Лебилер 3:1—17

3  Эгер ал бодо малдан, эркек болобу же ургаачы болобу, тынчтык курмандыгын алып келе турган болсо+, анда Жахабанын алдына кемтиги жок мал алып келсин+.  Ал курмандыкка алып келген малынын башына колун койсун+; аны жыйын чатырынын кире беришинде союшат. Арундун уулдары, дин кызматчылар, анын канынан алып, курмандык жайына тегерете чачыратып чыгышат.  Ал тынчтык курмандыгынын айрым бөлүктөрүн Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу катары алып келсин, атап айтканда, анын ич майын+, ичиндеги бүт майын+,  эки бөйрөгүн+, бөйрөк майын, карчыга майын алып келсин. Бөйрөктөрү менен кошо боорундагы майын да өзүнчө бөлүп койсун.  Арундун уулдары+ алардын баарын курмандык жайында күйүп жаткан отундардын үстүндөгү бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын үстүнө коюп+, Жахабага арналган жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу+ катары өрттөшөт+.  Эгер ал Жахабага арнап майда малдан, эркек болобу же ургаачы болобу, тынчтык курмандыгын алып келе турган болсо, анда кемтиги жок мал алып келсин+.  Эгер курмандыкка жаш кочкор алып келе турган болсо, аны Жахабанын алдына алып келсин+.  Ал алып келген малынын башына колун койсун+; аны жыйын чатырынын алдында союшат+. Арундун уулдары анын канынан алып, курмандык жайына тегерете чачыратып чыгышат.  Ал тынчтык курмандыгынын майын Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу катары алып келсин+. Анын куйрук майын+ омурткасына чейин, ич майын, ичиндеги бүт майын+, 10  эки бөйрөгүн, бөйрөк майын, карчыга майын бөлүп алсын. Бөйрөктөрү+ менен кошо боорундагы майын да өзүнчө бөлүп койсун. 11  Дин кызматчы алардын баарын курмандык жайында тамак катары+, Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу катары өрттөйт+. 12  Эгер курмандыкка теке+ алып келе турган болсо, аны Жахабанын алдына алып келсин. 13  Ал алып келген малынын башына колун койсун+; аны жыйын чатырынын алдында союшат+. Арундун уулдары анын канынан алып, курмандык жайына тегерете чачыратып чыгышат. 14  Ал алып келген курмандыгынын айрым бөлүктөрүн Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу катары алып келсин: анын ич майын, ичиндеги бүт майын+, 15  эки бөйрөгүн, бөйрөк майын, карчыга майын алып келсин. Бөйрөктөрү менен кошо боорундагы майын да өзүнчө бөлүп койсун. 16  Дин кызматчы алардын баарын курмандык жайында тамак катары, жыты жагымдуу өрттөлүүчү тартуу катары өрттөйт. Майдын баары Жахабага таандык+. 17  Эч кандай май, эч кандай кан жебегиле+. Бул — жашаган жериңердин баарында өзүңөр да, укум-тукумуңар да түбөлүккө сакташыңар керек болгон көрсөтмө“».

Шилтемелер