Накыл сөздөр 25:1—28
25 Булар да Жүйүт падышасы Хискиянын+ кишилери көчүрүп жазган Сулаймандын накыл сөздөрү+.
2 Кудайдын даңкы — ишти жашыруун сактоо+, ал эми падышалардын даңкы — ишти изилдөө+.
3 Асман бийиктиги+, жер тереңдиги+ жана падышалардын жүрөгү изилденгис+.
4 Күмүштөн кошундуну ажырат, ошондо чылк күмүш чыгат+.
5 Падышанын жанындагы ыймансызды кетир+, ошондо анын тактысы адилдик менен бекемделет+.
6 Падышанын алдында өзүңө урмат-сый ыйгарба+, улуу адамдардын ордуна турба+.
7 Өзүң тааныган аттуу-баштуу кишинин алдында кемсинтилгениңден көрө+, падышанын сага: «Бери өт»,— деп айтканы жакшы+.
8 Соттошууга шашпа. Болбосо, акыр-аягы, жакының басырынтса, эмне кыласың?+
9 Жакының менен талашыңды териштир+, бирок бирөөнүн сырын ачпа+.
10 Болбосо уккан киши сени уятка калтырат да, жамандап айткан сөздөрүңдү артка кайрый албай каласың.
11 Өз учурунда айтылган сөз күмүш идиштеги алтын алмадай+.
12 Алтын сөйкө менен таза алтындан жасалган жасалга кандай болсо, акылдуу ашкерелөөчү да уккан кулакка ошондой+.
13 Ишенимдүү кабарчы аны жибергендер үчүн оруу-жыюу маалындагы кардын салкын илебиндей+. Ал мырзаларынын жанын кубаттайт+.
14 Бербеген белеги менен мактанган киши жаансыз булут менен шамалдай+.
15 Чыдамдуулук менен башчыны да ынандырууга болот, жумшак тил сөөктү сындырат+.
16 Бал таптыңбы?+ Канча керек болсо, ошончо же; ашыра тоюп алсаң, кусасың+.
17 Жакыныңдын үйүнө көп бара бербе, болбосо ал жадап, сени жек көрүп калышы мүмкүн.
18 Жакынына каршы күбөгө өтүп, жалаа жапкан киши союлдай, кылычтай, курч жебедей+.
19 Сынган тиш менен аксаган бут кандай болсо, алаамат күнү ишенимсиздик көрсөткөн кишиге таянуу да ошондой+.
20 Күн суукта кийимин чечкен киши шакарга кычкыл шарап куйганга, кайгылуу жүрөккө ыр ырдаганга окшош+.
21 Сени жек көргөн бирөө ачка болсо, жегенге нан бер. Суусап турса, ичкенге суу бер+.
22 Ошондо анын башына чок үйөсүң+, Жахаба болсо сага тиешеңди берет+.
23 Түндүктөн соккон шамал, толгоо тартып төрөгөндөй, нөшөр төктүрөт+, ал эми жашыруун сырды ачкан тил айыпталат+.
24 Ажаан аял менен бир үйдө жашагандан көрө, үйдүн чатырынын бир бурчунда жашаган артык+.
25 Чарчап-чаалыккан жанга муздак суу кандай болсо+, алыскы жерден келген жакшы кабар да ошондой+.
26 Ыймансыздын алдында адил адамдын олку-солку болгону булактын ылайланганына, кудуктун бузулганына барабар+.
27 Балды өтө көп жеген жакшы эмес+. Өздөрүнө даңк издеген адамдардын даңкы да даңкпы?+
28 Талкаланган, дубалы жок шаар кандай болсо, өзүн башкара албаган адам да ошондой+.