Некемия 4:1—23
4 Дубалды кайра куруп жатканыбызды укканда Санбалат+ ачууланып+, ызаланып, жүйүттөрдү шылдыңдай баштады+.
2 Ал бир туугандарынын+ жана самариялык аскерлердин алдында: «Бул ары жок жүйүттөр эмне кылып жатышат? Өзүбүз эле бүтүрүп алабыз деп жатышабы? Курмандык чалабыз деп ойлоп жатышабы?+ Баарын бир күндө бүтүрүп коюшат бекен? Урап жаткан күйүк таштардан кайра кура алышмак беле?» — деди+.
3 Анын жанында турган Амон уулдарынан+ болгон Тобия+ болсо: «Кура беришсин, булардын таш дубалы түлкү+ секирип чыкса эле урап калат»,— деди.
4 Ошондо Некемия: «Оо, Кудайыбыз, уга көр+, биз шылдыңга калдык+. Булардын өздөрүн шылдыңга калтырып+, бөтөн жерликтерге олжо, туткун кылып бер.
5 Мыйзамсыз иштерин, кылган күнөөсүн көз жаздымында калтыра көрбө+. Булар куруучуларды кордоп жатышат, ошон үчүн буларды кечирбе»,— деди.
6 Биз дубалды тургуза бердик. Ошентип, шаарды айланта дубалды жарымына чейин көтөрүп койдук. Эл жан-дилден иштеп жатты+.
7 Иерусалимдин дубалын куруу иши алдыга жылып, бузулган жерлеринин бүтөлүп жатканын укканда Санбалат+, Тобия+, Амон уулдары+, арабиялыктар+ жана азоттуктар+ аябай ачууланышты.
8 Алар Иерусалимге кол салып, бизге тоскоолдук кылыш үчүн өз ара сүйлөшө башташты+.
9 Ошондо биз Кудайыбыздан тиленип+, алардан коргонуш үчүн күндүзү да, түнкүсүн да күзөтчүлөрдү коё баштадык.
10 Жүйүттөр: «Оор нерселерди ташыган кишилерибиздин+ алы кетип калды, урандылар болсо дагы эле көп+. Дубалды курганга өзүбүздүн күчүбүз жетпейт»,— дей башташты.
11 Душмандарыбыз болсо: «Капысынан кирип барабыз да, баарын кырып, ишин токтотуп салабыз. Алар биздин келгенибизди көрбөй да, билбей да калышат»,— деп жатышты+.
12 Бирок алардын жанында жашаган жүйүттөр бизге келип: «Душмандар туш тараптан келип, силерге кол салат»,— деп көп* жолу айтышты.
13 Мен дубалдын сыртындагы ойдуң, ачык жерлерге күзөтчүлөрдү коё баштадым. Элди тукуму боюнча бөлүп, аларга кылыч+, найза+, жаа бердим.
14 Бирок алар коркуп жатышты. Ошондо мен туруп, аттуу-баштуу кишилерине+, башчыларына+ жана калган элге: «Алардан коркпогула+. Жахабанын коркуу сезимин туудурган+ улуу Кудай+ экенин эсиңерден чыгарбагыла. Бир туугандарыңар, уул-кыздарыңар, аялдарыңар жана үй-жайыңар үчүн күрөшкүлө»,— дедим+.
15 Душмандарыбыз биздин баарын билип койгонубузду, чыныгы Кудайдын алардын ойлогон оюн ойрон кылганын билишти+. Ошентип, биз кайрадан дубалды тургузууга, ар бирибиз өз ишибизге кириштик.
16 Ошол күндөн тартып жигиттеримдин жарымы иштеп+, жарымы соот кийип, колуна найза, калкан, жаа+ кармап турушту. Төрөлөр+ болсо жүйүттөрдү колдоп, алардын артында турушту.
17 Дубалды тургузуп жаткандар менен оор нерселерди ташыгандар бир колу менен иштеп+, экинчи колуна найза+ кармап жүрүштү.
18 Ар бир куруучу белине кылыч байлап+ алып иштеп жатты+. Менин жанымда болсо сурнайчы жүрдү+.
19 Мен аттуу-баштуу кишилерге, башчыларга+ жана калган элге: «Жумуш али көп, анын үстүнө, биз бири-бирибизден алыс-алыс туруп иштеп жатабыз.
20 Ошондуктан сурнайдын үнүн угарыңар менен биздин жаныбызга чогула калгыла. Биз үчүн Кудайыбыз өзү күрөшөт»,— дедим+.
21 Ошентип, жарымыбыз иштеп жатканда, жарымыбыз таң аткандан жылдыз чыкканга чейин найза кармап турдук.
22 Андан сырткары, мен элге: «Ар бириңер кызматчыңар менен бирге Иерусалимге түнөгүлө+. Алар түнкүсүн бизди кайтарып, күндүз иштешет»,— дедим.
23 Мен өзүм да+, бир туугандарым да+, жанымдагы кызматчыларым+ менен күзөтчүлөр+ да кийимибизди чечкен жокпуз. Ар бирибиз оң колубузга найза кармап жүрдүк+.
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «он».