Мыйзам 27:1—26
27 Муса Ысрайыл аксакалдары менен бирге элге кайрылып, мындай деди: «Мен бүгүн буйрук кылган осуяттардын баарын аткаргыла+.
2 Иордандын аркы өйүзүнө өтүп+, Жахаба Кудайыңар силерге берген жерге барганыңарда чоң таштарды коюп, аларды акиташ менен актагыла.
3 Жахаба Кудайыңар берген жерге, ата-бабаларыңардын Кудайы Жахаба силерге айткан сүт менен бал аккан жерге+, барыш үчүн дарыядан өткөнүңөрдө+ ал таштарга бул мыйзамда айтылгандын+ баарын жазгыла.
4 Иордандан өткөнүңөрдө, мен бүгүн силерге буйрук кылгандай, ал таштарды Эбал тоосуна+ коюп, акиташ менен актагыла+.
5 Ошондой эле ал жерге Жахаба Кудайыңарга арнап таштан курмандык жайын кургула, бирок анын таштарын темир курал менен жылмалабагыла+.
6 Жахаба Кудайыңарга жылмаланбаган таштардан курмандык жайын куруп, анын үстүнө Жахаба Кудайыңарга арнап бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды чалгыла+.
7 Тынчтык курмандыктарыңарды+ ошол жерге алып келип жеп+, Жахаба Кудайыңардын алдында кубангыла+.
8 Бул мыйзамда айтылгандын+ баарын акталган таштарга так-даана кылып жазып койгула»+.
9 Анан Муса дин кызматчы-лебилер менен бирге бүт Ысрайылга кайрылып: «Үн катпай ук, оо, Ысрайыл! Бүгүн сен Жахаба Кудайыңдын эли болдуң+.
10 Жахаба Кудайыңдын сөзүнө кулак сал жана мен бүгүн буйрук кылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн+ аткар»+,— деди.
11 Ошол күнү Муса элге мындай деп буйрук кылды:
12 «Иордандан өткөндөн кийин элге бата бериш үчүн Гаризим тоосунда+ Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар, Жусуп, Бенжемин турушу керек.
13 Ал эми каргыш айтыш+ үчүн Эбал тоосунда+ Рубейин, Гат, Ашыр, Забулун, Дан, Напталы турушу керек.
14 Лебилер катуу үн чыгарып, бүт Ысрайылга мындай дешсин+:
15 „Жыгачтан же темирден буркан жасап+, жашыруун жерге койгон кишиге каргыш тийсин! Устанын колунан чыккан ал нерсе+ Жахаба үчүн жийиркеничтүү“.+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн*!“ — десин.)+
16 „Атасын же энесин сыйлабаганга каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
17 „Башка бирөөнүн чек белгилерин жылдырганга каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
18 „Сокурду жолдон адаштырганга каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
19 „Келгиндин+, жетим менен жесирдин+ ишин карап жатып чындыкты+ бурмалаган кишиге каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
20 „Атасынын аялы менен жатканга каргыш тийсин! Анткени ал атасынын этегин ачты“+. (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
21 „Жаныбар менен жатканга каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
22 „Өз бир тууганы менен, атасынын же энесинин кызы менен, жатканга каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
23 „Кайненеси менен жатканга каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
24 „Көрүнбөгөн жерге жашынып алып киши өлтүргөнгө каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
25 „Бейкүнөө кишинин канын төгүш үчүн пара алганга каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
26 „Бул мыйзамда айтылгандарды аткарбаганга, аларга ылайык иш кылбаганга каргыш тийсин!“+ (Ошондо бүт эл: „Оомийн!“ — десин.)
Шилтемелер
^ Же: «Ушундай болсун!»