Некемия 11:1—36
11 Элди башкарган төрөлөр+ Иерусалимге отурукташышты+. Ал эми калган элдин арасынан ыйык шаарда+, Иерусалимде, жашаганга ар бир он кишинин бирин тандаш үчүн өкчөмө таш ыргытышты+. Алардын калган тогузу башка шаарларга отурукташышты.
2 Эл Иерусалимге өз ыктыяры менен+ көчүп баргандардын баарына батасын берди+.
3 Дубан+ башчылары да Иерусалимге отурукташышты+. Ал эми калган ысрайылдыктар+, дин кызматчылар+, лебилер+, нетиндер+ жана Сулаймандын кызматчыларынын уулдары+ Жүйүт жериндеги башка шаарларда, өздөрүнүн шаарында+, өздөрүнүн менчик жеринде жашашты.
4 Жүйүт уулдары менен Бенжемин уулдарынын айрымдары Иерусалимге отурукташышты+. Жүйүт уулдарынын дубан башчылары: Узиянын уулу Атая (Узия Закарыянын, Закарыя Амариянын, Амария Шепатиянын, Шепатия Перестин тукумдарынан+ болгон Маалалилдин уулу болгон),
5 ошондой эле Барухтун уулу Маасея. Барух Колхозенин, Колхозе Хазаянын, Хазая Адаянын, Адая Жоариптин, Жоарип Закарыянын уулу болгон. Закарыя Шелахтын тукумдарынан болгон.
6 Перестин Иерусалимде жашаган уулдарынын жалпы саны 468. Алардын баары жөндөмдүү кишилер болушкан.
7 Бенжемин уулдарынын+ дубан башчылары: Мешуламдын уулу Салу+ (Мешулам Жоеттин, Жоет Педаянын, Педая Колаянын, Колая Маасеянын, Маасея Итиелдин, Итиел Жешаянын уулу болгон),
8 андан кийин Габай менен Салай, бардыгы биригип 928 киши.
9 Ошондой эле аларга көзөмөлдүк кылган Зихринин уулу Жоел жана шаардагы экинчи көзөмөлчү Асенуйдун уулу Жүйүт.
10 Дин кызматчылар: Жоариптин+ уулу Жедая, Жахин+ жана
11 чыныгы Кудайдын үйүндөгү башчылардын бири Серая (ал Хилкиянын, Хилкия Мешуламдын+, Мешулам Садоктун+, Садок Мераоттун, Мераот Акитуптун уулу+ болгон),
12 ошондой эле алардын Кудайдын үйүндөгү иштерди аткарган бир туугандары+, бардыгы биригип 822 киши. Андан сырткары, Жерохамдын уулу+ Адая (Жерохам Пелалиянын, Пелалия Амзинин, Амзи Закарыянын, Закарыя Пашкурдун+, Пашкур Малкиянын уулу+ болгон) жана
13 анын бир туугандары, бардыгы биригип 242 тукум башчы+. Андан сырткары, Азарелдин уулу Амашсай (Азарел Аказайдын, Аказай Мешилемоттун, Мешилемот Имердин уулу болгон) жана
14 анын бир туугандары, бардыгы биригип 128 күчтүү, эр жүрөк киши+. Аларга атактуу үй-бүлөдөн болгон Забдиел көзөмөлдүк кылган+.
15 Лебилер+: Хашуптун уулу Шемая. Хашуп Азрикамдын, Азрикам Хашабиянын+, Хашабия Бунинин уулу болгон.
16 Андан сырткары, лебилердин башчылары Шабетай+ жана Жозабат+. Алар чыныгы Кудайдын үйүндө сырттагы иштерге көзөмөлдүк кылган.
17 Ошондой эле даңктоо ырларын ырдагандарды+ башкарган жана тиленүү учурунда Кудайды даңктаган+ Микейдин уулу Матания+. Микей Забдинин, Забди Асаптын уулу+ болгон. Андан сырткары, өзүнүн бир туугандарынын арасында экинчи болгон Бакбукея жана Шамуянын уулу Абда. Шамуя Галалдын+, Галал Жедутундун+ уулу болгон.
18 Ыйык шаардагы+ лебилердин жалпы саны 284.
19 Дарбазачылар+: Акуп менен Талмон+ жана алардын дарбаза кайтарган бир туугандары+, бардыгы биригип 172 киши.
20 Калган ысрайылдыктар, дин кызматчылар жана лебилер Жүйүт жериндеги башка шаарларда, ар бири өзүнүн менчик жеринде жашады+.
21 Нетиндер+ Опелде+ жашашты. Аларга Зиха менен Гишпа башчылык кылды.
22 Иерусалимде чыныгы Кудайдын үйүндөгү иштерди аткарган лебилерге Банинин уулу Узи башчылык кылды+. Бани Хашабиянын, Хашабия Матаниянын+, Матания Миханын уулу болгон. Миха+ Асаптын уулдарынан+, ырчылардан+, болгон.
23 Падыша буйрук чыгаргандыктан+, ырчылар күн сайын керектүү нерселер менен камсыз кылынып турчу+.
24 Жүйүттүн уулу Зерактын уулдарынан болгон Мешезабелдин уулу Петахия падышага элге байланышкан бардык маселелерди чечүүгө жардам берчү.
25 Жүйүт уулдарынын айрымдары жашаган аймактар+ менен аларга караштуу жерлер булар: Кириат-Арба+, Дибон жана аларга караштуу шаарлар, Жекапзел+ жана ага караштуу айыл-кыштактар,
26 Жешуя, Молада+, Бет-Пелет+,
27 Хазар-Шуал+, Беир-Шеба+ жана ага караштуу шаарлар,
28 Сыклак+, Мехона жана ага караштуу шаарлар,
29 Эн-Римон+, Сора+, Жармут+,
30 Заноах+, Адулам+ жана аларга караштуу айыл-кыштактар, Лакиш+ жана ага караштуу жерлер, Азек+ жана ага караштуу шаарлар. Алар Беир-Шебадан Ином өрөөнүнө+ чейинки жерлерге отурукташышты.
31 Бенжемин уулдары жашаган жерлер булар: Геба+, Михмаш+, Ай+, Бейтел+ жана ага караштуу шаарлар,
32 Анатот+, Ноп+, Анания,
33 Хазор, Рама+, Гитаим+,
34 Хадит, Себоим, Небалат,
35 Лот+, Оно+ жана усталардын өрөөнү.
36 Жүйүт уруусунун жеринде жашаган лебилердин айрым топтору Бенжемин уруусунун жерине отурукташышты.