Мыйзам 11:1—32
11 Жахаба Кудайыңды сүй+, анын алдындагы милдеттериңди, анын көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын+, осуяттарын дайыма аткар.
2 Өзүңөр жакшы билгендей, бүгүн мен силердин балдарыңарга эмес, силерге кайрылып жатам. Анткени балдарыңар Жахаба Кудайыңардын кандайча тарбиялаарын+, анын улуулугун+, сунулган күчтүү колун+ көрүшкөн эмес.
3 Алар анын Мисирде Мисир падышасы фараон менен анын бүт жерине кандай кереметтерди көрсөтүп+, кандай иштерди жасаганын,
4 Мисирдин аскерлери, аттары менен майдан арабалары артыңардан кууп келатканда, Жахабанын Кызыл деңиздин суусун каптатып+, аларды кырып жок кылганын+,
5 бул жерге жеткениңерче чөлдө силерге кантип кам көрүп келгенин,
6 ошондой эле жер оозун ачып, бүт Ысрайылдын көзүнчө Рубейиндин уулу Элиаптын уулдары Датан менен Абырамды+ үйүндөгүлөрү, чатырлары жана жанындагы адамдары, малы менен кошо жутуп кеткенин+ көрүшкөн эмес.
7 Силер болсо Жахаба жасаган улуу иштердин баарын өз көзүңөр менен көргөнсүңөр+.
8 Мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын аткарсаңар+, күчтүү болосуңар, дарыянын аркы өйүзүнө өтүп, ээлегени бараткан жерди ээлейсиңер+,
9 Жахаба ата-бабаларыңар менен алардын тукумдарына берем деп убада кылган+ жерде, сүт менен бал аккан жерде+, узак жашайсыңар+.
10 Сен ээлегени бараткан жер силер чыккан Мисир жериндей эмес. Ал жакта силер үрөн сепкен жериңерди сугарыш үчүн бакча сугаргандагыдай оор эмгектенчүсүңөр.
11 Ал эми азыр ээлегени бараткан жер — тоолуу, өрөөндүү+, асмандан жааган жамгыр менен сугарылган,
12 Жахаба Кудайың өзү кам көргөн жер. Жахаба Кудайың ал жерге жылдын башынан аягына чейин көз салып турат+.
13 Эгер мен бүгүн буйрук кылган осуяттарды аткарсаңар+, Жахаба Кудайыңарды сүйсөңөр, ага бүт жүрөгүңөр, бүт жаныңар менен кызмат кылсаңар+,
14 ал* жериңерге күзгү жана жазгы жамгырды+ өз убагында жаадырат+, даның, жаңы шарабың, майың болот.
15 Ал малың үчүн талаага чөп өстүрөт+, өзүң да тойгончо ичип-жейсиң+.
16 Сак болгула, жүрөгүңөр азгырылып кетпесин+. Менден четтеп, башка кудайларга таазим кылып, аларга сыйынып кетпегиле+.
17 Болбосо Жахаба силерге каарданып, асманды жаап коёт+. Ошондо жамгыр жаабай, жер түшүм бербей калат, Жахаба силерге берген жакшы жерден бат эле жок болосуңар+.
18 Менин бул сөздөрүмдү бүт жүрөгүңөр+, бүт жаныңар менен кабыл алгыла. Аларды колуңарга белги катары байлап, чекеңерге таңып алгыла+.
19 Аларды балдарыңарга үйдө отурганыңарда да, жолдо баратканыңарда да, жатканыңарда да, турганыңарда да үйрөткүлө+.
20 Ошондой эле аларды эшигиңдин кашектерине, шаарыңдын дарбазаларына жазып кой+.
21 Ошондо, асман жердин үстүндө канча убакыт турса+, өзүңөр да, балдарыңар да Жахаба ата-бабаларыңарга берем деп убада кылган+ жерде ошончо убакыт өмүр сүрөсүңөр+.
22 Эгер мен буйрук кылган осуяттарды кылдаттык менен аткарсаңар+, Жахаба Кудайыңарды сүйсөңөр+, анын жолдору менен жүрүп+, ага ишенимдүү бойдон калсаңар+,
23 Жахаба бул элдердин баарын силердин алдыңардан кууп чыгат+. Силер өзүңөрдөн алда канча күчтүү жана алда канча көп элдердин+ жерин басып аласыңар.
24 Бутуңар баскан жердин баары силердики болот+. Чек араңар чөлдөн Лебанонго чейин, дарыядан, Эфрат дарыясынан, батыштагы деңизге чейин болот+.
25 Силерге эч ким туруштук бере албайт+. Жахаба Кудайыңар, өзү убада кылгандай, силер баскан жерлердеги элдердин баарын силерден коркуп, үрөйү уча тургандай кылат+.
26 Бүгүн мен силерге бата менен каргышты сунуш кылам+:
27 эгер Жахаба Кудайыңардын мен бүгүн силерге буйрук кылган осуяттарын аткарсаңар, бата аласыңар+.
28 Ал эми Жахаба Кудайыңардын осуяттарын аткарбай+, мен бүгүн силерге көрсөткөн жолдон четтеп, өзүңөр билбеген кудайларды ээрчип кетсеңер, каргышка каласыңар+.
29 Жахаба Кудайың сени ээлегени бараткан жериңе алып барганда+, Гаризим тоосунда бата бер+, ал эми Эбал тоосунда каргыш айт+.
30 Ал тоолор Иордандын аркы өйүзүндө, батыш тарабында, Арабада+ жашаган канаандыктардын жеринде, Гилгалдын+ алдында, Моренин чоң дарактарынын+ жанында.
31 Силер Жахаба Кудайыңар берип жаткан жерди ээлеш үчүн Иордандын аркы өйүзүнө өткөнү жатасыңар. Ал жерди ээлеп, анда жашагыла+.
32 Бүгүн мен силерге айткан+ көрсөтмөлөр менен мыйзамдардын баарын кылдаттык менен аткаргыла+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «мен». Кудайга тиешелүү.