Лебилер 18:1—30
18 Жахаба Мусага дагы мындай деди:
2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын+.
3 Силер жашап кеткен Мисир жериндегилер кылган иштерди кылбагыла+, мен силерди алып бараткан Канаан жериндегилер кылган иштерди да кылбагыла+. Алардын жол-жоболору боюнча жашабагыла.
4 Менин мыйзамдарымды+ аткаргыла, көрсөтмөлөрүмдү сактагыла+, аларга карманып жашагыла+. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын.
5 Менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды аткаргыла. Аларды аткарган киши алар аркылуу тирүү болот+. Мен Жахабамын+.
6 Араңардан эч ким өзүнүн жакын тууганынын жылаңач этин ачыш* үчүн ага жакындабасын+. Мен Жахабамын.
7 Атаңдын жылаңач этин ачпа+. Энеңдин да жылаңач этин ачпа. Ал — сенин энең, анын жылаңач этин ачпа.
8 Атаңдын аялынын жылаңач этин ачпа+. Бул атаңдын жылаңач этин ачканга барабар.
9 Эже-карындашыңдын, атаңдын кызынын же энеңдин кызынын, бир үйдө төрөлгөнсүңөрбү же жокпу, жылаңач этин ачпа+.
10 Уулуңдун кызынын же кызыңдын кызынын жылаңач этин ачпа, анткени ал — сенин жылаңач этиң.
11 Аталаш эжеңдин же карындашыңдын жылаңач этин ачпа, ал — сенин эжең же карындашың.
12 Атаңдын эжесинин же карындашынын жылаңач этин ачпа. Ал — атаңдын кандаш бир тууганы+.
13 Таежеңдин жылаңач этин ачпа, анткени ал — энеңдин кандаш бир тууганы.
14 Атаңдын агасынын же инисинин жылаңач этин ачпа. Анын аялына жакындаба, анткени ал — сенин жеңең+.
15 Келиниңдин жылаңач этин ачпа+. Ал — уулуңдун аялы. Анын жылаңач этин ачпа.
16 Бир тууганыңдын аялынын жылаңач этин ачпа+. Бул бир тууганыңдын жылаңач этин ачканга барабар.
17 Эгер кызы бар аялга үйлөнсөң, анын кызынын жылаңач этин ачпа+. Анын уулунун же кызынын кызын, анын жылаңач этин ачыш үчүн, аялдыкка алба. Алар — сенин кандаш туугандарың. Бул уятсыз жүрүм-турумга* жатат+.
18 Аялың тирүү кезинде анын үстүнө эжесин же сиңдисин, жылаңач этин ачыш үчүн, аялдыкка алба+.
19 Аялың таза эмес кезинде, айызы келип жатканда+, ага жакындап, жылаңач этин ачпа+.
20 Уругуңду агызыш үчүн жакыныңдын аялы менен жатпа, таза эмес болуп каласың+.
21 Балдарыңдын биринин да Молекке+ арналышына жол бербе+. Муну менен Кудайыңдын ысмына шек келтирбе+. Мен Жахабамын+.
22 Аял менен жаткандай+, эркек менен жатпа+, бул — жийиркеничтүү иш.
23 Уругуңду агызыш үчүн эч кандай жаныбар менен жатпа+, таза эмес болуп каласың. Жыныстык катнашта болуш үчүн аял да жаныбардын алдына турбасын+. Бул — табияттан тыш нерсе.
24 Ушундай иштердин кайсы биринен улам таза эмес болуп калбагыла, анткени мен силердин алдыңардан кууп чыгарып жаткан элдердин баары ушундай иштерди кылып, таза эмес болуп калышкан+.
25 Ошондуктан алардын жери да булганды. Мен анын тургундарын күнөөсү үчүн жазалайм, жер аларды силкип салат+.
26 Силер болсо менин көрсөтмөлөрүм менен мыйзамдарымды сактагыла+. Жергиликтүү тургун болобу, араңарда жашаган келгин болобу, бул жийиркеничтүү иштердин эч бирин кылбасын+.
27 Анткени ал жерде силерге чейин жашагандар ушул жийиркеничтүү иштердин баарын кылышкан+. Ошондуктан ал жер булганды.
28 Эгер ал жерди булгабасаңар, ал силерди силерге чейин жашаган элдерди силкип салгандай силкип салбайт+.
29 Ким ушул жийиркеничтүү иштердин бирин кылса, ал киши* элинин арасынан жок кылынат+.
30 Силерден мурун жашагандардын жийиркеничтүү каада-салттарынын айынан таза эмес болуп калбашыңар үчүн, алардын каада-салттарына карманбагыла+, мен буйругандарды аткаргыла. Мен Жахабамын, силердин Кудайыңармын“».
Шилтемелер
^ Кимдир бирөөнүн «жылаңач этин ачуу» аны менен жыныстык катнашта болууну билдирет.
^ Же: «бузуку жүрүм-турумга». 1 896-беттеги «Сөздүктү» кара.
^ Сөзмө-сөз: «жан».