Микей 6:1—16

6  Суранам, Жахабанын эмне деп жатканын уккула+. Тур, дооңду тоолордун алдында айт, үнүң адырларга угулсун+.  Тоолор, урагыс аскалар, жердин пайдубалдары, Жахабанын доосун уккула+. Анткени Жахаба өзүнүн эли менен соттошуп жатат, Ысрайылга доо коюп жатат+.  «Элим+, мен сага эмне кылдым? Сени эмне кылып чарчаттым?+ Мага каршы күбөгө өт+.  Мен сени Мисир жеринен алып чыгып+, кулчулуктун үйүнөн куткаргам+. Алдыңан Муса, Арун, Мириямдарды+ жибергем.  Элим, Мааптын падышасы Балактын арам оюн+, ага Беор уулу Биламдын эмне деп жооп бергенин+ эстечи+. Жахабанын адил иштери белгилүү болушу үчүн+, Шитимден+ Гилгалга+ чейин жол бою ушундай болгон».  Жахабанын алдына эмне алып барам?+ Жогорудагы Кудайга эмне алып барып таазим кылам?+ Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык, торпок алып барамбы?+  Жахабаны миңдеген кочкорлор, он миңдеген май дайралар кубантабы?+ Козголоңум үчүн тун уулумду, жанымдын күнөөсү үчүн өз баламды* беремби?+  Оо, пенде, ал эмне жакшы экенин сага айткан+. Жахаба сенден адилет болуудан+, кайрымдуулукту* жакшы көрүүдөн+, Кудайыңдын жолунда жөнөкөйлүк менен+ жүрүүдөн башканы талап кылабы?+  Жахабанын үнү шаарга жетет+; даанышман адам сенин ысмыңдан коркот+. Таякка жана аны койгондун үнүнө кулак салгыла+. 10  Ыймансыздын үйүндө арам байлык+, өлчөмү азайтылган жийиркеничтүү эйфа дагы деле барбы? 11  Таразам так эмес болсо, баштыктагы тараза таштарым туура эмес болсо, мен таза боло аламбы?+ 12  Анын байлары зордук-зомбулукка белчесинен баткан+. Тургундары да калп айтат, алардын тили митаам+. 13  «Мен сага сокку уруп, сени оорукчан кылам+. Сен өз күнөөлөрүң үчүн ээн каласың+. 14  Тамак жейсиң, бирок тойбойсуң, ачка каласың+. Буюм-тайымыңды катасың, бирок сактап кала албайсың. Сактап калгандарыңды болсо мен кылыч мизине салып берем+. 15  Эгин эгесиң, бирок оруп албайсың, зайтун сыгасың, бирок май менен майланбайсың. Жүзүм ширесин сыгасың, бирок шарап ичпейсиң+. 16  Омринин+ көрсөтмөлөрүн аткарып, Ахаптын үйүнүн бардык иштерин кылганыңар үчүн+, алардын кеңеши боюнча жүргөнүңөр үчүн+, башкалар силерди көрүп таң калгыдай, шаардын тургундарын карап ышкыргыдай кылам+. Силер элдердин шылдыңына каласыңар»+.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «курсагымдын жемишин».
Же: «мээримдүүлүктү, берилгендикти».