Мыйзам 21:1—23
21 Эгер Жахаба Кудайың сага берген жерде талаадан кишинин өлүгү табылса, бирок аны ким өлтүргөнү белгисиз болсо+,
2 аксакалдар менен соттор+ барып, өлүк жаткан жерден анын тегерегиндеги шаарларга чейинки аралыкты өлчөп чыгышсын да,
3 эң жакын шаар кайсы экенин аныкташсын. Анан ошол шаардын аксакалдары малынын арасынан моюнтурук салына элек, жумушка салына элек кунажынды алып,
4 аны иштетилбеген, үрөн себилбеген, суусу бар өзөнгө жетелеп барышсын да, ошол жерден анын моюнун сындыра чабышсын+.
5 Ал жерге Леби уулдарынан чыккан дин кызматчылар да барышсын, анткени Жахаба Кудайың аларды өзүнө кызмат кылышы үчүн+ жана Жахабанын атынан элге бата бериши үчүн+ тандап алган. Кандай зордук-зомбулук жасалбасын, ага байланышкан талаш-тартышты ошолор чечишет+.
6 Кишинин өлүгү жаткан жерге эң жакын жайгашкан шаардын бардык аксакалдары өзөндө моюну сындырыла чабылган кунажындын үстүнө колдорун жууп+:
7 „Бул канды биздин колубуз төккөн жок, анын эмне болуп төгүлгөнүн да көргөн жокпуз+.
8 Оо, Жахаба, өзүң кун төлөп сатып алган ысрайыл элиңди+ айыптай көрбө, бейкүнөө кишинин каны үчүн ысрайыл элин айыпка жыга көрбө“,— дешсин+. Ошондо алар кан төгүлгөнү үчүн күнөөлүү болушпайт.
9 Ошентип, бейкүнөө кишинин каны үчүн айыптуу болбойсуңар+, анткени Жахабанын алдында туура иш кылган болосуңар+.
10 Душмандарың менен согушканыңда, Жахаба Кудайың аларды колуңа салып берип+, аларды туткунга алганыңда+
11 туткундардын арасынан сулуу кызды көрүп жактырып калсаң+ жана аны аялдыкка алгың келсе,
12 анда аны үйүңө алып кел. Ал чачын кырып+, тырмактарын алсын,
13 туткунга түшкөндөгү кийимин чечсин, анан сенин үйүңдө жашап, ата-энесин толук бир ай жоктоп ыйласын+. Ошондон кийин ага жакындап, ага үйлөнсөң болот, ал сенин аялың болуп калат.
14 Эгер ал сага жакпай калса, каалаган жагына коё бер+, бирок аны сатпа. Ага катаал мамиле жасаба+, анткени аны зордоп алгансың.
15 Эгер кимдир бирөөнүн эки аялы болсо жана ал алардын бирин сүйүп, экинчисин сүйбөсө, анан эки аялы тең уул төрөп берсе, тун уулу сүйбөгөн аялыныкы болсо+,
16 анда ал киши уулдарына өзүнүн мал-мүлкүн, алардын энчисин, бөлүштүрүп жатканда сүйбөгөн аялы төрөп берген тун уулун жерип, туңгучтук укугун сүйгөн аялынын уулуна берип койбошу керек+.
17 Ал өзүнүн мал-мүлкүнөн сүйбөгөн аялынын уулуна тун уулу катары эки эсе көп бериши керек+, анткени ал — анын тукум улоочу күчүнүн башталышы+. Туңгучтук укугу ага таандык+.
18 Эгер кимдир бирөөнүн уулу өзүнүкүн бербеген ээнбаш чыгып+, атасынын да, энесинин да сөзүн укпаса+, алардын оңдоп-түзөгөнүнө кулак салбаса+,
19 анда ата-энеси аны өздөрү жашаган шаардын дарбазасынын алдында отурган аксакалдарга алып барып+:
20 „Уулубуз өзүнүкүн бербеген ээнбаш чыкты, биздин айтканыбызды укпайт+, соргок+, аракеч“+,— деп айтышсын.
21 Анан ал шаардын бүт тургундары аны таш бараңга алышсын. Ал өлүшү керек. Ошентип, араңардан жамандыкты жок кыласыңар. Ошондо бул тууралуу бүт Ысрайыл угуп, коркуп калат+.
22 Эгер кимдир бирөө өлүм жазасына тартылгыдай күнөө кылып, өлтүрүлгөндөн кийин+ устунга кадалса+,
23 өлүгү түнү бою устунда калбашы керек+. Анын сөөгүн ошол эле күнү кой, анткени устунга кадалган ар бир адам — Кудайдын каргышына калган адам+. Жахаба Кудайың энчиңе берип жаткан жерди булгаба+.