Мыйзам 33:1—29

33  Чыныгы Кудайдын кишиси Муса+ өлөр алдында Ысрайыл уулдарына батасын берди+.  Ал мындай деди: «Жахаба Синайдан+ келди, Аларга Сеирден+ жарыгын чачты. Ал Паран тоолуу+ аймагынан жаркырады, Анын жанында түмөндөгөн* ыйык периштелер+, Оң тарабында жоокерлери турат+.  Ал өз элин жакшы көрчү+. Кудайым, элдин бүт ыйыктары+ сенин колуңда, Алар сенин бут жагыңа отуруп+, Сөздөрүңдү уга башташты+.  (Муса бизге мыйзамды аткарууну буйруду+, Ал мыйзам Жакыптын жыйналышына таандык.)+  Эл башчылары, Бүт Ысрайыл уруулары+ чогулганда+, Кудай Жешурунда* падыша болду+.  Рубейин өмүр сүрсүн, өлбөсүн+, Тукуму азайбасын»+.  Ал Жүйүткө мындай деп батасын берди+: «Оо, Жахаба, Жүйүттүн үнүн ук+, Аны өз элине алып кел. Ал өзүнө таандык нерсе үчүн өз колу менен күрөшөт, Душмандары менен күрөшкөндө, ага жардам бер»+.  Леби жөнүндө мындай деди+: «Тумимиң менен уримиң+ сага берилген кишиге таандык+, Сен аны Масада+ сынагансың. Аны менен Мериба суусунун+ жанында талашкансың,  Ал атасы менен энеси жөнүндө: „Мен аларды көргөн эмесмин“,— деген. Ал атүгүл бир туугандарына да караган эмес+, Уулдарынын да тарабында болгон эмес. Ал сенин сөздөрүңдү сактап+, Келишимиңдин шарттарын аткарып келди+. 10  Ал Жакыпка сенин сот өкүмдөрүңдү+, Ысрайылга мыйзамыңды үйрөтсүн+. Сенин алдыңда жыпарзат түтөтүп+, Курмандык жайыңда бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалсын+. 11  Оо, Жахаба, анын күчүнө батаңды бер+, Кылган иштерине ыраазы экениңди көрсөт+. Ордуларынан тура албай калышы үчүн, ага каршы чыккандардын+, Аны жек көргөндөрдүн белин сындыр»+. 12  Бенжемин жөнүндө мындай деди+: «Жахабанын сүйүктүүсү+ анын алдында коопсуз жашасын+, Ал аны эртеден кечке калкалайт+, Ал анын ийиндеринин ортосунда жашайт»+. 13  Жусуп жөнүндө мындай деди+: «Жахаба анын жерине дайыма батасын берсин+, Асмандан келген эң жакшы белектерди, шүүдүрүмдү+, Жердин тереңиндеги сууларды+, 14  Күн өстүргөн нерселердин эң жакшысын+, Ар бир айдын мол түшүмүн+, 15  Чыгыш тоолорунун эң сонун белектерин+, Кылымдар бою турган адырлардын эң жакшы белектерин, 16  Жердин эң жакшы белектери менен байлыгын берип+, Тикенектүү бадалдын арасынан көрүнгөндүн+ ырайымына ээ кылсын. Бул баталардын баары Жусупка*+, Бир туугандарынан бөлүнгөнгө+, тийсин. 17  Ал буканын биринчи төлүндөй сулуу+, Анын мүйүздөрү жапайы буканын мүйүздөрүндөй+. Мүйүздөрү менен ал элдерди сүзүп+, Алардын баарын жердин түбүнө чейин сүрүп таштайт. Анын мүйүздөрү — Эпрайымдын он миңдеген тукумдары+, Анын мүйүздөрү — Менашенин миңдеген тукумдары». 18  Забулун жөнүндө мындай деди+: «Жолго чыкканыңда кубан, Забулун+, Чатырларыңда шаттан, Исахар+. 19  Алар элдерди тоого чакырып, Ал жактан адилдиктин курмандыктарын чалышат+. Анткени алар деңиздердин сансыз байлыгы менен+, Кумга жашырылган кенчтери менен азыктанышат». 20  Гат жөнүндө мындай деди+: «Гаттын чек араларын кеңейткенге бата тийсин+. Ал арстандай болуп жашайт+, Жеминин буту-башын тытып таштайт+. 21  Ал өзүнө эң жакшы жерди тандап алат+, Ал жерде ага мыйзам чыгаруучунун үлүшү бөлүнүп берилген+. Эл башчылары чогулушат. Ал Жахабанын адилдиги менен иш жүргүзүп, Анын сот өкүмдөрүн Ысрайыл менен бирге аткарат». 22  Дан жөнүндө мындай деди+: «Дан — арстандын күчүгү+, Ал Башандан чуркап чыгат»+. 23  Напталы жөнүндө мындай деди+: «Напталы Жахабанын ырайымына тунган, Ал ага бардык жагынан батасын берген. Батыш менен түштүккө ээлик кыл»+. 24  Ашыр жөнүндө мындай деди+: «Ашыр бата алып, көп уулдуу болду+. Бир туугандары аны жакшы көрсүн+, Ал бутун майга малсын+. 25  Дарбазаларыңдын бекиткичтери темир менен жезден жасалган+, Сен күндөрүңдүн баарын бейпилдикте өткөрөсүң. 26  Жешурундун+ Кудайындай чыныгы Кудай жок+, Ал сага жардам бериш үчүн асманда келатат+, Булут үстүндө өзүнүн улуулугу менен келатат+. 27  Сенин баш маанаң — байыркы Кудай+, Анын түбөлүктүү колдору сени колдойт+. Ал душмандарыңды алдыңдан кууп чыгып+: „Аларды кырып ташта!“+ — дейт. 28  Ысрайыл коопсуз жашайт+, Жакыптын башаты жалгыз жашайт+. Ал дан менен жаңы шарапка бай жерде жашайт+. Ага асмандан шүүдүрүм түшөт+. 29  Бактылуусуң, Ысрайыл+! Кайсы эл сага тең келе алат?+ Сенин куткаруучуң — Жахаба+, Ал — сага жардам берген калкан+, Сенин чоң кылычың+. Душмандарың сага жагалданышат+, Сен алардын бийик жерлерин+ тебелеп-тепсейсиң».

Шилтемелер

Же: «он миңдеген».
Мз 32:15тин шилт-н кара.
Сөзмө-сөз: «Жусуптун башына».