Мыйзам 2:1—37

2  Андан кийин биз бурулуп, Жахаба мага айткандай, Кызыл деңизди көздөй кеткен жол менен чөлгө жөнөдүк+. Биз Сеир тоосунун тегерегинде көп күн жүрдүк.  Акыр-аягы, Жахаба мага мындай деди:  „Бул тоонун тегерегинде жүргөнүңөргө көп болду+. Эми түндүктү көздөй бет алгыла.  Элге мындай буйрук бер: “Силер бир туугандарыңардын+, Сеирде жашаган+ Эйсаптын тукумдарынын+, чек арасынын жанынан өтөсүңөр. Алар силерди көрүп коркуп кетишет+, ошондо сак болгула.  Алар менен чатакташпагыла, анткени мен силерге алардын жеринен алакандай* да жер бербейм. Сеир тоосун мен Эйсапка бердим+.  Тамак-ашты алардан сатып алып жеп, сууну да сатып алып ичесиңер+.  Жахаба Кудайың сенин бардык ишиңе батасын берди+. Ал сенин ушул эбегейсиз чоң чөлдө баскан ар бир кадамыңды билет. Кырк жыл бою+ Жахаба Кудайың сени менен болду. Сен эч нерседен өксүгөн жоксуң”“+.  Ошентип, биз бир туугандарыбыздан, Сеирде жашаган Эйсаптын тукумдарынан+, Арабага+ алып барчу жолдон жана Элат менен Эсион-Геберден+ алысыраак жерден өттүк. Анан бурулуп, Мааптын+ чөлдүү түздүктөрүнө кеткен жолго түштүк.  Жахаба мага мындай деди: „Маапка тийбе, аны менен согушпа, анткени мен сага анын жерин бербейм. Арды+ мен Лоттун уулдарына+ бергем. 10  (Ал жерде мурун эмимдер+ жашаган. Алар күчтүү, көп, Анактын тукумдарындай+ чоң эл эле. 11  Репаимдер+ да Анактын тукумдарына+ окшош болчу. Мааптыктар аларды эмимдер деп коюшчу. 12  Сеирде болсо мурун хорлуктар+ жашачу. Эйсаптын уулдары+ алардын жерин тартып алып, өздөрүн кырып, ал жерди ээлеп алышкан+. Ысрайыл да өзүнө таандык жерди, Жахаба бере турган жерди, ээлеп алышы керек.) 13  Ордуңардан туруп, Зеред өзөнүнөн өткүлө“. Ошентип, биз Зеред өзөнү+ аркылуу өттүк. 14  Кадеш-Барниден чыгып, Зеред өзөнү аркылуу өткөнгө чейин отуз сегиз жыл өттү. Ошол убакыт аралыгында, Жахаба ант бергендей, элдин арасындагы согушка жарактуу эркектердин баары өлүп жок болду+. 15  Жахаба аларга каршы колун сунуп+, алардын баары элинин арасынан жок болгонго чейин+, тынчтык берген жок. 16  Согушка жарактуу эркектердин баары элдин арасынан жок болгондо+, 17  Жахаба мага мындай деди: 18  „Сен Маап жери аркылуу, тактап айтканда, Ар+ аркылуу өтүп, 19  Амон уулдарына жакындап баратасың. Аларга тийбе, алар менен чатакташпа, анткени мен алардын жерин сага бербейм, аны Лоттун уулдарына бергем+. 20  Ал жер репаимдердин жери болуп да эсептелчү. (Мурун ал жерде репаимдер+ жашачу, амон эли аларды замзумимдер деп аташчу. 21  Алар күчтүү, көп, Анактын тукумдарындай+ чоң болчу. Амондун тукумдары алардын жерин тартып алып, ошол жерде жашашы үчүн, Жахаба аларды Амондун тукумдарынын алдында жок кылган+. 22  Сеирде жашаган Эйсаптын+ тукумдары үчүн да ал ушундай иш кылган: алар хорлуктардын+ жерин тартып алып, ошол жерде ушул күнгө чейин жашашы үчүн, хорлуктарды алардын алдында жок кылган. 23  Каптордон+ келген капторимдер+ болсо Азанын+ тегерегинде жашаган абымдарды+ кырып, алардын жерин ээлеп алышкан.) 24  Ордуңардан туруп, Арнон өзөнү+ аркылуу өткүлө. Мен Хешпондун падышасы аморлук Сихонду+ сенин колуңа салып бердим. Анын жерин ээлеп алыш үчүн, аны менен согуш. 25  Ушул күндөн тартып мен асман астындагы элдердин баарын, сен жөнүндө уккан элдердин баарын, сенден коркуп, үрөйү уча тургандай кылам. Алар дүрбөлөңгө түшүп, сенден коркконунан толгоо тарткандай кыйналышат“+. 26  Кедемот+ чөлүнөн мен Хешпондун падышасы Сихонго+ тынчтык сөздөрүн+ айттырып кабарчыларды жибергем: 27  „Сенин жериң аркылуу өткөнгө уруксат эт. Мен оңго да, солго да бурулбай, чоң жол менен гана өтүп кетем+. 28  Тамак-ашты сенден сатып алып жейм, сууну да сатып алып ичем. Өтүп кеткенге эле уруксат этсең болду+. 29  Жахаба Кудайыбыз берген жерге+ Иордан аркылуу өтүп кеткенимче, мага Сеирде жашаган Эйсаптын тукумдары+ менен Арда жашаган Мааптын+ тукумдары кылганды эле кылып койчу“. 30  Бирок Хешпондун падышасы Сихон өзүнүн жеринен өтүшүбүзгө уруксат бербей койду. Анткени аны сенин колуңа салып бериш үчүн Жахаба Кудайың анын өжөрлөнүшүнө, жүрөгүнүн катууланышына жол берип койду+. Бүгүн аны минтип колуңарга салып берди+. 31  Ошондо Жахаба мага: “Сихонду жери менен кошо сага берип жатам. Анын жерин ээлеп ал”+,— деди. 32  Сихон өзүнүн бүт элин чогултуп, биз менен согушуш үчүн Жааска келгенде+, 33  Жахаба Кудайыбыз аны колубузга салып берди+. Биз анын өзүн да, уулдарын да, элин да кырып таштадык+. 34  Анын бардык шаарларын басып алып, аларды талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып жок кылдык+, эч кимисин тирүү калтырган жокпуз. 35  Алардын малы менен басып алган шаарларындагы мүлкүн гана олжолоп алдык+. 36  Арнон өзөнүнүн жээгиндеги Ароер+ менен өзөндөгү шаардан тартып Гилатка чейин биз үчүн дубалдары өтө бийик болгон бир да шаар болгон жок+. Жахаба Кудайыбыз алардын баарын бизге берди. 37  Силер Амон уулдарынын жерине+: Жабок өзөнүнүн жээгиндеги жерлерге+, тоолуу аймактагы шаарларга жана Жахаба Кудайыбыз тийбе деп айткан жерлерге гана тийген жоксуңар.

Шилтемелер

Сөзмө-сөз: «тамандын эниндей».