Марк 2:1—28
2 Бир нече күндөн кийин Иса кайрадан Капернаумга келди. Анын үйдө экенин билишкенде+,
2 ал жерге көп эл чогулду. Келгендер ушунчалык көп болгондуктан, эшиктин алдында да орун калбай калды. Иса аларга Кудайдын сөзүн айта баштады+.
3 Ошондо ага шал оорулуу бирөөнү алып келишти. Аны төрт киши көтөрүп келди+.
4 Элдин көптүгүнөн аны Исанын жанына алып бара алышпагандыктан, үйдүн чатырын ачып, ал отурган жердин үстүн тешишти да, шал оорулууну замбили менен кошо ылдый түшүрүштү+.
5 Алардын ишенимин көрүп+, Иса шал оорулууга: «Балам, күнөөлөрүң кечирилди»,— деди+.
6 Ал жерде китепчилердин айрымдары бар эле. Алар ичинен+:
7 «Бул эмне үчүн минтип айтып жатат? Кудайга акарат кылып жатпайбы. Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат?»+ — деп ойлоп жатышты.
8 Ошол замат Иса алардын оюн билип: «Эмнеге минтип ойлоп жатасыңар?+
9 Шал оорулууга: „Күнөөлөрүң кечирилди“,— деп айткан оңойбу же: „Ордуңан туруп, замбилиңди ал да, бас“,— деп айткан оңойбу?+
10 Бирок адам Уулунун+ жерде күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар экенин билишиңер үчүн...»+ — деди да, шал оорулууга:
11 «Сага айтам, ордуңан туруп, замбилиңди ал да, үйүңө бар»,— деди+.
12 Ошондо ал ордунан турду да, замбилин алып, баарынын көзүнчө сыртка чыгып кетти+. Буга бардыгы абдан таң калып: «Мындайды биз эч качан көргөн эмес элек» — деп, Кудайды даңкташты+.
13 Иса кайрадан деңиздин жээгине барды. Анын жанына көп эл чогулду. Ошондо ал аларды окута баштады.
14 Анан ал жерден кеткенден кийин салык чогултуучу жайда отурган Алпейдин уулу Лебини көрүп+, ага: «Менин жолдоочум бол»,— деди+. Ал туруп, Исанын артынан жөнөдү.
15 Кийин Иса анын үйүндө дасторкон үстүндө отурганда, Анын жолун жолдогон көптөгөн салык жыйноочулар менен күнөөкөрлөр келип+, аны менен шакирттеринин жанына отурушту+.
16 Исанын алар менен тамактанып отурганын көрүп, фарисейлердин* арасынан чыккан китепчилер анын шакирттерине: «Эмне, бул салык жыйноочулар, күнөөкөрлөр менен тамактана береби?» — дей башташты+.
17 Бул сөздөрдү угуп, Иса аларга: «Дарыгерге дени сак адамдар эмес, оорулуулар муктаж. Мен адил адамдарды эмес, күнөөкөрлөрдү чакырганы келдим»,— деди+.
18 Жакандын шакирттери менен фарисейлер орозо кармашчу. Ошондуктан алар Исага келип: «Эмне үчүн Жакандын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери орозо кармашат да, сенин шакирттериң кармашпайт?» — деп сурашты+.
19 Иса мындай деди: «Үйлөнө турган жигит достору менен жүргөндө, алар кайгырып орозо кармамак беле?+ Досу жанында жүргөндө, алар орозо кармашпайт+.
20 Ал досторунан бөлүнө турган күндөр келет, ошондо орозо кармашат+.
21 Эч ким эски сырт кийимге жаңы кездемеден жамаачы салбайт. Болбосо жууганда ал кирип кетет да, кийим айрылып, жыртык мурункудан да чоң болуп калат+.
22 Ошондой эле жаңы шарапты эч ким эски чаначка куйбайт. Болбосо чанач айрылып, шарап да, чанач да жарабай калат+. Жаңы шарапты жаңы чаначка куюшат»+.
23 Ишемби* күндөрдүн биринде Иса эгин талааларын аралап баратканда, жанындагы шакирттери буудайдын башын үзүп+, жей башташты+.
24 Ошондо фарисейлер Исага: «Буларды карачы! Эмне үчүн ишембиде кылганга болбой турган ишти кылып жатышат?» — дешти+.
25 Буга ал: «Тамак-ашы түгөнүп, өзү да, жанындагы кишилери да ачка болгондо+, Дөөтүнүн эмне кылганын эч качан окуган эмес белеңер?+
26 Жогорку дин кызматчы Абыятар+ жөнүндөгү билдирүүдө айтылгандай, Дөөтүнүн Кудайдын үйүнө кирип, ал жердеги тартуу катары алынып келген+, дин кызматчылардан башка эч ким жебеши керек болгон+ нандардан жегенин, жанындагыларга да бергенин билбейсиңерби?» — деди+.
27 Анан: «Адам ишемби үчүн эмес+, ишемби адам үчүн жаратылган+.
28 Ошондуктан адам Уулу — ишембинин да Мырзасы»,— деп кошумчалады+.