Мыйзам 3:1—29

3  Андан кийин биз бурулуп, Башанга кеткен жолго түштүк. Башандын падышасы Ок+ биз менен согушуш үчүн бүт элин чогултуп, Эдрейге+ жөнөдү.  Жахаба мага: „Андан коркпо+, анткени мен анын өзүн да, элин да сенин колуңа салып берем, анын жерин да сага берем. Хешпондо жашаган аморлуктардын падышасы Сихонду кандай кылсаң+, аны да ошондой кыл“,— деди.  Ошентип, Жахаба Кудайыбыз Башандын падышасы Окту да бүт эли менен кошо колубузга салып берди. Биз аларды бирин калтырбай кырып жок кылдык+.  Анын бүт шаарларын — Башан падышасы Ок бийлик кылган бүт Аргоп аймагын+, анын алтымыш шаарын+ — басып алдык+, биз басып албаган бир да шаары калган жок.  Алардын баары бийик дубалдар менен курчалган, бекиткичтери бар дарбазалары бар шаарлар эле. Алардан сырткары, биз көптөгөн шаарчаларды басып алдык.  Хешпондун падышасы Сихонду кандай кылсак, аларды да ошондой кылдык+: бүт шаарларын талкалап, эркектерин, аялдарын, балдарын кырып таштадык+.  Ал эми малы менен шаарларындагы мүлкүн олжолоп алдык+.  Ошентип, биз Иордан аймагында жашаган аморлуктардын эки падышасынын жерин — Арнон өзөнүнөн+ Хермон тоосуна+ чейинки жерлердин баарын — тартып алдык+.  (Сидондуктар Хермонду Сирион+ деп, аморлуктар болсо Сенир+ деп аташчу.) 10  Бөксө тоолордогу шаарлардын баарын, Башан падышасы Ок бийлик кылган Салха+, Эдрей+ шаарлары менен бирге бүт Гилат менен Башанды каратып алдык. 11  Башан падышасы Ок репаимдердин+ акыркысы эле. Анын табыты темирден* жасалган болчу. Ал Амон уулдарынын Рабба шаарында+ эмеспи? Чыканак менен ченегенде, анын узундугу тогуз, туурасы төрт чыканак*. 12  Биз Арнон өзөнүнүн жанындагы Ароер+ аймагынан тартып Гилат тоолуу аймагынын жарымына чейин басып алдык. Анын шаарларын Рубейин менен Гаттын тукумдарына бердим+. 13  Гилаттын+ калган бөлүгү менен Ок падышалык кылган бүт Башан+ жерин Менаше уруусунун жарымына бердим. Бүт Аргоп аймагы+, тактап айтканда, бүт Башан репаимдердин+ жери деп аталбайбы? 14  Менашенин уулу Жайыр+ бүт Аргоп аймагын+ гешурлуктар+ менен маахаттыктардын+ чек арасына чейин ээлеп алды. Ал Башандын айылдарын өзүнүн аты менен Хабот-Жайыр+ деп атады. Алар азыркыга чейин ошентип аталат. 15  Махирге+ мен Гилатты бердим+. 16  Рубейин+ менен Гаттын тукумдарына Гилаттан+ Арнон өзөнүнө чейинки (бул өзөндүн ортосу чек ара катары кызмат кылат), Амон уулдарынын чек арасы болгон Жабок өзөнүнө чейинки жерлерди бердим+. 17  Ошондой эле Арабаны, Иордан дарыясы менен анын тегерек-четин, Кинерет деңизинен+ тартып Пазгинин+ күн чыгыш этегиндеги Арабадагы Туздуу деңизге+ чейинки жерлерди бердим. 18  Ошондо мен силерге мындай буйрук бердим: „Жахаба Кудайыңар бул жерди силерге ээлесин деп берди. Эр жүрөк эркектердин баары, куралданып алып, бир туугандарыңардын, Ысрайыл уулдарынын, алдында дарыянын аркы өйүзүнө өткүлө+. 19  Аялдарыңар менен балдарыңар, малыңар гана мен силерге берген шаарларда калсын+; мен билгенден, малыңар абдан көп. 20  Жахаба силерге тынчтык бергендей, бир туугандарыңарга да тынчтык бергенге чейин, алар Жахаба Кудайыңар Иордандын аркы өйүзүнөн берген жерди ээлегенге чейин алар менен болгула. Андан кийин мен бөлүп берген жериңерге кайтып келесиңер“+. 21  Ошол убакта мен Жашыяга+: „Жахаба Кудайыңардын бул эки падышаны эмне кылганын өз көзүң менен көрдүң. Жахаба сен бара турган падышалыктардын баарын ошондой кылат+. 22  Алардан коркпогула, анткени силер үчүн Жахаба Кудайыңар өзү согушуп жатат“+,— деп айттым. 23  Анан мен Жахабадан ырайым кылышын өтүнүп: 24  „Эгедер Теңир Жахаба, сен өз кулуңа улуулугуңду+, күчтүү колуңду+ көрсөтүп жатасың. Асманда же жерде сен жасаган иштерди жасай алган, сеникиндей күчкө ээ дагы кайсы кудай бар?+ 25  Мага Иордандын аркы өйүзүнө өтүп, ал жактагы жакшы жерди+, кооз тоолуу аймакты+, Лебанонду+ көргөнгө уруксат этчи“,— деп жалындым. 26  Бирок Жахаба силердин айыңардан мага дагы эле ачууланып жаткандыктан+ мени укпай койду. Жахаба мага: „Жетишет! Мындан ары мага бул жөнүндө айтпа. 27  Пазги чокусуна+ чыгып, батышка, түндүккө, түштүккө, чыгышка көз чаптырып, ал жерди көрүп ал, анткени сен Иордандын аркы өйүзүнө өтпөйсүң+. 28  Жашыяны жол башчы кылып дайындап+, кубаттап-бекемде, анткени бул элди дарыянын аркы өйүзүнө ошол алып барат+, сен көрө турган жерди ээлеш үчүн элди ошол баштап барат“+,— деди. 29  Ал убакта биз Бет-Пеордун+ тушундагы өрөөндө жашап жаткан элек.

Шилтемелер

Же: «кара базальттан». Арабдар азыркыга чейин базальтты темир дешет.
1 чыканак = 44,5 см.