Мыйзам 5:1—33
5 Муса бүт ысрайыл элин чогултуп+, мындай деди: «Ысрайыл эли, мен бүгүн силерге айткан көрсөтмөлөр менен мыйзамдарды уккула+. Аларды билип алгыла, кылдаттык менен аткаргыла+.
2 Жахаба Кудайыбыз Хорепте биз менен келишим түзгөн+.
3 Жахаба ал келишимди ата-бабаларыбыз менен эмес, бүгүн ушул жерде турган биз менен түзгөн.
4 Жахаба тоодо силер менен от ичинен бетме-бет сүйлөшкөн+.
5 Ошондо мен силерге Жахабанын сөзүн айтып туруш үчүн Жахаба менен силердин ортоңордо тургам+. Анткени силер оттон коркуп, тоого чыккан эмессиңер+. Ал мындай деген:
6 „Мен Жахабамын+, сени Мисирден, сен кул болуп жүргөн жерден*, алып чыккан Кудайыңмын+.
7 Менден башка кудайларың болбосун+.
8 Жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги же жер бетиндеги суудагы нерселердин сөлөкөтүн+ же түспөлүн жасаба+.
9 Аларга табынба да, кызмат кылба+, анткени мен Жахаба Кудайыңмын, толук берилгендикти талап кылган Кудаймын+. Мени жек көргөн аталардын күнөөсү үчүн алардын уулдарын үчүнчү, төртүнчү муунуна чейин жазалайм+.
10 Ал эми мени сүйгөндөрдүн, осуяттарымды сактагандардын миңдеген муундарына чейин мээримдүүлүк көрсөтөм+.
11 Жахаба Кудайыңдын ысмын жөнү жок* колдоно бербе+, анткени Жахаба анын ысмын жөнү жок колдоно бергендерди жазасыз калтырбайт+.
12 Жахаба Кудайың буйрук кылгандай, ишемби күнгө байланышкан мыйзамды сактап, ал күндү ыйык тут+.
13 Ошондуктан алты күн иштеп, ар кандай иштериңди кыл+.
14 Ал эми жетинчи күн — Жахаба Кудайыңа арналган ишемби+. Өзүң да, уулуң да, кызың да, кулуң да, күңүң да, өгүзүң да, эшегиң да, малың да, шаарыңдагы келгин да+ эч кандай иш кылбасын+. Өзүң эс алгандай, кулуң менен күңүң да эс алсын+.
15 Мисир жеринде кул болуп жүргөнүңдү+, Жахаба Кудайыңдын сени ал жактан сунулган күчтүү колу менен алып чыкканын+ унутпа. Ошондуктан Жахаба Кудайың сага ишемби күнгө байланышкан мыйзамды сактоону буйруган+.
16 Жахаба Кудайың сага бере турган жерде өзүңө жакшы болушу үчүн, өмүрүң узун болушу үчүн+, Жахаба Кудайың буйрук кылгандай, ата-энеңди сыйла+.
17 Киши өлтүрбө+.
18 Ойноштук кылба+.
19 Уурдаба+.
20 Жакыныңа каршы күбөгө өтүп, жалаа жаппа+.
21 Жакыныңдын аялына көз артпа+. Өзүмчүлдүк кылып, жакыныңдын үйүнө, жерине, кулуна, күңүнө, өгүзүнө, эшегине же дагы башка нерсесине көз артпа“+.
22 Бул осуяттарды Жахаба тоодо бүт жыйналышыңарга оттун+, булуттун, коюу караңгылыктын ичинен катуу үн чыгара айткан. Аларга башка эч нерсе кошумчалаган эмес. Анан аларды эки таш лоокко жазып, мага берген+.
23 Караңгылыктан чыккан үндү укканыңарда, тоо күйүп жаткан маалда+, силер, уруу башчылары менен аксакалдар, мага келип, мындай дегенсиңер:
24 „Жахаба Кудайыбыз бизге өзүнүн даңкы менен улуулугун көрсөттү, биз анын от ичинен чыккан үнүн уктук+. Бүгүн Кудайдын адам менен сүйлөшөрүн жана ал адамдын тирүү кала аларын билдик+.
25 Бирок биз эмнеге өлүшүбүз керек? Бул улуу от бизди жалмап салат+. Эгер Жахаба Кудайыбыздын үнүн дагы бир жолу уксак, сөзсүз өлөбүз+.
26 Биздей болуп, от ичинен сүйлөгөн тирүү Кудайдын үнүн угуп+, аман калган адам барбы?
27 Сен барып, Жахаба Кудайыбыздын айткандарынын баарын ук да, кайра келип, Жахаба Кудайыбыз айткандын баарын бизге айтып бер+, биз аткарабыз“.
28 Жахаба мага айткан ошол сөздөрүңөрдү уккан. Ошондо Жахаба мага мындай деген: „Бул элдин сага эмне дегенин уктум. Алардын айткандарынын баары жакшы+.
29 Алар жүрөгүн дайым менден коркууга+, осуяттарымды аткарууга+ үйрөтүшсө кана! Анда өзүлөрүнө да, уулдарына да түбөлүккө жакшы болмок+.
30 Барып, аларга: “Өз чатырларыңарга кайткыла”,— деп айт.
31 Өзүң болсо бул жерге кайра келип, менин жанымда тур. Мен сага аларга үйрөтүшүң керек болгон осуяттарымды, көрсөтмөлөрүмдү, мыйзамдарымды айтам+. Аларды мен берип жаткан жерде аткарышсын“.
32 Жахаба Кудайыңар кандай буйруса, баарын так ошондой аткаргыла+, оңго да, солго да бурулбагыла+.
33 Өлүп калбашыңар үчүн, өзүңөргө жакшы болушу үчүн, ээлегени бараткан жерде узак жашашыңар үчүн+ Жахаба Кудайыңар айткан жол менен жүргүлө+.