Лебилер 12:1—8
12 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Эгер аялдын боюна бүтүп+, уул төрөсө, жети күн таза эмес болот. Ал айызы келип жаткан убагындагыдай эле таза эмес болот+.
3 Сегизинчи күнү баласы сүннөткө отургузулсун+.
4 Канынан тазаланыш үчүн аял дагы отуз үч күн үйүндө отурсун. Тазалануу күндөрү бүткүчө, ал эч бир ыйык нерсеге тийбесин, ыйык жерге кирбесин+.
5 Эгер кыз төрөсө, анда он төрт күн таза эмес болот. Ал айызы келип жаткан убагындагыдай эле таза эмес болот. Канынан тазаланыш үчүн дагы алтымыш алты күн үйүндө отурсун.
6 Уулун же кызын төрөгөндөн кийин тазалануу күндөрү бүткөндө, ал дин кызматчыга, жыйын чатырынын кире беришине бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка бир жашка чейинки эркек козу+, күнөө курмандыгына жаш көгүчкөн же бактек+ алып келсин.
7 Дин кызматчы аларды Жахабанын алдына алып барып, аялды күнөөдөн арылтат, ошондо аял аккан канынан тазаланат+. Эркек же кыз төрөгөн аял жөнүндөгү мыйзам — ушул.
8 Эгер анын эркек козу алып келгенге шарты жок болсо, анда эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин+: бирин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка, экинчисин күнөө курмандыгына алып келсин. Дин кызматчы аны күнөөдөн арылтат+, ал таза болот“».