Накум 2:1—13

2  Сени* чачырата турган сени менен согушканы келди+. Чептүү жериңди кайтар, жолуңду жакшылап кара. Белиңди бууп, бүт күчүңдү топто+.  Жахаба Жакыптын зоболосун+ Ысрайылдын зоболосундай көтөрөт, анткени кыйратуучулар аларды кыйратышты+, алардын бутактарын сындырышты+.  Анын күчтүү кишилери кызыл калкан көтөрүп, кочкул кызыл кийим кийген+. Согушка даярданып жаткан күнү алардын майдан арабаларынын темир жабдыктары оттой жаркырайт, арча+ найзалары кылкылдайт.  Көчөлөрдө майдан арабалар чымын-куюн болуп+, аянттарда ары-бери зуулдайт. Алардын көрүнүшү шаманага окшош, алар чагылгандай жаркылдайт+.  Падыша тандамал жоокерлерин чакырат+. Алар басып баратып мүдүрүлүшөт+. Алар анын дубалдарын көздөй шашышат, бекем кылып тосмо жасашат.  Дарыялардын дарбазалары ачылат, падыша сарайы эрип жок болот.  Чечим чыгарылды. Шаар жылаңачтанды. Аны туткунга алып кетишет+. Анын күңдөрү көгүчкөндөрдөй онтошот+, төштөрүн койгулашат+.  Нинеби эзелтен эле+ суусу көп көлмөгө окшош+, бирок ал какшып баратат. «Токтогула! Токтогула!» — деп кыйкырат, бирок эч ким артын карабайт+.  Алтын-күмүшүн тоноп алгыла+, анткени анын топтогон байлыгы түгөнгүс, анын ар кандай кымбат баалуу буюмдарына сан жетпейт+. 10  Шаар ээн калды, аңгырап бош калды!+ Жүрөктөрү түшүп+, тизелери титиреп+, баарынын бели катуу ооруп жатат+. Тынчы кеткенинен алардын өңү кызарып кетти+. 11  Арстандардын жатагы, жалдуу жаш арстандардын жайы кайда? Арстан жүрчү, ал кирчү жатак кайда?+ Ал жерде анын күчүгү жашачу, аларды эч ким коркутчу эмес+. 12  Арстан күчүктөрүн тойгузуш үчүн жемин жара тартып, аны ургаачы арстандарын тойгузуш үчүн муунтуп өлтүрчү. Ал өзүнүн жатагын жемге, жаткан жайын жара тартылган жаныбарларга толтурган+. 13  «Мен сага каршы чыгам,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба+,— майдан арабаларыңды өрттөйм+, түтүн каптатам. Жалдуу жаш арстандарыңды кылыч жалмайт+. Сенин жер бетинде аңчылык кылганыңды токтотом, мындан ары кабарчыларыңдын үнү угулбайт»+.

Шилтемелер

Нинебини.