Лебилер 13:1—59

13  Жахаба Муса менен Арунга дагы мындай деди:  «Эгерде кимдир бирөөнүн денесинде майда-майда жаралар же карт, же так пайда болсо+, ал пес оорусунун жарасына окшош болсо+, ал кишини дин кызматчы Арунга же анын дин кызматчы болуп кызмат кылган уулдарынын бирине алып келиш керек+.  Дин кызматчы анын денесиндеги жараны карап көрөт+. Эгерде жаранын үстүндөгү түктөр агарып калса жана жара тереңирээктей көрүнсө, анда ал — пес оорусунун жарасы. Дин кызматчы аны карап көрүп, ал кишини таза эмес деп жарыялайт.  Ал эми денедеги так ак болсо, терең эместей көрүнсө, анын үстүндөгү түктөр агарбаса, дин кызматчы оорулууну жети күн башкалардан бөлүп коёт+.  Жетинчи күнү дин кызматчы аны карап көрөт. Эгерде жаранын көрүнүшү эч өзгөрбөсө, ал денеге жайылбаса, дин кызматчы оорулууну дагы жети күн башкалардан бөлүп коёт+.  Жетинчи күнү дин кызматчы дагы карап көрөт. Эгерде жара мурункудай ак болбой калса жана денеге жайылбаса, дин кызматчы аны таза деп жарыялайт. Ал — карт. Ал киши кийимин жуусун, ал таза болот.  Бирок ал дин кызматчыга көрүнүп, таза деп жарыялангандан кийин, денесиндеги карт жайылып кетсе, дин кызматчыга кайра көрүнүшү керек+.  Дин кызматчы аны карап көрөт. Эгерде карт денесине жайылып кеткен болсо, дин кызматчы аны таза эмес деп жарыялайт. Ал — пес оорусу+.  Денесине пес оорусунун жарасы чыккан кишини дин кызматчыга алып келиш керек. 10  Дин кызматчы аны карап көрөт+. Эгерде денесине майда-майда ак жаралар чыгып, алардын үстүндөгү түктөр агарып, эти көрүнүп калса+, 11  анда ал — эски пес оорусу+. Дин кызматчы аны таза эмес деп жарыялайт. Аны башкалардан бөлүүнүн кереги жок*+, анткени ал таза эмес. 12  Эгерде пес оорусунун жарасы бүт денесине жайылып, башынан бутуна чейин, дин кызматчы көрө алган жерлеринин баарын каптап кетсе, 13  дин кызматчы оорулуунун бүт денесин пес оорусунун жарасы каптап кеткенин көрүп, аны таза* деп жарыялайт. Жаранын баары агарып кеткендиктен, ал киши таза. 14  Бирок денесине ачык жара чыга баштаган күнү ал таза эмес болуп калат. 15  Дин кызматчы+ ачык жараны көрүп, оорулууну таза эмес деп жарыялайт. Анткени ачык жара таза эмес болуп эсептелет. Ал — пес оорусу+. 16  Эгерде ачык жара айыгып, агарып калса, оорулуу дин кызматчыга барыш керек. 17  Дин кызматчы аны карап көрөт+. Эгерде жара агарып калса, дин кызматчы аны таза деп жарыялайт. 18  Эгерде кимдир бирөөнүн денесинде ыйлаакча+ пайда болуп, кайра айыгып калса, 19  анан ал жерге майда-майда ак жаралар же кызгылт ак так пайда болсо, ал киши дин кызматчыга көрүнүшү керек. 20  Дин кызматчы аны карап көрөт+. Эгер ал тереңирээктей көрүнсө, анын үстүндөгү түктөр агарып калса, дин кызматчы ал кишини таза эмес деп жарыялайт. Ал — ыйлаакчанын ордунда пайда болгон пес оорусунун жарасы. 21  Эгер жаранын үстүндөгү түктөр агарбаса, жара терең эмес жана бозомук болсо, дин кызматчы ал оорулууну жети күн башкалардан бөлүп коёт+. 22  Эгер так денесине жайылып кетсе, дин кызматчы аны таза эмес деп жарыялайт. Ал — пес оорусу. 23  Эгерде тактын көрүнүшү эч өзгөрбөсө, ал денеге жайылбаса, ал — ыйлаакчанын сезгениши+. Дин кызматчы оорулууну таза деп жарыялайт+. 24  Кимдир бирөө бир жерин күйгүзүп алса, анан ошол жерине кызгылт ак же ак так пайда болсо, 25  дин кызматчы аны карап көрүшү керек. Тактын үстүндөгү түктөр агарып калса, так тереңирээктей көрүнсө, ал — пес оорусунун жарасы, күйгөн жерге чыккан пес оорусунун жарасы. Дин кызматчы оорулууну таза эмес деп жарыялайт. 26  Эгер тактын үстүндөгү түктөр агарбаса, так терең эмес жана бозомук болсо, дин кызматчы ал оорулууну жети күн башкалардан бөлүп коёт. 27  Жетинчи күнү дин кызматчы аны карап көрөт. Эгер так денесине жайылып кетсе, дин кызматчы аны таза эмес деп жарыялайт. Ал — пес оорусунун жарасы. 28  Эгерде так эч өзгөрбөсө, денесине жайылбаса, бозомук болсо, ал — карттын үстүндөгү майда-майда жаралар. Ал жаранын сезгениши болгондуктан, дин кызматчы ал кишини таза деп жарыялайт. 29  Эркектин же аялдын башына же ээгине жара чыкса, 30  дин кызматчы+ аны карап көрүшү керек. Эгерде ал тереңирээктей көрүнсө, анын үстүндөгү чачтар* саргарып, суюлуп калса, дин кызматчы аны таза эмес деп жарыялайт. Бул — таз+. Бул — баштын же ээктин пес оорусу. 31  Дин кызматчы тазды карап көрүп, анын терең эмес экенин, үстүндө кара чачтар жок экенин көрсө, оорулууну жети күн башкалардан бөлүп коёт+. 32  Жетинчи күнү дин кызматчы жараны карап көрөт. Эгер таз жайылбаса+, терең эместей көрүнсө, үстүндөгү чачтар саргарбаса, 33  оорулуу чачын же ээгиндеги түгүн кырышы керек, бирок таз болгон жерине тийбеши керек+. Дин кызматчы аны жети күн башкалардан бөлүп коёт. 34  Жетинчи күнү дин кызматчы тазды кайра карап көрөт. Эгерде ал жайылбаса, терең эместей көрүнсө, дин кызматчы аны таза деп жарыялайт+. Ал киши кийимин жуусун, ал таза болот. 35  Бирок ал таза деп жарыялангандан кийин, таз жайыла баштаса, 36  дин кызматчы+ аны дагы карап көрүшү керек. Эгерде таз жайылып кетсе, дин кызматчыга чачтын саргарган-саргарбаганын текшерүүнүн зарылдыгы жок, ал киши таза эмес. 37  Эгерде таз андан ары жайылбаса, үстүнө кара чач өсүп чыкса, таз айыккан болот. Ал киши таза, дин кызматчы аны таза деп жарыялайт+. 38  Эркектин же аялдын денесинде ак тактар пайда болсо+, 39  дин кызматчы+ аны карап көрүшү керек. Эгерде тактар бозомук ак тартып турса, ал — теридеги зыянсыз жаралар. Ал киши таза. 40  Кимдир бирөөнүн чачы түшүп калса, бул — баштын кашкасы+. Ал киши таза. 41  Эгерде маңдайындагы чачы түшсө, анда бул — маңдайдагы кашка. Ал киши таза. 42  Эгерде төбөсүндөгү же маңдайындагы кашкасына кызгылт ак жара чыкса, бул — кашкага чыккан пес оорусунун жарасы. 43  Дин кызматчы+ аны карап көрүшү керек. Эгер төбөсүндөгү же маңдайындагы кашкасына денедеги пес оорусунун жарасына окшогон кызгылт ак жаралар чыкса, 44  ал киши пес оорулуу. Ал таза эмес. Дин кызматчы аны таза эмес деп жарыялайт. Анын башында пес оорусунун жарасы бар. 45  Пес оорулуу киши кийимин айрып+, чачтарын тарабай+, мурутун жаап алып+: „Таза эмесмин! Таза эмесмин!“ — деп кыйкырышы керек+. 46  Жарасы айыкмайынча, ал таза эмес болот. Ал таза эмес; башкалардан обочо, конуштун сыртында жашашы керек+. 47  Эгер кийимде, ал жүндөн токулганбы же зыгыр буласынанбы, пес оорусунун белгиси пайда болсо, 48  ошондой эле андай белги зыгыр буласынан же жүндөн согулган кездеменин узунунан же туурасынан кеткен жибинде+, булгаарыда же булгаарыдан жасалган буюмда+ пайда болсо жана 49  кийимде, булгаарыда, кездеменин узунунан же туурасынан кеткен жибинде, же булгаарыдан жасалган буюмда сары-жашыл же кызгылтым так пайда болсо, ал — пес оорусунун белгиси. Аны дин кызматчыга көрсөтүш керек. 50  Дин кызматчы+ пес оорусунун белгиси пайда болгон буюмду карап көрөт да, жети күн өзүнчө коюп коёт+. 51  Жетинчи күнү аны кайра карап көрөт. Эгерде пес оорусунун белгиси кийимге, кездеменин+ узунунан же туурасынан кеткен жибине, булгаарыга, ал эмнеге колдонулбасын, жайылып кетсе, анда ал — жугуштуу пес оорусу+. Ал буюм таза эмес. 52  Пес оорусунун белгиси пайда болгон буюмду, ал кийим болобу, кездеменин+ узунунан же туурасынан кеткен жиби болобу же булгаарыдан жасалган буюм болобу, өрттөп ташташ керек, анткени бул — жугуштуу пес оорусу+. Ал буюмду өрттөш керек. 53  Бирок дин кызматчы карап көрүп, анын кийимге, кездеменин узунунан же туурасынан кеткен жибине же булгаарыдан жасалган буюмга+ жайылбаганын көрсө, 54  анда ал буюмду жууну буйрук кылат. Анан дагы жети күн өзүнчө коюп коёт. 55  Дин кызматчы буюмду жуулгандан кийин кайра карап көрөт. Эгер андагы пес оорусунун белгиси жайылбаганы менен, көрүнүшү мурункудай эле болсо, ал таза эмес. Аны өрттөп ташта. Пес оорусу ал буюмдун ичин же тышын жеп салган болот. 56  Эгер дин кызматчы жуулган буюмдагы пес оорусунун белгисинин түсү мурункудай ачык болбой калганын көрсө, ал кийимдин, булгаарынын, кездеменин ошол жерин жулуп ташташы керек. 57  Эгерде кийимде, кездеменин узунунан же туурасынан кеткен жибинде же булгаарыдан жасалган буюмда ал кайра пайда болсо+, анда ал — кайра пайда болгон пес оорусу. Андай буюмду өрттөп ташта+. 58  Эгерде кийимди, кездемени же булгаарыдан жасалган буюмду жуугандан кийин, пес оорусунун белгиси жок болуп кетсе, ал буюмду дагы бир жолу жууш керек. Ошондо ал таза болот. 59  Жүндөн же зыгыр буласынан+ токулган кийимде, кездеменин узунунан же туурасынан кеткен жибинде же булгаарыдан жасалган буюмда пайда болгон пес оорусу жөнүндөгү мыйзам — ушул. Бул мыйзам дин кызматчы кайсы бир буюмдун таза же таза эмес экенин билиши үчүн берилди».

Шилтемелер

Анын пес оорулуу экени айкын болгондуктан, оорулуу же оорулуу эмес экенин аныкташ үчүн аны адаттагыдай жети күнгө өзүнчө бөлүүнүн зарылдыгы жок болчу.
Же: «жугуштуу эмес».
Же: «түктөр».