Некемия 1:1—11
1 Ахалиянын уулу Некемиянын сөзү+. Жыйырманчы жылы+ кислеп айында+ мен Шушан+ ак сарайында болчумун.
2 Ошондо мага Жүйүт жеринен бир туугандарымдын бири Ханани+ бир нече киши менен келди. Мен алардан туткундан+ кайтып барган+ жүйүттөр жөнүндө+, Иерусалим жөнүндө сурадым+.
3 Алар: «Туткундан кайтып барып, Жүйүт аймагында+ жашап жаткан элдин абалы абдан оор болуп турат+, аларды шылдыңдап жатышат+. Иерусалимдин дарбазалары өрттөлүп+, дубалы урап жатат»,— дешти+.
4 Муну укканда мен отуруп алып ыйладым. Көп күн кайгыга батып, орозо кармап+, асман Кудайына кайрылып+,
5 мындай дедим: «Оо, асман Кудайы Жахаба, сен коркуу сезимин туудурган+, келишимди бузбаган+, өзүңдү сүйгөндөргө жана осуяттарыңды аткаргандарга+ мээримдүүлүк көрсөткөн+ улуу Кудайсың!
6 Суранам, көз кырыңды сала көр+, бүгүн кулуңдун тиленүүсүнө кулак төшөй көр+. Мен Ысрайыл уулдарынын күнөөлөрүн, сага каршы кылган күнөөлөрүбүздү+, мойнума алып+, Ысрайыл уулдары үчүн, сенин кулдарың үчүн, күнү-түнү тиленип жатам+. Мен да, атамдын үйү да сенин алдыңда күнөөгө баттык+.
7 Биз сенин алдыңда жаман иштерди кылып+, кызматчың Муса аркылуу берген+ осуяттарыңды+, көрсөтмөлөрүң+ менен мыйзамдарыңды+ аткарган жокпуз.
8 Суранам, кызматчың Мусага айткан сөзүңдү эстей көр+. Сен ага: „Эгер ишенимсиздик кылсаңар, мен силерди элдердин арасына чачыратып жиберем+.
9 Эгер кайра мага кайрылып+, осуяттарымды аткара турган болсоңор+, туш тарапка чачырап, жердин түбүндө жашасаңар да, мен силерди кайра чогултуп+, өзүмдүн ысмым үчүн тандаган жерге+ алып келем“+,— дегенсиң.
10 Алар — сенин кызматчыларың+, сенин элиң+. Сен аларды улуу күчүң+, кубаттуу колуң менен куткарып алгансың+.
11 Оо, Жахаба, кулуңдун жана сенин ысмыңдан корккондон+ кубаныч тапкан кызматчыларыңдын тиленүүсүнө кулагыңды төшөй көр+. Сенден өтүнөм, бүгүн кулуңду колдоп+, бул кишинин көз алдында ырайым таптыра көр»+.
Ал кезде мен падышанын шарап сунуучусу болчумун+.