Лебилер 1:1—17

1  Андан кийин Жахаба Мусаны чакырып, жыйын чатырынан+ ага мындай деди:  «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт+: „Араңардан кимдир бирөө Жахабага тартуу катары мал алып келгиси келсе, бодо же майда малдан алып келсин.  Эгерде ал бодо малдан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+ алып келе турган болсо, анда кемтиги жок эркек мал алып келсин+. Ал аны жыйын чатырынын кире беришине өз ыктыяры менен алып келип, Жахабанын алдына койсун+.  Анан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынчу ал малдын башына колун койсун, ошондо анын күнөөлөрү кечирилиши үчүн+, алып келген курмандыгы кабыл алынат+.  Андан соң ал букачарды Жахабанын алдында союшат. Дин кызматчылар+, Арундун уулдары, анын канынан алып, жыйын чатырынын кире беришиндеги курмандык жайына тегерете чачыратып чыгышат+.  Анан терисин сыйрып, этин бөлүшөт+.  Арундун уулдары, дин кызматчылар, курмандык жайына от жагып+, анын үстүнө отундарды коюшат+.  Андан кийин алар малдын бөлүнгөн этин+, башы менен майын курмандык жайындагы оттун үстүнө коюшат.  Ал эми ичеги-карыны менен шыйрактарын сууга жуушат+. Андан кийин дин кызматчы алардын бардыгын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары, курмандык жайында өрттөйт+. 10  Эгерде бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка майда малдан+, кой же эчкиден, алып келе турган болсо, ал жаш+, кемтиги жок эркек мал болсун+. 11  Аны Жахабанын алдында курмандык жайынын түндүк тарабында союш керек. Арундун уулдары, дин кызматчылар, анын канынан алып, курмандык жайына тегерете чачыратып чыгышат+. 12  Этин бөлгөндөн кийин, дин кызматчы анын бардыгын, башы менен майын да курмандык жайында күйүп турган оттун үстүнө, отундардын үстүнө коёт+. 13  Ал эми ичеги-карыны менен шыйрактарын+ сууга жууйт+. Андан кийин дин кызматчы алардын бардыгын курмандык жайында өрттөйт+. Бул — бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу+. 14  Эгерде Жахабага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары канаттуулардан алып келе турган болсо, бактек же жаш көгүчкөн алып келсин+. 15  Дин кызматчы аны курмандык жайына алып келип, мойнун бурап+, аны курмандык жайында өрттөсүн, каны болсо курмандык жайынын капталына агызылсын. 16  Анын жемсөөсү менен жүнүн курмандык жайынын жанына, чыгыш тарабына, май сиңген күл турган жерге таштасын+. 17  Анан канатынын жанынан кесип койсун, бирок канаттуунун өзүн бөлбөсүн+. Дин кызматчы аны курмандык жайындагы отундардын үстүнө коюп өрттөйт. Бул — бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу+.

Шилтемелер