Некемия 9:1—38
9 Ошол айдын+ жыйырма төртүнчү күнү Ысрайыл уулдары чогулуп, таар* жамынып+, баштарына топурак чачып+, орозо кармашты+.
2 Ысрайылдын тукумдары бөтөн жерликтерден+ бөлүнүп+, обочо жерге туруп, күнөөлөрүн+, аталарынын кылмыштарын+ моюндарына алышты+.
3 Аларга Жахаба Кудайынын мыйзам китебинен үч сааттай*+ окуп беришти+. Алар аны өз ордуларында туруп+ угушту, анан үч сааттай күнөөлөрүн моюндарына алып+, Жахаба Кудайына таазим кылышты+.
4 Жешуя, Бани, Кадмиел, Шебания, Буни, Шеребия+, Бани, Кенанилер лебилер үчүн жасалган секичеге чыгып+, үнүн бийик чыгарып+ Жахаба Кудайына кайрылышты.
5 Андан кийин лебилер, атап айтканда, Жешуя, Кадмиел, Бани, Хашабнея, Шеребия, Одия, Шебания, Петахиялар мындай дешти: «Туруп, Жахаба Кудайыңарды түбөлүктөн түбөлүккө+ даңктагыла+. Оо, Кудай, сенин бардык атак-даңкка татыктуу улуу ысмыңды даңктай беришсин+.
6 Жахаба, сен жалгыз Кудайсың+. Асманды+, асмандын асманын жана андагы нерселерди+, жер+ менен деңизди+ жана алардагы нерселердин баарын сен жараткансың+. Алардын баарына өмүр берген сенсиң, асмандагынын+ баары сага таазим кылат.
7 Сен, Жахаба, Ыбрамды+ каздимдиктердин Ур шаарынан алып чыгып+, аны Ыбрайым деп атаган+ чыныгы Кудайсың.
8 Анын ишенимдүү* экенин көрүп+, сен ага канаандыктардын, Хеттин тукумдарынын, аморлуктардын, периздердин, жебустуктардын жана гиргаштардын жерин берем деп+, аны менен келишим түзгөнсүң+. Анан айткан сөздөрүңдү аткара баштагансың, анткени сен адилсиң+.
9 Сен ата-бабаларыбыздын Мисирде тарткан азабын көрүп+, Кызыл деңиздин жанында зарлаган үнүн уккансың+.
10 Фараон менен анын кызматчыларынын, анын элинин ата-бабаларыбызды азапка салганын көргөндүктөн+ сен аларга каршы керемет-жышаандарды көрсөткөнсүң+. Ошентип, бүгүнкү күндөгүдөй эле, ошондо да өз ысмыңдын даңкын чыгаргансың+.
11 Сен алардын алдында деңизди экиге бөлгөндө+, алар анын ортосундагы кургак жер менен өтүп кетишкен+. Аларды кууп келаткандарды болсо ташкындаган сууга+ таш чөктүргөндөй+ чөктүргөнсүң+.
12 Сен аларды күндүз булут мамы аркылуу жетектеп+, ал эми түнкүсүн от мамы+ аркылуу жолун жарык кылып+, жетектеп жүргөнсүң.
13 Синай тоосуна түшүп келип+, аларга асмандан сүйлөп+, адилеттүү жол-жоболоруңду+, чындык мыйзамдарыңды+, баалуу көрсөтмөлөрүң+ менен осуяттарыңды+ бергенсиң.
14 Сен аларга ыйык ишембиңди+ жарыялап, өзүңдүн кызматчың Муса аркылуу осуяттарың менен көрсөтмөлөрүңдү, мыйзамыңды бергенсиң+.
15 Ачка болушканда, аларга асмандан нан бергенсиң+, суусашканда, аскадан суу чыгарып бергенсиң+. Анан аларга берем деп колуңду көтөрүп ант берген+ жерди ээлеп алууну буйрук кылгансың+.
16 Бирок ата-бабаларыбыз менменсинип кетишти+. Алар тоң моюндук кылып+, осуяттарыңды аткарбай коюшту.
17 Алар сени угушкан жок+, алар үчүн жасаган кереметтүү иштериңди эстешкен жок+. Алар тоң моюндук кылып+, мурун өздөрү кул болуп жүргөн Мисирге кайра барыш үчүн өздөрүнө башчы шайлап алышты+. Бирок сен кечиримдүү+, ырайымдуу+, кайрымдуу+, ачууланганга шашпаган+, мээримдүүлүгүң чексиз+ Кудай болгондуктан аларды таштаган жоксуң+.
18 Алар куйма музоо жасап+: „Бул — бизди Мисир жеринен алып чыккан Кудайыбыз“ — деп+, сени такыр урматтабай турганын көрсөтүшкөндө да,
19 сен чексиз кайрымдуу болгондуктан аларды чөлдө калтырган жоксуң+. Аларга дайыма күндүзү булут мамы жол көрсөтүп+, ал эми түнкүсүн от мамы жолун жарык кылып турду+.
20 Акылдуу болушсун деп, аларга өзүңдүн рухуңду* берип турдуң+. Маннадан өксүткөн жоксуң+, суусунун кандырыш үчүн суу берип турдуң+.
21 Аларды чөлдө кырк жыл бою+ тамак менен камсыз кылып турдуң. Алар эч нерседен кем болушкан жок+. Кийимдери жыртылган жок+, буттары да шишиген жок+.
22 Сен падышалыктар менен элдерди алардын колуна салып берип+, алардын жерлерин бөлүп бердиң+. Алар Хешпон падышасы+ Сихондун жана Башан падышасы+ Октун+ жерлерин ээлеп алышты+.
23 Алардын балдарын асмандагы жылдыздардай көбөйттүң+. Анан ата-бабаларына убада кылган жерге+, өздөрү ээлеши керек болгон жерге, алып бардың+.
24 Алар барып+, ал жерди ээлешти+. Сен ал жерде жашаган канаандыктарды+ багындырып бердиң+. Ошондой эле алар ал жердин падышалары+ менен элдерин+ өздөрү билгендей кылышы үчүн, аларды колдоруна салып бердиң+.
25 Алар чептүү шаарлар+ менен семиз жерлерди+ басып алып, ар кандай мүлккө жык толгон үйлөрдү+, суу сакталуучу чуңкурларды+, жүзүмзарларды, зайтун бактарын+ жана башка көптөгөн мөмөлүү дарактарды тартып алышты, тойгончо ичип-жешти+, семиришти+, көп жакшылыгыңды көрүп жыргашты+.
26 Бирок алар тилиңди албай+, сага каршы чыгышты+, мыйзамыңды четке кагышты+. Аларды сага кайрып келиш үчүн эскертүү берген+ пайгамбарларыңды өлтүрүштү+, сени такыр урматтабай турганын көрсөтүштү+.
27 Ошондуктан сен аларды кысымга алган+ душмандарынын колуна салып бердиң+. Бирок башына мүшкүл түшүп сага жалбарышканда+, сен асмандан аларды угуп+, улуу кайрымдуулугуңдан улам+ душмандарынын колунан куткарган+ куткаруучуларды жиберип турдуң+.
28 Бирок бир аз тынчып, бейкут жашап калышканда алар кайрадан сенин көз алдыңда жаман иштерди кыла башташчу+. Ошондо сен кайрадан аларды кысымга алган душмандарынын колуна салып берчүсүң+. Ал эми кайра сага кайрылып, жардам сурап жалбарышканда+, сен аларды асмандан угуп+, улуу кайрымдуулугуңдан улам куткарчусуң+.
29 Аларды өзүңдүн мыйзамыңа кайрыш үчүн+ эскертүү берсең да+, алар менменсинип+, осуяттарыңды аткарышкан эмес, аткарган адамга өмүр бере турган+ мыйзамдарыңды бузуп+, күнөө кылышкан+. Өжөрдүк менен тескери бурулуп+, тоң моюндук кылып+, тил алышчу эмес+.
30 Сен аларга көп жыл бою чыдадың+, пайгамбарларыңа өзүңдүн рухуңду берип, алар аркылуу эскертүү бердиң+, бирок алар кулак салышкан жок+. Акыр-аягы, аларды бөтөн жерликтердин колуна салып бердиң+.
31 Бирок улуу ырайымыңдан улам аларды кырып салган жоксуң+, таштаган жоксуң+. Анткени сен ырайымдуу+, кайрымдуу Кудайсың+.
32 Оо, Кудайыбыз, келишимин бузбаган+, мээримдүүлүк көрсөткөн+, коркуу сезимин туудурган+ күчтүү+, улуу Кудайыбыз+, биздин, падышаларыбыздын+, төрөлөрүбүздүн+, дин кызматчыларыбыздын+, пайгамбарларыбыздын+, ата-бабаларыбыздын+ жана бүт элиңдин Ашур падышаларынын күндөрүнөн бүгүнкү күнгө чейин+ тарткан азабы+ сага аз болуп көрүнбөсө экен+.
33 Башыбызга кандай мүшкүл түшсө да, сен адилдик кылдың+. Анткени биз жаман иштерди кылсак да+, сен ишенимдүүлүгүңдөн жазган жоксуң+.
34 Падышаларыбыз, төрөлөрүбүз, дин кызматчыларыбыз, ата-бабаларыбыз+ сенин мыйзамыңды аткарышкан жок+, осуяттарыңа жана аларды ашкерелеген насааттарыңа+ көңүл бурушкан жок+.
35 Алар падышаларынын убагында+ бүт жакшылыктарыңды көрүп+, сен берген кенен, семиз жерде жашашса да+, сага кызмат кылышкан жок+, жаман иштерин ташташкан жок+.
36 Мына, эми биз кул болуп жүрөбүз+, сен ата-бабаларыбызга жемишинен, түшүмүнөн жесин деп берген жерде кул болуп жүрөбүз+.
37 Бул жердин мол түшүмүн+ сен бизди күнөөбүз үчүн+ багындырып берген бөтөн жерлик падышалар жеп жатат+. Алар бизге да, малыбызга да өздөрү каалагандай ээлик кылып, бизди азапка салып жатышат+.
38 Ошондуктан биз жазуу түрүндө салтанаттуу убада берип+, аны төрөлөрүбүздүн, лебилерибиз менен дин кызматчыларыбыздын+ мөөрү менен бекитип жатабыз»+.
Шилтемелер
^ Салт боюнча, аны кайгырганда, күйүт тартканда ж. б. у. с. учурларда кийишчү же колдонушчу.
^ Сөзмө-сөз: «күндүн төрттөн бир бөлүгү».
^ Сөзмө-сөз: «сенин алдыңда жүрөгү ишенимдүү».
^ Сөзмө-сөз: «жакшы рухуңду».