Некемия 3:1—32

3  Башкы дин кызматчы Элиашип+ дин кызматчы бир туугандары менен Кой дарбазасын+ кура баштады. Алар аны ыйыктап+, эшиктерин тагышты. Анан дубалды Мея мунарасына+ чейин, андан ары Хананел мунарасына+ чейин куруп, ыйыкташты.  Дубалдын андан аркы бөлүгүн Жерихонун тургундары+ куруп жатты, ал эми алардын жанында Имринин уулу Закур куруп жатты.  Балык дарбазасын+ Хасенаанын уулдары куруп жатты. Алар анын жыгач кашектерин орнотуп+, тээктери жана бекиткичтери бар+ эшиктерин тагышты+.  Алардын жанында Акостун уулу Уриянын уулу+ Меремот+ дубалды оңдоп жатты. Анын жанында Мешезабелдин уулу Берекиянын уулу Мешулам+, ал эми анын жанында Баананын уулу Садок оңдоп жатты.  Алардын жанында текоялыктар+ оңдоп жатышты. Бирок алардын аттуу-баштуу кишилери мырзаларына кызмат кылуудан баш тартышты+.  Эски шаардын дарбазасын+ Пасеахтын уулу Жоада менен Бесодиянын уулу Мешулам куруп жатты. Алар анын жыгач кашектерин орнотуп, тээктери жана бекиткичтери бар эшиктерин тагышты+.  Алардын жанында гибондук+ Мелатия менен мероноттук+ Жадон, дарыянын+ аркы өйүзүндөгү башкаруучуларга баш ийген+ Гибон+ менен Миспанын+ тургундары, дубалды оңдоп жатышты.  Ал эми алардын жанында алтын иштеткен зергерлердин+ бири Хараянын уулу Узиел, анын жанында болсо жыттуу майларды жасагандардын+ бири Ханания оңдоп жатты. Алар Иерусалимдин Жазы дубалга+ чейинки бөлүгүнө таш төшөштү.  Алардын жанында Иерусалим аймагынын жарымын башкарган Хурдун уулу Репая төрө оңдоп жатты. 10  Анын жанында, өзүнүн үйүнүн тушунда+, Харумаптын уулу Жедая, анын жанында Хашабнеянын уулу Хатуш оңдоп жатты. 11  Дубалдын андан аркы бөлүгү менен Меш мунарасын+ Харимдин уулу+ Малкия менен Пахатмааптын+ уулу Хашуп, 12  ал эми алардын жанында Иерусалим аймагынын экинчи жарымын башкарган Алокештин уулу Шалум төрө+ менен анын кыздары дубалды оңдоп жатты. 13  Өрөөн дарбазасын+ Ханун менен Заноахтын+ тургундары оңдоп жатты. Алар аны оңдоп, эшиктерин+, тээктерин+, бекиткичтерин+ тагышты. Ошондой эле дубалдын миң чыканагын*, Күл дарбазасына+ чейинки бөлүгүн, оңдошту. 14  Ал эми Күл дарбазасын Бет-Акерем+ аймагынын төрөсү Рехаптын уулу Малкия оңдоп жатты. Ал аны оңдоп, эшиктерин, тээктерин, бекиткичтерин такты. 15  Башат дарбазасын+ Миспа+ аймагынын төрөсү Колхозенин уулу Шалун оңдоп жатты. Ал аны оңдоп, үстүнө чатыр жасап, эшиктерин+, тээктерин, бекиткичтерин такты. Ошондой эле дубалдын Падыша багынын+ жанындагы Шела* жасалма көлмөсүнүн+ жанынан тартып Дөөтүнүн шаарынан+ түшкөн тепкичке+ чейинки бөлүгүн оңдоду. 16  Андан ары карай дубалдын Дөөтүнүн Падышалар көрүстөнүнүн+ тушуна чейинки, ошондой эле жасалма көлмөгө+ жана Күчтүүлөрдүн+ үйүнө чейинки бөлүгүн Бет-Сур+ аймагынын жарымын башкарган Азбуктун уулу Некемия төрө оңдоп жатты. 17  Дубалдын андан кийинки бөлүгүн Банинин+ уулу Рехумдун көзөмөлү астында лебилер+ оңдоп жатты. Анын жанында Кеила+ аймагынын жарымын башкарган Хашабия төрө өзүнүн аймагы үчүн оңдоп жатты. 18  Анын жанында алардын бир туугандары Кеила аймагынын экинчи жарымын башкарган Хенадаттын уулу Бабай төрөнүн көзөмөлү астында оңдоп жатышты. 19  Анын жанында Түркүктүн+ жанындагы Курал-жарак кампасына кеткен өрдүн тушундагы дубалды Миспанын төрөсү+ Жешуянын+ уулу Эзер оңдоп жатты. 20  Анын жанында Забайдын+ уулу Барух кызуу иштеп жатты+. Ал дубалдын Түркүктөн башкы дин кызматчы Элиашиптин+ үйүнүн кире беришине чейинки бөлүгүн оңдоп жатты. 21  Ал эми дубалдын Элиашиптин үйүнүн кире беришинен анын аркы четине чейинки бөлүгүн Акостун уулу Уриянын уулу Меремот+ оңдоп жатты. 22  Анын жанында Иордан өрөөнүндө*+ жашаган дин кызматчылар оңдоп жатышты. 23  Алардын жанында өздөрүнүн үйлөрүнүн тушунда Бенжемин менен Хашуп оңдоп жатты. Андан ары карай өзүнүн үйүнүн жанында Ананиянын уулу Маасеянын уулу Азария, 24  ал эми Азариянын үйүнөн тартып Түркүккө+ чейин, андан ары бурчка чейин Хенадаттын уулу Бинуй оңдоп жатты. 25  Анын жанында Узайдын уулу Палал оңдоп жатты. Ал дубалдын Түркүктүн жана Падыша үйүнөн+ чыгып турган мунаранын, Күзөтчүлөр короосундагы+ мунаранын, тушундагы бөлүгүн оңдоп жатты. Анын жанында Пароштун уулу+ Педая оңдоп жатты. 26  Опелде+ жашаган нетиндер*+ дубалдын чыгыш тараптагы Суу дарбазасынын+ жанынан чыгып турган мунарага чейинки бөлүгүн оңдоп жатышты. 27  Алардын жанында дубалдын ошол чоң мунарадан Опелдин дубалына чейинки бөлүгүн текоялыктар оңдоп жатышты+. 28  Жылкы дарбазасынан+ жогору карай дин кызматчылардын ар бири өз үйүнүн тушун оңдоп жатты. 29  Андан ары карай Имердин уулу Садок+ өзүнүн үйүнүн тушун оңдоп жатты. Анын жанында Чыгыш дарбазасынын кайтаруучусу+ Шеханиянын уулу Шемая оңдоп жатты. 30  Андан аркы бөлүгүн Шелемиянын уулу Ханания менен Залаптын алтынчы уулу Ханун оңдоп жатты. Алардын жанында Берекиянын уулу Мешулам+ өзүнүн чоң бөлмөсүнүн+ тушун оңдоп жатты. 31  Анын жанында дубалдын Кароол дарбазасынын жанындагы нетиндер+ менен соодагерлердин+ үйүнө чейинки жана бурчтагы үстүнкү бөлмөгө чейинки бөлүгүн алтын иштеткен зергерлердин+ бири Малкия оңдоп жатты. 32  Ал эми бурчтагы үстүнкү бөлмөдөн Кой дарбазасына+ чейинки бөлүгүн алтын иштеткен зергерлер менен соодагерлер оңдоп жатты.

Шилтемелер

Болж. м-н 445 м.
Мааниси: «чоң арык». Ал көлмөгө суу чоң арык менен агып келчү.
Иордан өрөөнүнүн төмөнүрөөк келген жери.
Б. а. ибадатканада кызмат кылган кулдар. Сөзмө-сөз: «берилгендер». Сн 3:9дун шилт-н кара.