Некемия 7:1—73

7  Дубал тургузулуп бүтөрү менен+, мен эшиктерди салып+, дарбазачыларды+, ырчыларды+, лебилерди дайындадым+.  Андан сырткары, Иерусалимди башкарууга бир тууганым Хананини+, ошондой эле Сепилдин+ башчысы Хананияны дайындадым. Анткени башкаларга караганда ал чыныгы Кудайдан көбүрөөк корккон+ ишенимдүү киши эле+.  Мен аларга: «Күн тийип, ысыганга чейин Иерусалимдин дарбазалары+ ачылбасын. Эшиктер жабылып, бекитилип жатканда дарбазачылар жанында турушсун+. Андан сырткары, Иерусалимдин тургундарынан да күзөтчүлөр коюлсун, алардын кээ бирлери дайындалган орундарга, кээ бирлери өз үйлөрүнүн тушуна коюлсун»,— дедим+.  Шаар кенен, чоң болчу, бирок эли аз эле+, үйлөр да аз эле.  Кудайым мага аттуу-баштуу кишилерди, башчыларды, элди чогултуп, алардын санжырасын түзүүгө+ түрткү берди, ал жүрөгүмө ушундай ой салды+. Ошол убакта мен бул жакка биринчи келгендердин санжырасы жазылган китепти+ таап алдым. Ал китепте мындай деп жазылган эле:  «Бабыл падышасы Небухаданасар+ туткундап кеткендер+, дубанда+ жашагандар, кийинчерээк туткундан бошотулуп+, Иерусалим менен Жүйүт жерине, ар кимиси өз шаарына кайтып келишти+.  Алар Зоробабыл+, Жешуя+, Некемия, Азария, Рамия, Нахмани, Мордохай+, Билшан, Мисперет, Бикбай, Нехум жана Баанактар менен бирге кайтып келишти. Ысрайыл элиндеги эркектердин саны:  Пароштун уулдары+ 2 172 киши,  Шепатиянын уулдары+ 372 киши, 10  Арахтын уулдары+ 652 киши, 11  Жешуя менен Жоаптын уулдарынын+ ичинен Пахатмааптын уулдары+ 2 818 киши, 12  Эйламдын уулдары+ 1 254 киши, 13  Затунун уулдары+ 845 киши, 14  Закайдын уулдары+ 760 киши, 15  Бинуйдун уулдары+ 648 киши, 16  Бебайдын уулдары+ 628 киши, 17  Азгаттын уулдары+ 2 322 киши, 18  Адоникамдын уулдары+ 667 киши, 19  Бикбайдын уулдары+ 2 067 киши, 20  Адиндин уулдары+ 655 киши, 21  Хискиянын үйүнөн Атердин уулдары+ 98 киши, 22  Хашумдун уулдары+ 328 киши, 23  Безайдын уулдары+ 324 киши, 24  Хариптин уулдары+ 112 киши, 25  Гибондун уулдары+ 95 киши, 26  Бетлехем+ менен Нетопанын тургундары+ 188 киши, 27  Анатоттун тургундары+ 128 киши, 28  Бет-Азмабеттин тургундары+ 42 киши, 29  Кириат-Жеаримдин+, Кепиранын+ жана Бейроттун+ тургундары 743 киши, 30  Рама+ менен Гебанын+ тургундары 621 киши, 31  Микмастын тургундары+ 122 киши, 32  Бейтел+ менен Айдын+ тургундары 123 киши, 33  башка Небонун тургундары+ 52 киши, 34  башка Эйламдын уулдары+ 1 254 киши, 35  Харимдин уулдары+ 320 киши, 36  Жерихонун тургундары+ 345 киши, 37  Лоттун+, Хадиттин+ жана Ононун+ тургундары 721 киши, 38  Сенайдын уулдары+ 3 930 киши. 39  Дин кызматчылар: Жешуянын үйүнөн Жедаянын уулдары+ 973 киши, 40  Имердин уулдары+ 1 052 киши, 41  Пашкурдун уулдары+ 1 247 киши, 42  Харимдин уулдары+ 1 017 киши. 43  Лебилер: Одебанын уулдарынын+ ичинен Жешуя менен Кадмиелдин уулдары+ 74 киши. 44  Ырчылар+: Асаптын уулдары+ 148 киши. 45  Дарбазачылар+: Шалумдун+, Атердин, Талмондун+, Акуптун+, Хатитанын жана Шобайдын уулдары+ 138 киши. 46  Нетиндер+: Зиханын, Хасупанын, Табаоттун+, 47  Керостун, Сиянын, Падондун+, 48  Лебананын, Хагабанын+, Салмайдын, 49  Ханандын+, Гиделдин, Гахардын, 50  Реайдын+, Резиндин+, Некоданын, 51  Газамдын, Узанын, Пасеахтын, 52  Бесайдын+, Меунимдин, Непушесимдин+, 53  Бакбуктун, Хакупанын, Хархурдун+, 54  Базлиттин, Мехиданын, Харшанын+, 55  Баркостун, Сисеранын, Тамахтын+, 56  Незианын жана Хатипанын уулдары+. 57  Сулаймандын кызматчыларынын уулдары+: Сотайдын, Сопереттин, Периданын+, 58  Жааланын, Даркондун, Гиделдин+, 59  Шепатиянын, Хатилдин, Похерет-Себайымдын жана Амондун уулдары+. 60  Нетиндер+ менен Сулаймандын кызматчыларынын уулдарынын жалпы саны 392 киши. 61  Тел-Мелахтан, Тел-Харшадан, Керуптан, Адондон, Имерден келген+ жана өздөрүнүн кайсы тукумдан экенин, ата-теги ысрайылдыкпы же жокпу, айта албай койгондор булар: 62  Делаянын, Тобиянын жана Некоданын уулдары+. Баары биригип 642 киши. 63  Дин кызматчылар+: Хабаянын уулдары, Акостун уулдары+ жана гилаттык Барзелайдын кызын алып+, алардын аты менен аталып калган Барзелайдын+ уулдары. 64  Алар ата-тегин аныкташ үчүн санжырадан өздөрүнүн атын издешти, бирок таппай коюшту+. Ошол себептен дин кызматчы болууга жараксыз болуп калышты+. 65  Ошондуктан тиршата*+ аларга урим+ менен тумимди+ колдонгон дин кызматчы болмоюнча абдан ыйык нерселерден жегенге болбой турганын айтты+. 66  Жыйналыштын бардыгы биригип 42 360 киши болду+. 67  Алардан сырткары, кулдар+ менен күңдөрдүн саны 7 337+, ал эми ырчы эркек-аялдардын+ саны 245 болду. 68  Алардын 736 жылкысы, 245 качыры бар эле.+ 69  Ошондой эле 435 төөсү, 6 720+ эшеги+ бар болчу. 70  Тукум+ башчыларынын+ айрымдары жумушка керектүү нерселерди беришти+. Тиршата+ казынага 1 000 алтын драхма*, 50 табак, дин кызматчылар кие турган 530 узун көйнөк берди+. 71  Тукум башчыларынын жумушка керектеш үчүн казынага бергендерин эсептегенде, 20 000 алтын драхма, 2 200 күмүш мина* болду+. 72  Калган эл болсо 20 000 алтын драхма, 2 000 күмүш мина, дин кызматчылар кие турган 67 узун көйнөк берди. 73  Ошентип, дин кызматчылар+, лебилер, дарбазачылар, ырчылар+, элдин арасынан айрымдар, нетиндер+ жана ысрайылдыктардын баары өз шаарларында жашап калышты+. Жетинчи айда+ Ысрайыл уулдарынын баары өз шаарларында жашап калышкан болчу»+.

Шилтемелер

Персиядагы дубандын башкаруучусунун наамы.
Эз 2:69дун шилт-н кара.
1 мина = 570 г. Грек Жазмаларындагы мина башка.