Лебилер 9:1—24
9 Сегизинчи күнү+ Муса Арун менен анын уулдарын, Ысрайыл аксакалдарын чакырып,
2 Арунга мындай деди: «Күнөө курмандыгына кемтиги жок бир музоо+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемтиги жок бир кочкор алып келип+, Жахабанын алдына кой+.
3 Анан Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: „Күнөө курмандыгына бир теке+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемтиги жок бир жашар музоо, кемтиги жок бир жашар эркек козу+,
4 тынчтык курмандыгына+ бука менен кочкор, ошондой эле май кошулган нан курмандыгын+ алып келгиле да, аларды Жахабанын алдында курмандыкка чалгыла, анткени Жахаба бүгүн силерге көрүнөт“»+.
5 Алар Муса буйругандын баарын жыйын чатырына алып келишти. Анан бүт жамаат келип, Жахабанын алдына турду+.
6 Муса аларга: «Жахабанын даңкы силерге көрүнүшү үчүн+, Жахаба силерге буларды кылууну буйруду»,— деди.
7 Андан кийин Арунга: «Курмандык жайына барып, өзүң алып келген күнөө курмандыгы+ менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалып, өзүңдү да, үйдөгүлөрүңдү да күнөөдөн арылт+. Ошондой эле эл үчүн курмандык чалып+, Жахаба буйругандай, аларды күнөөдөн арылт»,— деди+.
8 Арун курмандык жайынын жанына барып, өзүнүн күнөөсү үчүн курмандыкка чалына турган музоону сойду+.
9 Уулдары ага музоонун канынан алып келишти+. Арун ага манжасын малып+, курмандык жайынын мүйүздөрүнө сыйпады+, калган канды болсо курмандык жайынын түбүнө төктү.
10 Музоонун майын+, бөйрөктөрүн, боорундагы майын алып, Жахаба Мусага буйругандай, курмандык жайынын үстүндө өрттөдү+.
11 Эти менен терисин болсо конуштун сыртына алып барып өрттөдү+.
12 Андан кийин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалына турган малды сойду. Уулдары ага анын канынан алып келишти. Арун аны курмандык жайына тегерете чачыратып чыкты+.
13 Алар ага бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалынган малдын бөлүнгөн этин, башын алып келишти. Арун анын баарын курмандык жайында өрттөдү+.
14 Анан анын ичеги-карынын, шыйрактарын жууп, курмандык жайындагы бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктын үстүндө өрттөдү+.
15 Андан соң эл үчүн курмандык чала баштады+. Элдин күнөөсү үчүн курмандыкка чалына турган текени сойду да, биринчи курмандыктай кылып, аны күнөө үчүн курмандыкка чалды.
16 Анан, берилген көрсөтмөгө ылайык, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалды+.
17 Андан кийин нан курмандыгынан+ бир кочуш алып, эртең менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалынган курмандык жайынын үстүндө өрттөдү+.
18 Аны өрттөгөндөн кийин эл үчүн тынчтык курмандыгы катары алынып келген бука менен кочкорду сойду+. Уулдары ага алардын канынан алып келишти. Арун аны курмандык жайына тегерете чачыратып чыкты+.
19 Андан кийин алар буканын майы+ менен кочкордун куйрук майын+, алардын ич майын, бөйрөктөрүн, боорундагы майын алып,
20 бука менен кочкордун төшүнүн үстүнө коюшту+. Арун ал майдын баарын курмандык жайында өрттөдү.
21 Ал эми алардын төшүн, арткы оң санын шыйрагы менен, Муса буйругандай, Жахабанын алдында чайпалтуу курмандыгы катары ары-бери чайпады+.
22 Анан Арун колун көтөрүп, элге батасын берип+, күнөө курмандыгын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты, тынчтык курмандыгын чалган жерден түштү+.
23 Акырында Муса менен Арун жыйын чатырына киришти. Кайра чыккандан кийин элге батасын беришти+.
Ошондо бүт эл Жахабанын даңкын көрдү+.
24 Жахабадан от түшүп+, курмандык жайындагы май менен бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты жалмап кетти. Муну көргөндө бүт эл кубанып, жүзтөмөндөп жыгылды+.