Лебилер 5:1—19

5  Эгер кимдир бирөө*+ башка бирөөнүн күнөө кылганын көрсө же билсе, ал күбө болуп эсептелет. Андыктан ал күнөө кетирген кишиге каршы күбөгө өтүү жөнүндөгү жарыяны* уккандан кийин+ анын күнөөсү тууралуу айтпай койсо+, күнөө кылган болот. Ал күнөөсү үчүн жоопко тартылсын.  Эгер кимдир бирөө таза эмес бир нерсеге: адал эмес жапайы жаныбардын өлүгүнө же адал эмес үй айбанатынын же жер жайнаган адал эмес майда жандыктардын биринин өлүгүнө+ тийсе, ага тийгенин билбей калганына карабай+ таза эмес, күнөөлүү болуп калат+.  Ошондой эле ким адамга байланышкан таза эмес нерсеге+ — аны таза эмес кылып коё турган бир нерсеге же таза эмес адамга — тийсе жана аны кийин билип калса, ал баары бир деле күнөөлүү болот.  Эгер кимдир бирөө, жаман иш болобу же жакшы иш болобу, кайсы бир ишти кылууга+ ойлонбой туруп+ ант берсе+ жана ойлонбой туруп ант бергенин кийин түшүнсө, ал баары бир деле күнөөлүү болот.  Эгер кимдир бирөө ушулардын бирин кылып айыптуу болуп калса, кандай күнөө кетиргенин айтып, мойнуна алсын+.  Анан күнөөсү үчүн Жахабага айып курмандыгын алып келсин+: малынын арасынан ургаачы козуну же улакты күнөө курмандыгы катары алып келсин+. Дин кызматчы аны күнөөсүнөн арылтат+.  Эгер кой алып келе албаса+, анда кетирген күнөөсү үчүн Жахабага айып курмандыгына эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келсин+: бири күнөө курмандыгына+, экинчиси бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынат.  Ал аларды дин кызматчыга берсин. Дин кызматчы күнөө курмандыгы катары биринчи канаттуунун мойнун бурайт+, бирок жулуп албайт.  Анан анын канынан алып, курмандык жайынын капталына чачыратсын, калган канын курмандык жайынын түбүнө агызсын+. Бул — күнөө курмандыгы. 10  Экинчисин болсо, берилген көрсөтмөгө ылайык, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык катары чалсын+. Дин кызматчы аны күнөөдөн арылтат+, анын күнөөсү кечирилет+. 11  Эгер эки бактек же эки жаш көгүчкөн алып келгенге шарты жок болсо+, анда күнөө курмандыгына эң жакшы ундан эйфанын* ондон бир бөлүгүн алып келсин+. Бирок үстүнө май куйбасын+, ладан сеппесин, анткени бул — күнөө курмандыгы+. 12  Ал аны дин кызматчыга алып келсин. Дин кызматчы андан бир кочуш толтура алып, эстетиши үчүн+, Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуулардын үстүнө коюп, курмандык жайында өрттөсүн+. Бул — күнөө курмандыгы+. 13  Ошентип, дин кызматчы аны күнөөдөн, айтылган күнөөлөрдүн кайсынысынан болбосун, арылтат+, анын күнөөсү кечирилет. Ал алып келген тартуудан артканы, нан курмандыгынан арткан нерседей эле, дин кызматчыга таандык болот“»+. 14  Жахаба Мусага дагы мындай деди: 15  «Эгер кимдир бирөө Жахабага таандык ыйык нерселерге каршы жаңылыштык менен күнөө кылып+, ишенимдүүлүгүнөн тайса, анда Жахабага айып курмандыгына кемтиги жок кочкор алып келсин+. Анысы айып курмандыгы катары күмүш шекел*+ менен, ыйык жердин шекели менен, баалансын. 16  Ал киши ыйык жерге каршы кылган күнөөсү үчүн белгиленген бааны төлөп, үстүнө анын бештен бир бөлүгүн кошуп дин кызматчыга берет+. Ошондо дин кызматчы кочкорду айып курмандыгына чалып, аны күнөөдөн арылтат+, анын күнөөсү кечирилет+. 17  Эгер кимдир бирөө Жахаба кылба деген иштердин бирин кылып, күнөө кетирсе, билбей күнөө кылганына карабай айыптуу болот+. Андыктан күнөөсү үчүн жоопко тартылышы керек+. 18  Ал айып курмандыгына белгиленген баага ылайык келген кемтиги жок кочкор алып келип+, дин кызматчыга берсин. Дин кызматчы аны билбей кылып алган күнөөсүнөн арылтат+, анын күнөөсү кечирилет+. 19  Бул — айып курмандыгы. Ал киши Жахабага каршы күнөө кылды»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «эл алдында айтылган каргышты». Сыягы, бул зыян тарткан кишинин адилеттикти талап кылып эл алдында айткан сөзүн билдирет. Анын сөзү күнөө кылган кишиге же күбөгө өтпөгөн кишиге карата айтылган каргышын камтыган.
Сөзмө-сөз: «жан». Бул Лб 5:2, 4, 15, 17-аяттарга да тиешелүү.
1 эйфа = 22 л.
Шекел еврейлердин негизги чен жана акча бирдиги болгон. Салмагы 11,4 г. Кара: 13-тирк.