат+.  Азотто+ бөтөн жерлик жашайт+, мен пелиштиликтердин текебердигин жок кылам+.  Анын оозундагы канды, тиштеринин арасындагы жийиркеничтүү тамактарды алып чыгам+. Анын аман калган кишиси биздин Кудайыбызга таандык болот. Ал Жүйүттө+ шайыктай болот+, Экрон жебустуктай болот+.  Мен үйүмдүн жанына күзөттө турган аскердей болуп жайгашам+, ошондо ага эч ким кирбейт, андан эч ким чыкпайт. Мындан ары кароолчу аларды аралап жүрбөйт+, анткени мен өзүм баарына көз салып турам+.  Кубанып-шаттан, Сион кызы!+ Салтанат кур, кыйкыр+, Иерусалим кызы! Мына, сага падышаң+ келатат+. Ал адил, ал куткарылды+. Ал момун+; эшек минип, кодик минип келатат+. 10  Мен Эпрайымдын майдан арабаларын, Иерусалимдин аттарын+ жок кылам, жааларын+ сындырам. Ал элдерге тынчтык жөнүндө айтат+, ал деңизден деңизге чейин, дарыядан* жердин учу-кыйырына чейин башкарат+. 11  Сен жөнүндө айта турган болсом, аял*, экөөбүздүн ортобузда түзүлгөн кан келишиминин+ негизинде мен сенин түрмөдө отургандарыңды+ суусу жок чуңкурдан алып чыгам. 12  Түрмөдө отургандар, үмүтү барлар+, чепке кайтып келгиле+. Мен сага бүгүн мындай деп айтып жатам: „Аял, сага эки эсе көп үлүш берем+. 13  Мен жааны, Жүйүттү, бутум менен басып туруп, ага жебени, Эпрайымды, тартам. Сион, сенин уулдарыңды+, Греция+, сенин уулдарыңа каршы чыгарам. Сион, сени күчтүүнүн кылычындай кылам“+. 14  Жахаба өзүнүн алар менен экенин көрсөтөт+, анын жебеси чагылгандай учат+. Эгедер Теңир Жахаба мүйүз сурнай тартат+, ал түштүктөн соккон катуу шамал менен жөнөйт+. 15  Асман аскерлеринин Кудайы Жахаба өзү аларды коргойт, алар салмоор менен таш ыргыткан+ душмандарын жеңет. Шарап ичкендей+ көңүлдөрү көтөрүлүп, кыйкырышат. Алар табактар толгондой, курмандык жайынын бурчтары+ толгондой толушат. 16  Ошол күнү Жахаба Кудайы аларды, өзүнүн оторун+, өз элин, сактайт+. Алар анын жеринде таажынын таштарындай жаркырап турушат+. 17  Анын жакшылыгы+, анын сулуулугу кандай зор!+ Уландары данга, кыздары жаңы шарапка тоюп, гүлдөшөт»+.

Шилтемелер

Хадрах жерин же Дамаскты билдириши мүмкүн.
Евфраттан.
Сион же Иерусалим.