Некемия 10:1—39

10  Мөөр баскандар булар+: Ахалиянын уулу+ Некемия+ тиршата+, ошондой эле Ситкия,  Серая+, Азария, Жеремия,  Пашкур, Амария, Малкия,  Хатуш, Шебания, Малух,  Харим+, Меремот, Обадия,  Даниел+, Гинтон, Барух,  Мешулам, Абия, Миямин,  Мазия, Билгай жана Шемая. Булар дин кызматчылар болушкан.  Мөөр баскан лебилер: Азаниянын уулу Жешуя+, Хенадаттын уулдарынан+ Бинуй, Кадмиел жана 10  алардын бир туугандары Шебания+, Одия, Келита, Пелая, Ханан, 11  Миха, Рекоп, Хашабия, 12  Закур, Шеребия+, Шебания, 13  Одия, Бани жана Бенину. 14  Мөөр баскан эл башчылары: Парош, Пахатмаап+, Эйлам, Зату, Бани, 15  Буни, Азгат, Бебай, 16  Адония, Бикбай, Адин, 17  Атер, Хиския, Азур, 18  Одия, Хашум, Безай, 19  Харип, Анатот, Небай, 20  Махпиаш, Мешулам, Хезир, 21  Мешезабел, Садок, Жадуя, 22  Пелатия, Ханан, Аная, 23  Ошуя, Ханания, Хашуп, 24  Алокеш, Пилха, Шобек, 25  Рехум, Хашабна, Маасея, 26  Ахия, Ханан, Анан, 27  Малух, Харим жана Баанак. 28  Калган элдин баары, дин кызматчылар+, лебилер+, дарбазачылар+, ырчылар+, нетиндер+, ошондой эле чыныгы Кудайдын мыйзамын+ аткаруу үчүн башка элдерден бөлүнгөндөр+, алардын аялдары, уул-кыздары — антты түшүнө алгандардын баары+ 29  бир туугандарынын+ арасындагы аттуу-баштуу кишилерге+ кошулуп, чыныгы Кудайдын өзүнүн кызматчысы Муса аркылуу берген мыйзамын+ аткарып+, Теңирибиз Жахабанын бүт осуяттарына, мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүнө+ карманабыз+ деп каргыш сөздөрүн+ айтып ант беришти+. 30  Биз бул жердеги элдер менен кыз алышып, кыз беришпейбиз деп да ант бердик+. 31  Ишемби күнү эгин-тегинин же дагы башка нерсесин сатыш үчүн келген бөтөн элдерден+ ишемби күнү+ же ыйык деп эсептелген башка күнү+ эч нерсе сатып албайбыз, ошондой эле жетинчи жылы жерди эс алдырабыз+, бардык карыздарыбызды кечебиз+. 32  Андан сырткары, ар бирибиз Кудайыбыздын үйүндөгү кызмат үчүн жылына шекелдин үчтөн бир бөлүгүн берип турууга милдеттенме алдык+. 33  Аны биз ар бир ишембиде+ жана ай жаңырганда+ дайыма алынып келчү нан курмандыгы+, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен үстү-үстүнө коюла турган нандар үчүн+, майрамдар+ менен ыйык нерселер үчүн+, Ысрайылды күнөөдөн арылта турган күнөө курмандыгы+ менен Кудайыбыздын үйүндөгү башка бардык иштер үчүн беребиз+. 34  Ошондой эле Кудайыбыздын үйүнө, мыйзамда жазылгандай+, Жахаба Кудайыбыздын курмандык жайында жагыла турган+ отунду+ дин кызматчылардын, лебилердин жана калган элдин кайсы тукуму жыл сайын кайсы убакта алып келерин аныктоо үчүн өкчөмө таш ыргыттык+. 35  Андан сырткары, биз Жахабанын үйүнө жыл сайын жерибизден жана жемиш бактарыбыздын+ бардык түрүнөн алган биринчи түшүмүбүздү алып келип турууну+ убада кылдык. 36  Ошондой эле Кудайыбыздын үйүнө, Кудайыбыздын үйүндө кызмат кылып жаткан дин кызматчыларга+, мыйзамда жазылгандай+, тун уулдарыбыз+ менен малыбыздын биринчи төлүн+, бодо жана майда малыбыздын биринчи төлүн+, алып келебиз. 37  Кудайыбыздын үйүндөгү ашканаларга+, дин кызматчыларга буудайдын акшагын+, ар кандай бактардын мөмөлөрүн+, тартуу+, жаңы шарап+, май+ беребиз. Ал эми лебилерге жерибизден алган түшүмүбүздүн ондон бир бөлүгүн беребиз+, анткени жер иштетилген бардык шаарлардагы түшүмдүн ондон бир бөлүгү лебилерге берилиши керек. 38  Лебилер ондуктарды алып жатканда, дин кызматчы, Арундун уулу, алардын жанында болушу керек. Лебилер болсо алган ондуктарынын ондон бир бөлүгүн Кудайыбыздын үйүнө+, кампанын ичиндеги ашканаларга+ бериши керек. 39  Ысрайыл уулдары менен лебилердин уулдары тартуу+ катары берилген данды, жаңы шарап+ менен майды ыйык жайга тиешелүү нерселер турган жана дин кызматчылар, дарбазачылар+ менен ырчылар+ кызмат кылган+ ашканаларга алып келиши керек. Биз Кудайыбыздын үйүндөгү кызматты колдоп турабыз деп чечтик+.

Шилтемелер