Лебилер 22:1—33

22  Жахаба Мусага дагы мындай деди:  «Арун менен анын уулдарына айт, алар Ысрайыл уулдарынын ыйык нерселерин туура эмес колдонушпасын, аларды мага арнап ыйыкташканда+ менин ысмыма шек келтиришпесин+. Мен Жахабамын.  Аларга мындай деп айт: „Эгер укум-тукумдарыңардан кимдир бирөө таза эмес болуп туруп Ысрайыл уулдарынын Жахабага арнап ыйыктаган нерселерине жакындаса+, ал киши* өлүм жазасына тартылсын. Мен Жахабамын.  Арундун тукумунан ким пес оорулуу болсо+ же жыныстык мүчөсүнөн илээшме зат агып турса+, тазаланмайынча ыйык нерселерден жебесин+. Өлгөн кишиге* тийгендиктен таза эмес болуп калган адамга тийген+ же уругу аккан+,  же жер жайнаган адал эмес майда жандыктардын кайсы бирине тийген+ же таза эмес бир нерседен улам таза эмес болуп калган кишиге тийген адам+ ыйык нерселерден жебесин.  Ушулардын кайсы бирине тийген киши кечке чейин таза эмес болот, ал жуунмайынча ыйык нерселердин бирин да жебесин+.  Күн баткандан кийин, ал таза болот. Ошондо ыйык нерселерден жесе болот, анткени ал — анын тамагы+.  Таза эмес болуп калбашы үчүн ал өлгөн же жырткыч жара тартып кеткен жаныбардын этин жебеши керек+. Мен Жахабамын.  Алар күнөөлүү болуп калбашы үчүн, ыйык нерселерди арамдап, өлүп калбашы үчүн менин алдымдагы милдеттерин аткарышы керек+. Мен аларды ыйыктаган Жахабамын. 10  Ыйык нерселерди алардан башка эч ким жебеши керек+. Аларды дин кызматчыныкында жашаган келгин да, жалданма жумушчу да жебеши керек. 11  Ал эми дин кызматчы акчага сатып алган киши ыйык нерселерди жесе болот. Ошондой эле дин кызматчынын үйүндө төрөлгөн кулдар да анын тамагынан жесе болот+. 12  Эгер дин кызматчынын кызы дин кызматчынын үй-бүлөсүнөн болбогон кишиге турмушка чыкса, ыйык тартуулардан жебеши керек. 13  Бирок ал жесир калса же күйөөсү коё берсе жана балдары жок болсо, ошондой эле атасыныкына кайтып келип, мурункудай эле аныкында жашай турган болсо+, атасынын тамагынан жесе болот+. Алардан башка эч ким ыйык тартуулардан жебеши керек. 14  Эгер кимдир бирөө ыйык тартуулардан билбей жеп алса+, дин кызматчыга башка тартуу алып келип, анын үстүнө анын бештен бир бөлүгүн кошуп берсин+. 15  Дин кызматчылар Ысрайыл уулдарынын Жахабага тартуулаган ыйык нерселерин арамдабашы керек+, 16  алардын өздөрү алып келген ыйык тартууларын жеп алып жазаланышына себепкер болбошу керек. Мен аларды ыйыктаган Жахабамын“». 17  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 18  «Арун менен анын уулдарына, бүт Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Ысрайыл элинин же Ысрайыл жеринде жашаган келгиндердин арасынан кимдир бирөө берген анты үчүн+ же ыктыярдуу курмандык катары тартуу алып келип+, аны Жахабага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары бере турган болсо+, 19  Кудайга жагышыңар үчүн+, алып келген курмандыгыңар кемтиги жок бука+, жаш кочкор же теке болсун. 20  Кудайга жакпай калбашыңар үчүн курмандыкка кемтиги бар мал алып келбегиле+. 21  Эгер кимдир бирөө берген анты үчүн+ же ыктыярдуу курмандык катары Жахабага тынчтык курмандыгын алып келе турган болсо+, Кудайга жагыш үчүн бодо же майда малынын ичинен кемтиги жок мал алып келсин. Анын эч кандай кемтиги болбошу керек. 22  Сокур, бир жери сынган же тилинген, сөөлү бар, денесин жара же чакалай баскан малды Жахабага алып келбегиле+, аны өрттөлүүчү тартуу катары+ Жахабага арнап курмандык жайына койбогула. 23  Эгер буканын же койдун бир буту узун же кыска болсо+, аны ыктыярдуу курмандыкка алып келсең болот. Бирок аны берген антың үчүн алып келгенге болбойт, ал кабыл алынбайт. 24  Эни кысылып же жанчылып, же жулунуп калган, же эни кесилип алынган малды+ Жахабага алып келбегиле, өз жериңерде андай малды курмандыкка чалбагыла. 25  Андай малды бөтөн жерлик кишинин колунан алып, Кудайыңарга тамак катары алып келбегиле, анткени анын кемтиги бар+. Кемтиги бар болгондуктан, ал кабыл алынбайт“»+. 26  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 27  «Музоо, козу же улак туулгандан кийин жети күн энесинин жанында болсун+. Ал эми сегизинчи күндөн тартып аны Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу катары чалса болот, ал кабыл алынат. 28  Уйду музоосу менен бир күндө сойбогула, койду да козусу менен бир күндө сойбогула+. 29  Эгер Жахабага ыраазычылык билдириш үчүн курмандык чала турган болсоңор+, аны Кудайдын ырайымына ээ боло тургандай кылып чалгыла. 30  Аны ошол эле күнү жешиңер керек+. Андан эртең мененкиге эч нерсе калтырбагыла+. Мен Жахабамын. 31  Менин осуяттарымды аткаргыла+. Мен Жахабамын. 32  Менин ыйык ысмыма шек келтирбегиле+. Мен Ысрайыл уулдарынын арасында ыйык болушум керек+. Мен силерди ыйыктаган Жахабамын+. 33  Силердин Кудайыңар болуш үчүн силерди Мисир жеринен алып чыккам+. Мен Жахабамын».

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «жан». Бул Лб 22:6, 11-аяттарга да тиешелүү.
Сөзмө-сөз: «жанга».