Мыйзам 28:1—68

28  Эгер Жахаба Кудайыңдын тилин алып, мен бүгүн буйрук кылган осуяттарынын бардыгын кылдаттык менен аткарсаң+, Жахаба Кудайың сени жер бетиндеги башка элдердин баарынан жогору коёт+.  Эгерде Жахаба Кудайыңдын тилин алсаң, ал сага батасын төгөт+:  Ал сага шаарыңда да+, талааңда да батасын берет+.  Бала-бакыралуу кылып+, жериңден алган түшүмүңдү мол кылат+, малыңды, майда малың менен бодо малыңды көбөйтөт+.  Себетиңе+, камыр ачыткан идишиңе батасын берет+.  Кылган ишиңдин баарына батасын берет+.  Жахаба сага каршы чыккан душмандардын баарын кырып жок кылат+. Алар сага каршы бир жол менен келишет да, сенден качканда жети башка жол менен качышат+.  Жахаба кампаларыңа+, бардык иш-аракетиңе батасын берет+. Жахаба Кудайың өзү берген жерде сага батасын берет.  Эгер Жахаба Кудайыңдын осуяттарын аткарып+, анын жолдору менен жүрсөң, Жахаба өзү ант бергендей+, анын ыйык эли болосуң+. 10  Жер бетиндеги бардык элдер сенин Жахабанын ысмы менен аталганыңды көрүп+, сенден коркуп калышат+. 11  Жахаба сага берем деп ата-бабаларыңа убада кылган жерде+ Жахаба сага бардык жагынан батасын мол берет: бала-бакыраңды да+, малыңды да көбөйтүп, түшүмүңдү мол кылат+. 12  Убагында жамгыр жаадырып+, бардык ишиңе батасын бериш үчүн+ Жахаба өзүнүн берекелүү кампасын, асманын, ачат. Ошондо сен көп элдерге карыз бересиң, өзүң болсо карыз албайсың+. 13  Эгер Жахаба Кудайыңдын мен бүгүн сага буйрук кылган осуяттарын аткарсаң+, Жахаба сени куйрук эмес, баш кылат: сени башкалардан жогору коёт+, алар сага үстөмдүк кыла алышпайт. 14  Мен бүгүн силерге буйрук кылган осуяттардан оңго да, солго да бурулбагыла+, башка кудайларды ээрчип, аларга кызмат кылбагыла+. 15  Эгер Жахаба Кудайыңдын тилин албасаң, анын мен бүгүн буйрук кылган бардык осуяттары менен көрсөтмөлөрүн кылдаттык менен аткарбасаң, мындай каргыштарга каласың+: 16  Шаарыңда да+, талааңда да каргышка каласың+. 17  Себетиң+, камыр ачыткан идишиң каргышка калат+. 18  Балдарың+, жериңдин түшүмү+, бодо малың менен майда малыңдын төлү+ каргышка калат. 19  Эмне иш кылба, эч кандай ийгилик болбойт+. 20  Мени таштап, жаман иштерди кылганың үчүн кырылып, тез эле жок болуп кетмейин+, эмне иш кылба, Жахаба сени каргышка калтырат+, дүрбөлөңгө түшүрөт+, жазалайт+. 21  Ээлегени бараткан жерден сени кырып жок кылмайын, Жахаба сага жугуштуу ооруларды биринин артынан бирин жиберет+. 22  Жахаба сени кургак учук менен+, безгек менен жазалайт, денең оттой күйүп, чоктой ысыйт. Ал сени кылыч менен+, ысык шамал менен жазалайт+, өсүмдүктөрүң илдетке чалдыгат+. Кырылып жок болмоюн алардан арылбайсың. 23  Үстүңдөгү асман жез болот, астыңдагы жер темир болот+. 24  Жахаба жериңе жамгырдын ордуна кум менен чаң жаадырат, сен кырылып жок болмоюнча, алар үстүңө жаай берет. 25  Жахаба сени душмандарыңдын алдында кырып жок кылат+. Аларга каршы чыкканда бир жол менен барасың да, ал эми алардан качканда жети башка жол менен качасың. Жер бетиндеги падышалыктар башыңа түшкөн жамандыкты көрүп, коркуп калышат+. 26  Өлүгүңдү асманда учкан ар кандай канаттуулар менен талаа жаныбарлары жейт, аларды эч ким кубалабайт+. 27  Жахаба сени Мисирге жиберген жаралар менен+, көк баш* менен, сары карт* менен жана майда-майда жаралар менен жазалайт, алардан эч айыкпайсың. 28  Жахаба сени акылыңан адаштырып+, сокур+, деңдароо кылат+. 29  Чак түштө караңгыда сыйпалап баскан сокурга окшоп басасың+, жолуң болбойт. Сени алдашат, талап-тоношот, сени алардан куткарган эч ким болбойт+. 30  Сени менен убадалашкан кызды зордуктап кетишет+. Курган үйүңдө жашабайсың+, отургузган жүзүмзарыңдын үзүрүн көрбөйсүң+. 31  Букаңды көзүңчө союп алышат, бирок анын этинен бир кесим да жебейсиң. Эшегиңди каратып туруп эле уурдап кетишет, андан биротоло кол жууйсуң. Коюңду душмандарың алып кетет, сени алардан куткарган эч ким болбойт+. 32  Уул-кыздарыңды башка элдердин алып кетип баратканын+ өз көзүң менен көрөсүң. Аларды сагынып куса болосуң, бирок эч нерсе кыла албайсың+. 33  Жериңдин түшүмүн, бүт азык-түлүгүңдү сен тааныбаган эл жейт+. Сени дайыма алдашат, кысымга алышат+. 34  Ушуларды өз көзүң менен көрүп, акылыңан ажырайсың+. 35  Жахаба тизелериң менен сандарыңа, таманыңан төбөңө чейин коркунучтуу жара каптатат, алардан эч айыкпайсың+. 36  Жахаба сени, сен шайлаган падышаны+ өзүң да, ата-бабаларың да билбеген элдерге алып барат+. Ал жерде сен жыгачтан, таштан жасалган кудайларга кызмат кыласың+. 37  Жахаба алып барган жердеги элдер сенин абалыңды көрүп, үрөйлөрү учат+, аларга ылакап болосуң+, шылдың болосуң. 38  Талааңа көп үрөн сээп, аз түшүм аласың+, анткени баарын чегиртке жеп кетет+. 39  Жүзүмзар отургузуп, аны иштетесиң, бирок түшүмүн жыйнабайсың, шарабын ичпейсиң+, анткени баарын курт жейт+. 40  Жашаган жериңдин баарында зайтун дарактары өссө да, зайтун майы менен майланбайсың, анткени мөмөлөрү күбүлүп калат+. 41  Уул-кыздарың төрөлөт, бирок сени менен жашашпайт, анткени аларды туткундап кетишет+. 42  Бак-дарактарың менен талааңдагы түшүмүңдү ызылдаган курт-кумурскалар жейт. 43  Араңарда жашаган келгин жогорулагандан жогорулайт, сен болсо төмөндөгөндөн төмөндөйсүң+. 44  Ал сага карыз берет, сен болсо ага карыз бере албайсың+. Ал баш болот, сен болсо куйрук болосуң+. 45  Жахаба Кудайыңдын тилин албай, анын сага буйрук кылган осуяттары менен көрсөтмөлөрүн аткарбаганың үчүн+ ушул каргыштарга калып+, акыры өлүп жок болосуң+. 46  Өзүң да, укум-тукумуң да каргышка калып, башкаларга эскертүү, сабак болосуң+. 47  Анткени баары мол болуп турса да+, Жахаба Кудайыңа кубанып, шаттанып кызмат кылган жоксуң+. 48  Жахаба сага каршы жиберген душмандарыңа ачка болуп+, суусап, жылаңач болуп, жокчулукта кызмат кыласың+. Ал сени кырып жок кылмайын, мойнуңан темир моюнтурук түшпөйт+. 49  Жахаба сага каршы алыс жактан, жердин түбүнөн сен тилин түшүнбөгөн+ элди алып келет+. Ал жемине шукшурулган бүркүттөй болуп келет+. 50  Ал эл — карыга да, жашка да ырайым кылбаган+ таш боор эл+. 51  Сени кырып жок кылмайын, алар малыңдын төлүн, жериңдин түшүмүн жешет+. Сени жок кылмайын, сага эгин да, май да, жаңы шарап да, майда малың менен бодо малыңдын төлүн да бербейт+. 52  Сен таянган бийик дубалдарыңдын баары куламайынча, алар шаарларыңдын бардыгын курчоого алышат, Жахаба Кудайың берген жердеги шаарларыңдын баарын курчап алышат+. 53  Душмандарыңдын курчоосунда калып кыйналганыңдан улам Жахаба Кудайың берген балдарыңды, уул-кыздарыңды, жейсиң+. 54  Атүгүл араңардагы жакшы жашоого көнгөн жумшак киши да өз бир тууганын, сүйгөн аялын, калган уулдарын жаман ниет менен карайт+. 55  Ал аларга өзү жеген уулдарынын этинен бир кесим да бербейт, анткени душмандарың шаарларыңдын баарын курчоого алгандыктан, анын жегенге башка эч нерсеси калбайт+. 56  Жакшы жашоого көнгөндүктөн+ бутун жерге койбогон назик аял сүйгөн күйөөсүн, уул-кызын жаман ниет менен карайт. 57  Атүгүл ичинен чыккан баласынын тонун да, өзү төрөгөн уулдарын да жаман ниет менен карайт+, анткени душмандарың шаарларыңдын баарын курчоого алгандыктан, ал жокчулуктун айынан кыйналып, аларды жашынып алып жейт+. 58  Эгер бул китептеги мыйзамда айтылгандардын баарын кылдаттык менен аткарбасаң+, Жахаба Кудайыңдын даңктуу+, коркунучтуу+ ысмынан коркпосоң+, 59  анда Жахаба сени да, укум-тукумуңду да коркунучтуу, оңой менен айыкпаган чоң-чоң жаралар менен+, көпкө чейин кыйнаган катуу оорулар менен жазалайт+. 60  Ал сага кайрадан Мисирдеги сен корккон ооруларды жиберет, алардан эч арылбайсың+. 61  Сен кырылып жок болмоюнча, Жахаба сага мыйзам жазылган бул китепте айтылбаган башка оорулар менен жараларды да жиберет. 62  Асмандагы жылдыздардай көп эл болгон болсоңор да+, аз эле каласыңар+, анткени Жахаба Кудайыңардын тилин алган жоксуңар. 63  Жахаба силерге жакшылык кылганда, укум-тукумуңарды көбөйткөндө кандай кубанса+, Жахаба силерди кырып жок кылганда да ошондой кубанат+. Силер ээлегени бараткан жерден түп-тамырыңар менен жок болосуңар+. 64  Жахаба силерди элдердин арасына, жердин бир четинен экинчи четине чейин чачыратып жиберет+. Силер ал жерде өзүңөр да, ата-бабаларыңар да билбеген кудайларга, жыгач менен ташка, кызмат кыласыңар+. 65  Ал элдердин арасында силерге тынчтык болбойт+, бутуңарды сунуп эс ала турган жер таппайсыңар. Ал жерде Жахаба жүрөгүңөрдү титиретип+, көзүңөрдү начарлатат+, жаныңарды кейитет. 66  Өз жаның үчүн коркуп, күнү-түнү титирейсиң, аман каларыңа да көзүң жетпейт+. 67  Жүрөгүңдүн үшүн алган коркунучтан, өз көзүң менен көргөн нерселерден улам эртең менен: „Кеч кирсе экен!“ — дейсиң, кечинде болсо: „Таң атса экен!“ — дейсиң+. 68  Жахаба силерди кемелерге салып, мен силерге: „Аны мындан ары эч качан көрбөйсүңөр“,— деп айткан жол менен кайра Мисирге алып барат+. Ал жактан өзүңөрдү душмандарыңарга кулдукка, күңдүккө сатасыңар+, бирок силерди эч ким сатып албайт».

Шилтемелер

Геморрой.
Экзема.