Мыйзам 34:1—12
34 Андан кийин Муса Жерихонун тушундагы+ Мааптын чөлдүү түздүктөрүндөгү Небо тоосуна+, Пазги чокусуна+, чыкты. Жахаба ага ал жердин баарын: Гилаттан Данга+ чейинки жерлерди,
2 Напталынын жерин, Эпрайым менен Менашенин жерин, Жүйүттүн батыштагы деңизге чейинки+ жерлеринин баарын,
3 Негепти+, Иордан өрөөнүн*+, Жерихо өрөөнүн, курма дарактары өскөн шаарды+, ошондой эле Соарга+ чейинки жерлердин баарын көрсөттү.
4 Анан Жахаба Мусага: «Мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка: „Сенин тукумуңа берем“+,— деп убада кылган жер — ушул. Сен ал жерге барбайсың+, ошондуктан аны сага көрсөттүм»,— деди.
5 Ошондон кийин Жахабанын кызматчысы Муса+, Жахабанын айтканы боюнча, ошол Маап жеринде көз жумду+.
6 Ал* анын сөөгүн Маап жерине, Бет-Пеордун тушуна+ койду. Ал коюлган жерди азыркыга чейин эч ким билбейт+.
7 Көз жумганда Муса 120 жашта эле+. Ал алдан-күчтөн тая элек эле+, көзүнүн курчу да кете элек болчу+.
8 Ысрайыл уулдары Мааптын чөлдүү түздүктөрүндө Мусаны жоктоп отуз күн ыйлашты+. Анан Мусаны жоктоп аза күтүү күндөрү бүттү.
9 Муса Нундун уулу Жашыянын үстүнө колун койгондуктан+, Жашыяда акылмандык руху бар эле+. Ошондуктан Ысрайыл уулдары ага баш ийип, Жахаба Мусага эмнелерди буйруса, ошолордун баарын аткара башташты+.
10 Анткен менен Ысрайылда Мусадай пайгамбар болгон эмес+. Жахаба аны менен өзгөчө ынак мамиледе болгон*+.
11 Жахаба аны Мисир жеринде фараон менен анын кулдарынын алдында, бүт Мисир жеринде кандай керемет-жышаандарды көрсөтүш үчүн жиберсе, ал ошолордун баарын көрсөткөн+.
12 Ошондой эле Ысрайылдын көз алдында күчтүү колу менен коркунучтуу, улуу иштерди жасаган+.
Шилтемелер
^ Иордан өрөөнүнүн төмөнүрөөк келген жери.
^ Сыягы, Кудай.
^ Сөзмө-сөз: «бетме-бет билген».