Мыйзам 29:1—29

29  Хорепте түзгөн келишиминен сырткары, Жахаба Мусага Маап жеринде Ысрайыл уулдары менен мындай сөздөрдү камтыган келишим түзүүнү буйрук кылды+.  Муса бүт Ысрайылды чакырып, мындай деди: «Силер Мисирде Жахабанын фараонду, анын бардык кулдарын, бүт жерин эмне кылганын өз көзүңөр менен көргөнсүңөр+.  Ошондой эле анын улуу иштери менен керемет-жышаандарына+ күбө болгонсуңар+.  Бирок ушул күнгө чейин Жахаба силерге түшүнгөнгө жүрөк, көргөнгө көз, укканга кулак берген жок+.  „Мен силерди кырк жыл бою чөлдө алып жүрдүм+, үстүңөрдөгү кийимиңер да, бутуңардагы сандалыңар да жыртылган жок+.  Силер нан жеген жоксуңар+, күчтүү ичимдик ичкен жоксуңар. Бирок менин Жахаба экенимди, силердин Кудайыңар экенимди, билишиңер үчүн, мен силерге кам көргөм“.  Акыры, силер бул жерге келдиңер. Ошондо Хешпон падышасы Сихон+ менен Башан падышасы Ок+ биз менен салгылашканы чыгышты, бирок биз аларды талкалап таштадык+.  Анан алардын жерин басып алып, Рубейин уруусуна, Гат уруусуна жана Менаше уруусунун жарымына үлүшкө бердик+.  Ошондуктан бардык жагынан ийгиликке жетиш үчүн бул келишимде айтылгандарды аткаргыла+. 10  Силер бүгүн Жахаба Кудайыңардын алдында турасыңар. Уруу башчыларыңар, аксакалдарыңар, башчыларыңар, Ысрайылдагы бүт эркектер+, 11  балдарыңар менен аялдарыңар+, ошондой эле конушуңардагы келгиндер+, отун жыйнагандарынан тартып суу ташыгандарына+ чейин — баарыңар Кудайыңардын алдында турасыңар. 12  Ант берип, Жахаба Кудайыңар менен келишим түзүш үчүн+ силер анын алдында турасыңар. Жахаба Кудайыңар бүгүн бул келишимди+ силер менен, 13  өзү силерге убада кылгандай, ата-бабаларыңар Ыбрайымга+, Ыскакка+ жана Жакыпка ант бергендей+, силерди өзүнүн эли кылыш үчүн+, силердин Кудайыңар болушу үчүн+ түзүп жатат. 14  Анттын негизинде түзүлүп жаткан бул келишимди+ мен силер менен гана эмес, 15  бул жерде биз менен бирге Жахаба Кудайыбыздын алдында тургандар менен, ошондой эле бүгүн биздин арабызда турбагандар менен да түзүп жатам+. 16  (Анткени Мисирде кандай жашаганыбызды, башка элдердин арасынан кантип өткөнүбүздү+ өзүңөр жакшы билесиңер. 17  Силер алардын жийиркеничтүү нерселерин, заңдай жийиркеничтүү буркандарын+, жыгач менен таштан, күмүш менен алтындан жасалган буркандарын көргөнсүңөр.) 18  Силердин араңарда бүгүн жүрөгү Жахаба Кудайыбыздан четтеп, ошол элдердин кудайларына кызмат кылып кеткен+ эркек же аял, үй-бүлө же уруу болбошу үчүн, араңарда уулуу чөп же эрмен өсүп чыга турган тамыр пайда болбошу үчүн+, мен ушул келишимди түзүп жатам. 19  Эгер кимдир бирөө бул анттын+ сөздөрүн угуп, жакшы сугарылганды да, сууга чаңкаганды да жок кылыш үчүн ичинен: „Жүрөгүмдүн каалоосун аткара берсем деле+, эч нерсе болбойм“+,— деп мактанса, 20  Жахаба андай кишини кечиргиси келбейт+. Ага Жахабанын каары+ менен жаалы+ оттой жалындайт+, бул китепте жазылган каргыштын баары тиет+. Жахаба анын атын жер үстүнөн өчүрөт. 21  Ошентип, Жахаба аны келишимде, мыйзам китебинде айтылган каргыштарга калтырып, башына мүшкүл түшүрүш үчүн Ысрайылдын бүт урууларынан бөлүп коёт+. 22  Кийинки муундарыңар, келечекте төрөлө турган балдарыңар, ошондой эле алыс жактан келген келгин Жахабанын ал жерге кандай каргашаларды, ооруларды жибергенин көрүп+, 23  ал жердин Жахаба ачуусу, каары менен талкалаган+ Содом менен Амордой+, Адма+ менен Себоимдей+ болуп өрттүн+, күкүрт менен туздун+ айынан айдалбай калганын, эч нерсе өнбөй, эч нерсе өспөй калганын көрүп, 24  алар да, башка элдер да: „Жахаба бул жерди эмнеге ушинтип салды?+ Эмнеге ушунчалык каарданды?“ — дешет. 25  Ошондо аларга мындай дешет: „Анткени алар ата-бабаларынын Кудайы Жахабанын аларды Мисир жеринен алып чыкканда түзгөн келишиминин+ шарттарын аткарбай коюшту+. 26  Алар башка кудайларга — өзүлөрү тааныбаган, Кудай сыйынбагыла деген кудайларга — таазим кылып, кызмат кылып кетишти+. 27  Ошондо бул жерге Жахабанын каары кайнап, аны бул китепте айтылган каргыштарга калтырды+. 28  Жахаба катуу каары, ачуусу, жаалы менен аларды өздөрүнүн жеринен түп-тамыры менен жулуп алып+, башка жерге, азыр алар жашап жаткан жерге, таштап койду“+. 29  Жашыруун нерселер+ Жахаба Кудайыбызга таандык, ал эми ачылган нерселер+, ушул мыйзамда жазылгандардын баарын аткарышыбыз үчүн, түбөлүккө бизге, балдарыбызга таандык+.

Шилтемелер