Мыйзам 15:1—23
15 Ар бир жетинчи жылдын аягында карызды кечүүнү жарыяла.
2 Карызды кечүү мындайча жарыяланат+: аласасы бар адам ага бересеси бар адамдын карызын кече турганын айтат. Ал бересеси бар кишиден же бир тууганынан карызды төлөп беришин талап кылбашы керек+, анткени Жахаба үчүн карызды кечүү жарыяланышы керек+.
3 Бөтөн жерликтен+ карызыңды төлөп беришин талап кылсаң болот, ал эми бир тууганыңдын карызын, ал канча карыз болбосун, кечип кой.
4 Араңарда жакырлар болбошу керек, анткени Жахаба Кудайыңар энчиңерге берип жаткан жерде+ Жахаба сага батасын берет+.
5 Бирок Жахаба Кудайың батасын бериши үчүн, сен анын тилин алып, мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын кылдаттык менен аткарышың керек+.
6 Жахаба Кудайың, өзү убада кылгандай, сага батасын берет. Сен башка элдерге карыз бересиң+, өзүң болсо карыз албайсың, көптөгөн элдерге үстөмдүк кыласың, алар болсо сага үстөмдүк кыла алышпайт+.
7 Эгер Жахаба Кудайың сага берген жердеги шаарлардын биринде жашаган бир тууганың жакырланып кетсе, жүрөгүңдү катуулантпа, жакырланып кеткен ал бир тууганыңа сараңдык кылба*+.
8 Ага марттык көрсөтүп+, карызга эмне сураса, ошону бер, канча сураса, ошончо бер.
9 Сак бол, жүрөгүңдө+: „Жетинчи жыл, карызды кечүү жылы жакындап келатат“+,— деген жаман ой пайда болуп, жакырланып кеткен бир тууганыңа сараңданып* эч нерсе бербей койбо+. Болбосо ал сенин үстүңөн Жахабага арызданат+, ошондо күнөөлүү болуп каласың+.
10 Ага карыз бер+. Карыз берип жатканда ичиң ачышпасын. Ошондо Жахаба Кудайың кылган иш-аракеттериңдин баарына батасын берет+.
11 Анткени сен бараткан жерде жакырлар болбой койбойт+. Ошондуктан мен сага: „Жашаган жериңдеги жакыр, бечара бир тууганыңа марттык көрсөт*“+,— деп буйрук кылып жатам.
12 Эгер бир тууганыңды, еврей эркекти же аялды, сатып алган болсоң+ жана ал сага алты жыл кызмат кылып берген болсо, жетинчи жылы аны эркиндикке чыгар+.
13 Аны эркиндикке чыгарганда куру кол кетирбе+.
14 Ага малыңдан, кырманыңдан, май сыккычыңдан алынган майдан, жүзүм сыккычыңдан алынган шараптан бер. Жахаба Кудайың сага батасын бергендиктен, сен да бир тууганыңа бер+.
15 Мисир жеринде кул болгонуңду, Жахаба Кудайыңдын сени кун төлөп сатып алганын эсиңден чыгарба+. Ошондуктан бүгүн сага ушуларды буйрук кылып жатам.
16 Эгер кулуң сени да, үйүңдөгүлөрүңдү да жакшы көргөндүктөн, сеникинде жашаган ага жаккандыктан: „Мен сеникинен кетпейм“,— десе+,
17 анда аны эшиктин же кашектин жанына тургузуп, кулагын шибеге менен тешип кой+. Күңүңдү да ошент.
18 Аны эркиндикке чыгаруу сен үчүн кыйын болбосун+, анткени ал сага алты жыл ичинде жалданма жумушчуга караганда эки эсе көп акы алгыдай кызмат кылды+ жана Жахаба Кудайың сенин бардык иштериңе батасын берип келди+.
19 Бодо малың менен майда малыңдын биринчи төлүн, эркегин, Жахаба Кудайыңа арнап ыйыкта+. Өгүзүңдүн биринчи төлүн иштетпе, майда малыңдын биринчи төлүнүн жүнүн кыркпа+.
20 Аларды Жахаба тандаган жерде+ жыл сайын үйүңдөгүлөрүң менен бирге Жахаба Кудайыңдын алдында союп же.
21 Эгер ал аксак же сокур болсо же дагы башка кемтиги бар болсо, аны Жахаба Кудайыңа курмандыкка чалба+.
22 Аны өз шаарыңда же. Анын этин, жейрен менен бугунун этиндей эле+, таза киши да, таза эмес киши да жесе болот+.
23 Канын гана жебе+. Аны жерге суу төккөндөй төгүп сал+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «колуңду жумба».
^ Сөзмө-сөз: «көзүңдү сараң кылып».
^ Сөзмө-сөз: «колуңду ач».