Некемия 12:1—47
12 Шалтиелдин+ уулу Зоробабыл+ менен Жешуяга+ кошулуп туткундан кайтып келген дин кызматчылар менен лебилер булар: Серая, Жеремия, Эзра,
2 Амария+, Малух, Хатуш,
3 Шехания, Рехум, Меремот,
4 Идо, Гинтой, Абия,
5 Миямин, Мадия, Билга,
6 Шемая+, Жоарип, Жедая+,
7 Салу, Амок+, Хилкия, Жедая+. Булар Жешуянын+ күндөрүндө дин кызматчылардын жана алардын бир туугандарынын башчылары болчу.
8 Лебилер булар: Жешуя+, Бинуй+, Кадмиел+, Шеребия, Жүйүт жана Кудайга ыраазычылык ырларын ырдоого жооптуу болгон Матания+ жана анын бир туугандары.
9 Алардын бир туугандары Бакбукея менен Уни алардын карама-каршысында күзөттө турушчу.
10 Жешуядан Жоаким+, Жоакимден Элиашип+, Элиашиптен Жоада+ төрөлгөн.
11 Жоададан Жонатан, Жонатандан Жадуя+ төрөлгөн.
12 Жоакимдин күндөрүндө тукум башчылары+ болгон дин кызматчылар булар: Сераянын+ тукумунан Мерая, Жеремиянын тукумунан Ханания,
13 Эзранын+ тукумунан Мешулам, Амариянын тукумунан Жахонан,
14 Малухинин тукумунан Жонатан, Шебаниянын+ тукумунан Жусуп,
15 Харимдин+ тукумунан Адна, Мераоттун тукумунан Хелкия,
16 Идонун тукумунан Закарыя, Гинтондун тукумунан Мешулам,
17 Абиянын+ тукумунан Зихри, Миниаминдин тукумунан ...*, Моадиянын тукумунан Пилтай,
18 Билганын+ тукумунан Шамуя, Шемаянын тукумунан Жонатан,
19 Жоариптин тукумунан Матнай, Жедаянын+ тукумунан Узи,
20 Салайдын тукумунан Калай, Амоктун тукумунан Эбер,
21 Хилкиянын тукумунан Хашабия, Жедаянын+ тукумунан Нетанел.
22 Элиашиптин+, Жоаданын+, Жоханандын жана Жадуянын+ күндөрүндө жашаган лебилер да, тукум башчылары болгон дин кызматчылар сыяктуу эле, Персия падышасы Дарийдин башкаруусуна чейин тизмеге киргизилди.
23 Элиашиптин уулу Жоханандын күндөрүнө чейин тукум башчы+ болгон Леби уулдарынын ысымдары тарых баяндалган китепке жазылган.
24 Лебилердин башчылары Хашабия, Шеребия+ жана Кадмиелдин уулу+ Жешуя болгон. Алардын бир туугандары алардын карама-каршысында, чыныгы Кудайдын кишиси Дөөтү буйрук кылгандай, Кудайга ыраазычылык билдирип, аны даңктап турушчу+. Бир күзөт тобу экинчи күзөт тобунун жанында турчу.
25 Матания+, Бакбукея, Обадия, Мешулам, Талмон жана Акуп+ дарбазанын жанындагы кампаларды кайтарган дарбазачылар+ болчу.
26 Алар Жозадактын уулу+ Жешуянын+ уулу Жоакимдин+, башкаруучу Некемиянын+ жана дин кызматчы, көчүрмөчү+ Эзранын+ күндөрүндө кызмат кылышкан.
27 Иерусалимдин дубалынын тургузулуп бүткөнүнө байланыштуу жез табак, арфа+ жана башка кыл аспаптардын+ коштоосунда Кудайга ыраазычылык билдирип+, даңктоо ырларын ырдап+ азем өткөргөнү+ ар кайсы жерлерде жашаган лебилерди Иерусалимге чогултуш үчүн издей башташты.
28 Ырчылар Иордан өрөөнүнөн+, Иерусалимдин тегерек-чети менен нетопалыктардын+ конуштарынан,
29 Бет-Гилгалдан+, Гебанын+ тегерек-четинен жана Азмабеттен+ чогулушту. Анткени Иерусалимдин тегерегиндеги ал жерлерде ырчылардын конуштары+ жайгашкан эле.
30 Дин кызматчылар менен лебилер адегенде өздөрүн, андан кийин элди+, дарбазаларды+ жана дубалды+ ыйыкташты+.
31 Мен Жүйүт төрөлөрүн+ дубалдын үстүнө алып бардым. Анан Кудайга ыраазычылык билдирип ырдаган ырчыларды+ эки топко бөлүп, аларды коштоп жүрүш үчүн элди да экиге бөлдүм. Ал эки топтун бири дубалдын үстү менен оң тарапка, Күл дарбазасын+ көздөй жөнөдү.
32 Алардын артынан Ошая менен Жүйүт төрөлөрүнүн жарымы жөнөдү.
33 Ошондой эле алардын артынан Азария, Эзра, Мешулам,
34 Жүйүт, Бенжемин, Шемая, Жеремиялар жөнөштү.
35 Сурнай+ тарткан дин кызматчылардын уулдарынан Жонатандын уулу Закарыя баратты. Жонатан Шемаянын, Шемая Матаниянын, Матания Микаянын, Микая Закурдун+, Закур Асаптын+ уулу болгон.
36 Закарыя менен бирге анын чыныгы Кудайдын кишиси Дөөтүнүн күү аспаптарын+ көтөргөн бир туугандары: Шемая, Азарел, Милалай, Гилалай, Маай, Нетанел, Жүйүт, Хананилер баратышты. Алардын алдында көчүрмөчү Эзра+ баратты.
37 Алар Башат дарбазасынан+ ары карай жүрүп отуруп, Дөөтүнүн үйүнөн жогору жайгашкан дубал менен жогору карай басып, Дөөтүнүн шаарындагы+ тепкичтин+ үстү менен өтүштү да, чыгыштагы Суу дарбазасына+ чейин барышты.
38 Калган эл менен мен ырчылардын+, Кудайга ыраазычылык билдирип ырдагандардын, экинчи тобун ээрчип жөнөдүк. Ырчылардын ал тобу дубалдын үстү менен Меш мунарасынын+ жанынан өтүп, андан ары Жазы дубалдын+ үстү менен жөнөдү.
39 Алар Эпрайым дарбазасынан+ Эски шаар дарбазасын+ көздөй, ал жактан Балык дарбазасын+ көздөй жөнөштү. Андан ары Хананел мунарасынын+, Мея мунарасынын+ жанынан өтүп, анан Кой дарбазасынан+ өтүп, Күзөт дарбазасына барып токтошту.
40 Акыр-аягы, Кудайды даңктап ырдаган ырчылардын+ эки тобу тең чыныгы Кудайдын үйүнүн+ алдына келип турушту. Ал жерге мен, башчылардын жарымы+,
41 сурнай+ тарткан дин кызматчылар: Элиаким, Маасея, Миниамин, Микая, Элионай, Закарыя, Ханания,
42 ошондой эле Маасея, Шемая, Элазар, Узи, Жахонан, Малкия, Эйлам жана Эзер келип турдук. Израхия жетектеген ырчылар болсо жер жаңырта ырдап жатышты+.
43 Ошол күнү алар көп курмандык чалып+, кубанып-шаттанышты+. Чыныгы Кудай аларды чоң кубанычка бөлөдү+. Аялдар+ менен балдар+ да кубанып жатышты. Иерусалимде кубанып-шаттанып жаткандардын үнү алыска угулуп жатты+.
44 Ошол эле күнү кампалар+ үчүн караштырылган бөлмөлөргө+, ошондой эле тартуулар+ үчүн жана шаардын тегерегиндеги мыйзам боюнча дин кызматчылар менен лебилерге тиешелүү+ талаалардан чогулган+ биринчи түшүм+ менен ондуктар+ үчүн караштырылган бөлмөлөргө жооптуу эркектер дайындалды. Жүйүттөр дин кызматчылар менен лебилердин+ өз ордуларында турганын көрүп кубанып жатышты.
45 Дин кызматчылар менен лебилер Кудайга кызмат кылууга жана ыйыктоо кызматына байланышкан милдеттерин+ аткара башташты+. Ырчылар+ менен дарбазачылар+ да, Дөөтү менен анын уулу Сулайман бекиткен тартип боюнча, өз милдеттерин аткара башташты.
46 Анткени Дөөтү менен Асаптын убагында да ырчылардын+ башчылары бар болчу, ал убакта да Кудайга ыраазычылык билдирилип+, даңктоо ырлары ырдалчу.
47 Зоробабыл+ менен Некемиянын+ күндөрүндө бүт Ысрайыл күн сайын ырчылар+ менен дарбазачыларга тиешелүү үлүшүн бөлүп берип турчу+, ошондой эле лебилерге да ыйыкталган үлүш берип турчу+. Лебилер болсо ыйыкталган ал үлүштөн Арундун уулдарына бөлүп беришчү.
Шилтемелер
^ Сыягы, еврей текстинде ысмы жазылган эмес.