Лебилер 17:1—16
17 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
2 «Арунга, анын уулдарына жана бүт Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Жахаба мындай буйрук кылат:
3 “Эгерде ысрайыл элинен кимдир бирөө конуштун ичинде же сыртында бука же жаш кочкор, же теке сойсо,
4 башкача айтканда, аны Жахабанын ыйык чатырынын алдында Жахабага арналган тартуу катары бериш үчүн жыйын чатырынын кире беришине жетелеп келбесе+, ал кан төккөнү үчүн күнөөлүү болот. Кан төккөндүктөн ал элинин арасынан жок кылынат+.
5 Анткени Ысрайыл уулдары малын мындан ары талаада курмандыкка чалбай+, аларды Жахабага, жыйын чатырынын кире беришине, дин кызматчыга алып келип+, Жахабага арналган тынчтык курмандыктары катары чалышы керек+.
6 Дин кызматчы анын канын жыйын чатырынын кире беришиндеги Жахабанын курмандык жайына чачыратып+, майын+ Жахабага арналган жыты жагымдуу тартуу катары өрттөйт+.
7 Мындан ары алар теке түспөл жиндерге* курмандыктарды чалып+, алар менен бузуктук кылбасын+. Бул — өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө”“.
8 Сен аларга мындай деп айт: „Эгерде ысрайыл элинен кимдир бирөө же араңарда жашаган келгин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка+ же башка курмандыкка чала турган малын
9 Жахабага арнап чалуу үчүн жыйын чатырынын кире беришине жетелеп келбесе+, элинин арасынан жок кылынат+.
10 Эгерде ысрайыл элинен кимдир бирөө же араңарда жашаган келгин кандайдыр бир кан жесе+, мен ал кишиге* каарымды төгөм+, аны элинин арасынан жок кылам.
11 Тирүү жандыктардын өмүрү* канда+, күнөөдөн арылышыңар үчүн мен канды курмандык жайында колдонууга белгиледим+. Силер кан аркылуу+ күнөөдөн арыласыңар+, анткени анда өмүр бар.
12 Ошондуктан мен Ысрайыл уулдарына: “Араңардан бир да киши кан жебеши керек, араңарда жашаган бир да келгин+ кан жебеши керек”+,— деп айткам.
13 Эгерде Ысрайыл уулдарынан кимдир бирөө же араңарда жашаган келгин аңчылык кылып, этин жесе боло турган жаныбарды же канаттууну кармап алса, анын канын агызып+, жерге көмүп койсун+.
14 Анткени өмүр канда болгондуктан, ар бир тирүү жандыктын өмүрү — анын каны. Ошондуктан мен Ысрайыл уулдарына: “Эч кандай жандыктын канын жебегиле, анткени ар бир тирүү жандыктын өмүрү — анын каны+. Ким аны жесе, элинин арасынан жок кылынат”,— деп айткам+.
15 Жергиликтүү тургун болобу, келгин болобу, өлгөн же жырткыч жара тартып кеткен жаныбардын этин+ жеген киши кийимин жууп, өзү да жуунсун. Ал кечке чейин таза эмес болот+, андан кийин таза болот.
16 Эгерде кийимин жуубаса, өзү да жуунбаса, күнөөсү үчүн жоопко тартылат“»+.
Шилтемелер
^ Аларга сыйынгандар, сыягы, аларды текеге окшогон саксайган жандыктар катары элестетишчү.
^ Сөзмө-сөз: «жаны». Кара: 6-тирк.