Мыйзам 20:1—20
20 Душман менен согушканы чыкканда алардын аттарын, майдан арабаларын+ жана сеникинен алда канча көп элин көрүп коркпо. Анткени сени Мисир жеринен алып чыккан+ Жахаба Кудайың сени менен+.
2 Согушка жөнөөрүңөрдө, дин кызматчы элге кайрылып+:
3 „Кулак сал, Ысрайыл! Бүгүн силер душман менен салгылашканы баратасыңар. Үрөйүңөр учпасын+. Коркуп-калтырабагыла, дүрбөлөңгө түшүп качпагыла+,
4 анткени Жахаба Кудайыңар силер үчүн салгылашып, силерди куткарыш үчүн силер менен баратат“+,— десин.
5 Башчылар+ да элге кайрылып мындай дешсин: „Араңарда үй салып, ага кире элек* ким бар? Ал үйүнө кайтсын, анткени согушта өлүп калса, анын үйү башка бирөөгө калат+.
6 Же жүзүмзар отургузуп, түшүмүн ала элек ким бар? Ал үйүнө кайтсын, анткени согушта өлүп калса, жүзүмзарынын түшүмү башка бирөөгө калат+.
7 Же бир кыз менен убадалашып коюп, үйлөнө элек ким бар? Ал үйүнө кайтсын+, анткени согушта өлүп калса, ал кызга башка бирөө үйлөнүп алат“.
8 Анан алар элге: „Араңардан ким коркок, суу жүрөк болсо, ал үйүнө кайтсын+. Аны көрүп, бир туугандары да коркушпасын“+,— деп айтышсын.
9 Ушулардын баарын айткандан кийин алар элге аскер башчыларды дайындашсын.
10 Согушуу үчүн кайсы бир шаарга жакындаганыңда адегенде ага тынчтык келишимин түзүш үчүн шарт кой+.
11 Эгер ал макул болуп, дарбазаларын ачып берсе, анын тургундарынын баары сага кул болсун, сага кызмат кылышсын+.
12 Эгер тынчтык келишимин түзгөнгө макул болбой+, сени менен согуша турган болсо, аны курчап ал.
13 Жахаба Кудайың аны колуңа салып берет. Ошондо ал жердеги эркек аттуунун баарын кылычтап өлтүр+.
14 Ал эми аялдарды, балдарды+, малды+ жана ал шаардагы дүнүйөнүн баарын олжолоп ал+. Жахаба Кудайың колуңа салып берген душмандарыңдан тартып алган олжоңду+ же.
15 Сен жашай турган жердеги элдерге таандык болбогон, алыс жайгашкан шаарлардын баарын ушундай кыл.
16 Ал эми Жахаба Кудайың сага ээлешиң үчүн берип жаткан жерде жашаган элдердин шаарларында бир да кишини* тирүү калтырба+.
17 Анткени сен, Жахаба Кудайың буйрук кылгандай, Хеттин тукумдарын, аморлуктарды, канаандыктарды, периздерди, хибиликтерди, жебустуктарды+ жок кылышың керек.
18 Болбосо алар силерди өз кудайларына табынганда жасаган жийиркеничтүү иштерине үйрөтүшөт, ошондо силер Жахаба Кудайыңардын алдында күнөөгө батасыңар+.
19 Кайсы бир шаарды басып алыш үчүн аны көп күн бою курчоого ала турган болсоң, айланасындагы дарактарга тийбе, аларды кыйба, анткени алардын жемишин жесең болот; аларды кыйба+. Талаадагы дарак аны курчоого алгыдай адам беле?!
20 Жемишин жегенге болбой турган дарактарды гана кый. Алардан сени менен согушуп жаткан шаарды тегерете тосуш үчүн курчоо жасап+, ал шаарды багынып бермейинче курчоого ал.