Лебилер 8:1—36

8  Жахаба Мусага дагы мындай деди:  «Арун менен анын уулдарын+, кийимдерди+, ыйык майды*+, күнөө курмандыгына чалына турган букачарды+, эки кочкорду, ачыткы кошулбай жасалган нандар+ салынган себетти алып келип,  бүт жамаатты жыйын чатырынын алдына чогулт»+.  Муса Жахаба айткандай кылды. Бүт жамаат жыйын чатырынын алдына+ чогулду.  Ошондо Муса аларга: «Жахаба мындай кылууну буйрук кылды»,— деди да+,  Арун менен анын уулдарын алып келип, жуунууну буйруду+.  Андан кийин Арунга узун көйнөк кийгизип, белин кур менен курчады+. Анын үстүнөн жеңи жок көйнөк+ менен эфодду кийгизип, эфоддун+ курун байлады+.  Андан соң төш жапкычты+ тагып, ага урим менен тумимди салды+.  Башына болсо чалма кийгизип+, маңдай жагына жалтырап турган алтын тасманы — арналуунун ыйык белгисин+ — такты. Муса баарын Жахаба ага буйругандай кылды. 10  Анан ал ыйык майды алып, ыйык чатырды+, анын ичиндеги нерселердин баарын майлап, аларды ыйыктады. 11  Андан кийин майдан курмандык жайына жети жолу чачыратып, курмандык жайын+, ага тиешелүү бардык нерселерди, чоң казанды, анын түпкүчүн майлап, аларды ыйыктады. 12  Акырында Арундун башына ыйык майдан куюп, аны майлап, ыйыктады+. 13  Андан соң Арундун уулдарын алып келип+, аларга узун көйнөктөрдү кийгизди да, белдерин кур менен курчап+, баштарына баш кийим+ кийгизди. Муса баарын Жахаба ага буйругандай кылды. 14  Ал күнөө курмандыгына чалына турган букачарды алып келди+. Арун менен уулдары анын башына колдорун коюшту+. 15  Муса аны союп+, канынан алып+, манжасы менен курмандык жайынын мүйүздөрүнүн ар бирине сыйпап, курмандык жайын күнөөдөн арылтты+. Калган канды болсо курмандык жайынын түбүнө төктү. Ал курмандык жайын ушундайча ыйыктап, тазалады. 16  Анан букачардын бүт ич майын, боорундагы майын, эки бөйрөгүн, бөйрөк майын алып, баарын курмандык жайынын үстүндө өрттөдү+. 17  Ал эми букачарды, анын терисин, этин кан-жини менен кошо конуштун сыртына алып барып өрттөдү+. Муса баарын Жахаба ага буйругандай кылды. 18  Анан ал бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалына турган кочкорду алып келди. Арун менен уулдары анын башына колдорун коюшту+. 19  Муса аны союп, канынан алып, курмандык жайына тегерете чачыратып чыкты+. 20  Ал кочкордун этин бөлүп+, башын, бөлүнгөн этин, майын өрттөдү. 21  Ичеги-карыны менен шыйрактарын жууп, кочкорду бүт бойдон курмандык жайында өрттөдү+. Бул — жыты жагымдуу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык+, Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу. Муса баарын Жахаба ага буйругандай кылды. 22  Анан экинчи кочкорду, дин кызматчылыкка дайындаш үчүн курмандыкка чалына турган кочкорду, алып келди+. Арун менен уулдары анын башына колдорун коюшту. 23  Муса аны союп, канынан алды да, Арундун оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына сүйкөдү+. 24  Андан соң Арундун уулдарын алып келип, алардын оң кулагынын көнчөгүнө, оң колунун бармагы менен оң бутунун бармагына кочкордун канынан сүйкөдү. Калган канды болсо курмандык жайына тегерете чачыратып чыкты+. 25  Анан Муса кочкордун майын, куйрук майын, бүт ич майын+, боорундагы майын, эки бөйрөгүн, бөйрөк майын, оң санын шыйрагы менен алды+. 26  Ошондой эле Жахабанын алдындагы ачыткы кошулбай жасалган нандар салынган себеттеги ортосу оюк токочтон+, май кошулган ортосу оюк токочтон+, каламадан бирден алып+, кочкордун майынын, оң саны менен шыйрагынын үстүнө койду. 27  Анан алардын баарын Арун менен уулдарынын колдоруна коюп, Жахабанын алдында чайпалтуу курмандыгы катары ары-бери чайпады+. 28  Андан кийин Муса бардыгын алардын колунан кайра алып, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын үстүнө коюп, курмандык жайында өрттөдү+. Бул — дин кызматчылыкка дайындаганда чалынган+ жыты жагымдуу курмандык+, Жахабага арналган өрттөлүүчү тартуу+. 29  Муса кочкордун төшүн алып+, Жахабанын алдында чайпалтуу курмандыгы катары ары-бери чайпады+. Дин кызматчылыкка дайындоо үчүн чалынган кочкордон Мусага тийген үлүш+ — ушул. Муса баарын Жахаба ага буйругандай кылды. 30  Анан Муса ыйык май+ менен курмандык жайындагы кандан алып, Арунга, анын кийимине, ошондой эле уулдарына жана алардын кийимдерине чачыратты. Ал Арун менен анын уулдарын+, алардын кийимдерин ошентип ыйыктады+. 31  Андан соң Муса Арун менен анын уулдарына мындай деди: «Мага: „Аны Арун менен анын уулдары жешсин“,— деп айтылган буйрукка ылайык, этти жыйын чатырынын кире беришинде бышырып+, дин кызматчылыкка дайындаганда колдонулган себеттеги нан менен кошо ошол жерде жегиле+. 32  Эт менен нандын артып калганын өрттөп салгыла+. 33  Дин кызматчылыкка дайындоо күндөрү бүтмөйүнчө, жети күн жыйын чатырынын кире беришинен кетпегиле+. Анткени силерди бийликке ээ кылыш* үчүн жети күн керек+. 34  Силерди күнөөдөн арылтыш үчүн+, Жахаба бүгүн кылынган нерселерди ушул жети күндүн калган күндөрүндө да кылууга буйрук кылды. 35  Жети күн бою+ күнү-түнү жыйын чатырынын кире беришинде болуп, өлүп калбашыңар үчүн Жахаба тапшырган күзөттө тургула+, анткени мага ушундай буйрук берилген». 36  Арун менен анын уулдары Жахаба Муса аркылуу буйругандардын баарын аткарышты.

Шилтемелер

Чг 25:6нын шилт-н кара.
Чг 28:41дин шилт-н кара.