Накум 3:1—19

3  Канкор шаарга каран түн түштү!+ Ал жалгандыкка, талап-тоноочулукка толгон. Ал эч качан олжосуз калбайт!  Камчынын+ үнү, дөңгөлөктөрдүн калдыраганы угулуп жатат. Аттар жулунуп, катуу чуркап келатат, майдан арабаларынын дөңгөлөктөрү жерге тийип-тийбей келатат+.  Атчандар, жалтылдаган кылычтар, жарк-журк эткен найзалар!+ Өлгөндөр жер жайнайт, өлүктөр дөбө-дөбө болуп үйүлүп жатат, аларга эсеп жетпейт. Алар өлүктөргө чалынып жатышат.  Анткени өзүнүн сүйкүмдүүлүгү менен азгырып, сыйкырлап алган сойкунун сойкулугуна чек жок+. Ал өзүнүн сойкулугу менен элдерди торго түшүрүп, сыйкырлыгы менен урууларды арбап алды+.  «Мен сага каршы чыгам+,— дейт асман аскерлеринин Кудайы Жахаба,— этегиңди көтөрүп, бетиңе жаап, элдерге жылаңач этиңди көрсөтөм+, падышалыктардын алдында маскара кылам.  Үстүңө жийиркеничтүү нерселерди чачам+, башкаларга жек көрүндү кылам, баарына шерменде кылам+.  Сени көргөндөрдүн баары сенден качып+: „Нинеби таланып-тонолду! Ага ким боор ооруйт?“ — деп айтышат. Сени соорото тургандарды кайдан табам?  Сен, эмне, Нилдин чоң арыктарынын+ боюндагы Но-Амондон+ артыксыңбы? Аны суулар курчап турчу, анын байлыгы деңиз болчу, анын дубалы да деңиз болчу.  Эфиопия менен Мисир анын түгөнбөгөн күч-кубаты эле+. Ага Пут да, ливиялыктар да жардам берчү+. 10  Бирок ал туткундалып кеткен+, анткени ал да сүргүнгө айдалышы керек болчу. Анын балдары көчөлөрдүн кесилиштеринде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн+. Аттуу-баштуу кишилерин өкчөмө таш ыргытып бөлүп алышкан+, кадыр-барктууларынын баарына кишен салышкан+. 11  Сен да мас болосуң+, сен да жашынасың+. Сен да душмандарыңдан коргой турган чеп издейсиң+. 12  Чеп менен курчалган жерлериңдин баары эрте бышкан анжирге окшош. Аны күбүгөндө, мөмөсү түз эле жей турган кишинин оозуна түшөт+. 13  Карачы, сенин элиң аялдарга окшоп калды+. Жериңдеги дарбазаларың душмандарыңа ачылат, дарбаза бекиткичтериңди от жалмайт+. 14  Курчоого алынганда ичиш үчүн суу даярдап ал+. Чептериңди чыңда+. Балчыкка барып, ылай тебеле, кыш куйганга калып жаса. 15  Бирок ошондо да сени от жалмайт, кылычтан кырыласың+. Ал сени чегирткенин малагын жалмагандай жалмап кетет+. Чегирткенин малагындай көбөй, чегирткедей көбөй. 16  Сен соодагерлериңди көбөйттүң, алар асмандагы жылдыздардан да көп+. Чегирткенин малактары түлөйт да учуп кетет. 17  Сенин күзөтчүлөрүң да чегирткеге окшош, кол топтогон аскер башчыларың чегирткенин үйүрүнө окшош. Алар күн суукта таш дубалдардын кычыктарына корголошот да, күн тиери менен, учуп кетишет, алардын каякка кеткенин билбей каласың+. 18  Ашур падышасы, сенин койчуларың үргүлөп отурат+, аттуу-баштуу кишилериң үйлөрүндө жатат+. Элиң болсо тоолордо чачырап жүрөт, аларды чогултар эч ким жок+. 19  Башыңа түшкөн мүшкүлдү жеңилдетер, жараатыңа даба болор эч нерсе жок+. Сен тууралуу уккандын баары кол чабат+. Сенин тынымсыз көрсөткөн кордугуңдан ким гана запкы тарткан жок?!»+

Шилтемелер